ООЗУНУЗДАН ЖАМАН ЖЫТ ЧЫГЫП ЖАТАБЫ?
Кээ бир азыктарды кабыл алган соң ооздон жагымсыз жыт келет. Маселен чийки пияз же сарымсак жегенден кийин. Бирок, сарымсак менен пияз жегенден сырткары да алты себептин натыйжасында ооздо жагымсыз жыт пайда болот.
Мурундун бүтүшү
Сасык тумоо тийип, мурдуңуз аркылуу жакшы дем ала албай кыйналган учурда оозду ачып дем алууга мажбур болобуз. Ал эми ооз аркылуу кирген аба талапка жооп бербегендиктен жагымсыз жыт пайда кылат. Себеби аба, озду тазалоочу ооз көңдөйүнөн чыккан шилекейди кургатып салат. Шилекей канчалык аз болсо, бактерия ошончолук көп болот. Мындай учурда курамында канты жок сагыз жардамга келет. Ал шилекейдин бөлүнүп чыгуусун жакшырат.
Сыналгы көрүп жатканда тамактануу
Бактериялар таттууну абдан жакшы көрүшөт эмеспи. Андыктан сыналгы көрүп отуруп таттуу жеген сайын жаактын ички катмарындагы микробдор да абдан «кубанышат». Ооздо таттуудан калган даам кармалып турган учурда бактериялар бат эле көбөйүп кетет. Андыктан сыналгы көрүп отурганда таттуу жебей эле койгон оң болот.
Ооз чайкоочу каражаттар
Туура. Кээ бир атактуу үлгүдөгү фирмалар ооз чайкоочу антибактериялдык каражаттарды чыгарышат. Алардын курамында 27 пайызга чейин спирт болот. Ал оозду кургатууга алып келет да ооздон жаман жыт бөлүп чыгара баштайт. Андыктан мындай каражаттарды колдонбой эле коюңуз.
Аз калориялуу диета
Эгерде сиз арыктоо максатында тамактануу эрежеңизге көмүртек жана майларды аз кабыл алуу кирсе, анда денеңиздин ашыкча аммиак иштеп чыгуусуна түркү берген болосуз. Ал болсо, тамак сиңирүүнү начарлатат. Дем алуу органдарына таасирин тийгизет. Демек, узак убакытка аз калориялуу диетага отурсаңыз оозуңуз өтө эле жаман жыттана баштайт.
Грамотрицателдик бактерия
Ооздогу көптөгөн бактериялардын арасынан эң эле жагымсызы дал ушул бактерия болуп эсептелет. Ал айрыкча тилдин жарылган жерлерине терең жайгашып алат. Андыктан тиш жуушаг учурда тилди кошо щётка менен сүртүп туруу маанилүү.
Нервдин чыңалуусу
Жүрөгүңүз катуу соксо, алаканыңыз тердесе, стресске кабылсаңыз ал оозуңуздун кургашына алып келет. Андыктан мындай учурда ар дайс суусундук ичиңиз.
1 стакан сүт- ооздон чыккан жагымсыз жытты кетирүүчү эң мыкты каражат
Андыктан жагымсыз жыт чыгарууга себе болгон тамак- аш колдонууда же жогорудагы себептерге кабылууда бир стакан сүт ичип коюу сунушталат. Ар бир тамактануудан кийин ичсеңиз да пайдалуу.