Мурч (кара калемпир деп да айтылат)

https://kyrgyzcha.site/?p=63425&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Мурч (кара калемпир деп да айтылат) – лиана сыяктуу чырмалып өсчү өсүмдүк. Мекени – Индия. Тактап айтканда, Керала

(мурун Малихабар. Кыргызча которгондо “мурчтун мекени” дегенди билдирет) аймагы. Мурч өсүмдүгүнүн бийиктиги 15 метрге дейре жетет. Бир жылда 2 ирет мөмө берген мурч 25-30 жыл жашайт.

Татымал катары өстүрүлөт. Атайын иштетүүдөн өткөрүп, ак, кара, жашыл жана кызыл түрлөрүн да алышат.

Кара мурч. Өсүмдүктүн анча быша элек мөмөлөрүн чогултуп, дароо кайнак сууга салышат. Андан соң кургатышат. Кургаган мөмөлөр кара өңдө болуп калат.

Ак мурч. Бышкан мөмөлөрдү 1 апта сууга салып, сырткы кабыгын жумшартып алышат. Кабыгынан ажырап, ак өңдө болуп калган мөмөлөрдү кургатып коюшат.

Жашыл мурч. Быша элек мөмөлөрүнө кү­күрттүн диоксидин кошуп кургатышат.

Пример HTML-страницы

Кызыл мурч. Муну алуу деле жашыл мурч сыяктуу жүрөт. Бирок кургатканда күкүрт диоксидинин ордуна башка химиялык затты кошушат.

Жашыл жана кызыл мурчту маринаддашат жана жаңы бойдон колдонушат. Кара мурч бүтүн, тоголок бойдон жана майдаланган түрүндө пайдаланылат. Мурч – ичтейди ачып, тамактын аш болушуна жардам берет. Суюк жана коюу тамактарга, соустарга, салаттарга, маринадга, томаттарга жана башкаларга кошулат.

Колдонулушу

Тери оорусунда. Хнага кошулган мурчтун упасы көп элдерде тери ооруларын, анын ичинде малдан жугуучу чакалайды

(темирөткү) айыктырууда колдонулат.

Дем алуу жана башка органдардын оорусунда. Ангинада, жөтөлдө, бронхитте 1 аш кашык майдаланган мурчту 1 стакан таза балга аралаштырып, 2 маал 1 аш кашыктан кабыл алуу талап кылынат. Ушул эле рецепт этек кир кармалганда же келбей калганда колдонулат жана заара кубалоочу каражат катары да эсептелет.

Эркектердин бел кубаты төмөндөгөндө 10 аш кашык майдаланган мурч менен 10 аш кашык кумшекерди аралаштырып алуу кажет.

Анан даяр аралашмадан жарым чай кашыктан 1 стакан сүткө салып, аралаштырып ичүү сунушталат.

Куяңда, остеохондроздо, муундардын оорусунда төмөндөгүдөй рецепт колдонулат. 1 стакан зайтун майына

(оливка) 1 аш кашык майдаланган кара мурч кошуп, жай күйгөн отко коюп 5-10 мүнөт кайнатуу кажет. Майдын илеби кайтканда сүзүп алып, ооруган жерге шыбай берсе болот.

Ич көпкөндө 1 лавр жалбырагы менен 1 тоголок мурчту майдалап, аралаштыруу кажет. Муну жылуу чай менен ичүү сунушталат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️