Организмге эмне жетпегенин кантип билүүгө болот?
Адамдын организмине белгилүү бир микроэлементтер жетишпей турган убакыт болот. Кээ бир күндөрү ачуу, кээ бир күндөрү таттуу жегиңиз келсе, кээде керек болсо эмне жегиңиз келип турганын өзүңүз да билбейсиз. Мындай учурда эмне кылуу керек?
Эң биринчи организмдин кандай тамактарга табити тартып турганын билүү керек. Жегиңиз келген тамактын курамын аныктаган оң.
Организмге кальций жетишпесе…
Эгер сиз майлуу тамак жегиңиз келип турса, анда сиздин организмиңизге кальций жетишпестигинен болушу мүмкүн. Кальций – адамдын сөөк системасынын негизги элементти. Ал сөөктүн сактыгы менен бекем болушун камсыз кылат.
Кальций быштакта, бардык сүт азыктарында, буурчакта, брокколиде кездешет.

Катуу куурулган эт, картошка каалап жатсаңыз, организмге көмүрсуулар жетишперин билип жүрүңүз. Андай учурда алма, алмурт жана башка мөмө же жер жемиштерди жеген оң.
Газдалган суусундуктарды ичкиңиз келип турса, сиздин организмиңизге кальций жетишпейт. Ал үчүн жогоруда айтып кеткендей, сүт азыктарын, маш буурчак, быштак жеш керек.
Хлорид менен магний жетишпесе…
Ал эми туздуу тамактарга табитиңиз тартып турса, анда организмге хлорид жетишпеши мүмкүн. Адатта, балык же деңиз тузу хлориддин ордун толтурууга жардам берет.

Эгер шоколад жегиңиз келе берсе, сиздин организмге магнийдин жетишпестиги байкалат. Тамактын курамында магнийдин өлчөмү кальцийдин өлчөмүнүн жарымына тең келүүсү керек. Магнийдин ордун толтуруу үчүн гречка, таруу, буурчак, шпинаттан жасалган тамактар жеш керек же жаңгак чаккан оң.
Тирозин организмге керек болсо…
Күндүз да, түнү да тамак жегиңиз келе берсе, чамасы сизге организмиңизге тирозин жетишпейт. Тирозин печеньеде, таттуу картошкада жана мейизде болот.
Тирозин – фенилаланин аминкычкылынан түзүлгөн аминкычкылынын кыскартылган аты. Тирозин маанайды жакшыртууга, табитти басууга жардам берет, адамды стресстик абалдан сабырдуу абалга түшүрөт жана калканча безинин жумушун иреттейт. Организмиңизге тирозин керек болсо апельсин, мандарин, грейпфрут, жашыл же кызыл алма, авокадо, жашыл же болбосо кызыл мурч, бадыраң жеңиз.
Тирүүчүлүк мыйзамы боюнча организмде ар дайым зат алмашуу процесси жүрүп турушун талап кылат. Ал организмибизге химиялык элементтер жеген тамак менен ичкен суубуздан түшөт. Эгер узак убакыт белгилүү бир тамакка табитиңиз тартып турса, милдетүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз.