Муздаткычка эмне сактоого болбойт?

https://kyrgyzcha.site/?p=54720&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Муздаткычка эмне сактоого болбойт?

 

Албетте муздаткыч адамга пайдасы чоң технологиянын жетишкендиги. Бирок муздаткычта да сактоого болбой турган азык-түлүктөр бар экен.

 

Консервалар, кургатылган тамактар менен сироптор. Булар муздаткычта орун гана ээлейт. Аларды караңгы, кургак, муздак жерге койсо да болот.

 

Катуу жер-жемиштер (картошка, сабиз, пияз) муздаткычта тез бузулат. Андан көрө аларды желим кургак ящикте, пакеттерде сактаган оң.

 

Ашкабак менен коон муздаткычта көп тургандан бузулат экен.

 

Тропикалык жемиштер төмөнкү температурада уулу заттарды бөлүп чыгарып, чирий баштайт. Цитрус жемиштерин текчелерге койгон туура.

 

Анар жана курма жемиштери да суукка чыдабайт. Аларды кагазга ороп, бөлмө темпаратурасында кургак жерде сакталганы жакшы.

 

Шоколад менен конфеттердин бетинде төмөнкү температураларда конденсат бөлүнүшү мүмкүн. Ал кургап, шоколаддын бетинде канттын кичинекей кристаллдары калат.

 

Зайтун майын да муздаткычка салбаган жакшы. Суукта ал дамын жоготушу мүмкүн.

 

Балдын пайдалуу касиети муздакта жоголуп кетет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️