Пример HTML-страницы

Орловка шаарында мектеп окуучулары балдар үйүнө алынып келип, ата-энелер милицияга кайрылышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында ата-энеси бар окуучуларды жетим катары каттатып, демөөрчүлөрдөн жардам алынганын жергиликтүү тургундардын бири Салтанат Урулдаева билдирди.

Анын айтымында, Орловка шаарында жайгашкан «Нурмээайса» балдар үйүндө 18 бала тарбияланат. Бирок, демөөрчүлөргө 70 баланын санын көрсөтүп, жардам алышкан.

«Жергиликтүү бийлик көз жумуп, бул иш жабылып калды. Бул окуя 2022-жылдын 16-сентябрында болду. Балдар үйүндө 18 бала жашаса, мектеп окуучуларынан 34 баланы алып барышып, 70 бала жашайт деп катташкан. Балдар үйү үчүн 168 керебет бардык комплект менен алынган. Ашыкча сан көрсөтүп, ашыкча жардам алыш үчүн окуучу балдарды курал катары колдонушкан», — деди ал.

Бул боюнча Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы, акимдин орун басары Айгүл Курманалиева төмөнкүдөй жооп берди.

«Акимдин орун басары катары социалдык тармакты карайм. Социалдык мекемелердин кем-карчысын толуктоо, материалдык базасын чыӊдоого көмөк көрсөтүү максатында инвесторлор менен иштешип келем. Кемин району көп жылдан бери тыгыз ишин алып барган «Лайф Эйд» кайрымдуулук фонду бар. Аталган фонд аркылуу районго бир топ инвестициялар келген. Айта кетсек, ФАПтар салынды, эмеректер алынды, кыш мезгилине көмүр, жылуу кийим, азык-түлүк таратылды.

2022-жылдын июнь айында «Лайф Эйд» фондунун директору телефон чалып, эмеректерди алуу боюнча долбоор бар экенин маалымдады. Менден кандай социалдык мекемелер бар деп сураганда, «Нурмээайса» үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөтүү борбору бар экендигин айттым. Келип көргөн инвесторлорго бул борбордун сыйымдуулугу 70 орун, бүгүнкү күндө 30га жакын бала бар экендигин айттым. Ошондой эле, буга чейин Кемин шаарынын мэриясы да бала бакчага эмерек керектиги боюнча кат менен кайрылганы тууралуу сөз болду. 2022-жылдын август айынын башында инвестор чалып, биздин районго эмерек бөлүнө турганын айтышты. Борбордун жетекчисине айтып коюӊуз, кабыл ала берсин деп суранышты. Мен борбордун жетекчисине чалып, эмеректерди кабыл ала бериӊиз, андан кийин комиссия менен бөлүштүрөбүз дедим. Эмеректер 168 балага ылайыкталган. Инвесторлор 2 жолу келебиз деп, ар кандай себептер менен келе албай калышты. Август айында райондун деңгээлинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын апалары менен бирге иш-чара өткөрдүк. 15-сентябрда инвесторлор чалып, Ысык-Көл тарапка өтүшөрүн, жолдон кире кетишерин билдиришти. 16-сентябр күнү «Нурмээайса» борборуна саат 11:30да келишти. Алар алып келген эмеректерди «Нурмээайсанын» балдары менен видеого тартышты. Башка эч ким эч кандай видеого тартылган жок. Андан кийин инвестор: «Сиздерге, бул борборго 70 балага деп эмерек берип жатпайбызбы. Мүмкүн болсо дагы балдар болсо, бул жерге алып келсе болобу?» деп суранды. Мен Орловка шаарынын Орловка №2 орто мектебинин директоруна телефон чалып, 14 окуучу жиберүүсүн сурандым. Андан кийин дагы бир класстын окуучуларын жиберүүнү сурандым. Борборго класс жетекчи менен келишти. Ошентип инвестор борбордун эмеректер турган бөлмөлөрүндө окуучуларды видеого тартты. Балдар 15-20 мүнөт борбордо болуп, класс жетекчинин коштоосу менен мектепке кетишкен. Келерки жумада келип, комиссия менен 70 даана эмеректи борборго калтырып, калганын суранган социалдык объектилерге берели деп сүйлөштүк. 17-сентябрь күнү саат 24:00 чамасында мага бир тургун телефон чалды (4-класстын окуучусунун атасы). Мен жагдайды түшүндүрдүм. Балдардын ата-энелеринен окуучуларды уруксаты жок чакыртып алганым үчүн кечирим сурайм», — деди ал.

Анын айтымында, ата-энелер Кемин РИИБге арыз менен кайрылышкан.

«Ата-энелер Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын кабыл алуусунда да болушту. Жагдай каралып, ал жерден да түшүнүк берип, кечирим сурадым. Эч кандай жаман оюм жок иш кылганымды айттым. Район башчысы, РИИБ мага чара көрсө макулмун дедим. Бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын. РИИБдин сурагына дагы барып келдим. Бүгүнкү күндө РИИБге жазылган арыз боюнча иш каралып жатат. Ошондой эле, аким тарабынан мага катуу чара берилди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE