МУНУ БИЛГЕНДЕН КИЙИН КҮНДҮЗГҮ УЙКУГА БОЛГОН МАМИЛЕҢ ӨЗГӨРӨТ!
Көпчүлүгүбүз уйкуга түнкү убакты бөлүп, күндүзү болсо күнүмдүк түйшүк менен алек болобуз. Коомдо, эгер адам күндүз уктаса, же ал жеткен жалкоо, же жашоосунда эч кандай кызык нерсе жок келесоо деген ой калыптанып калган. Бирок физиологдор, адам күндүз бир эле жолу эмес, жок дегенде эки жолу уктап алганы жакшы деген чечимге келишти.
ПОРТАЛ KG эмнеге күндүзгү уйку пайдалуу жана ага канча убакыт бөлүш керек экенин айтып берет. Сенин организмиң ыраазы эле болот.
Күндүзгү уйку
Дүйнө окумуштуулары адамдын уйкусу тууралуу көптөгөн эксперименттерди өткөрүп, кызыктуу жыйынтыкка келишти. Өзүңдү жакшы сезип жүрүү үчүн – күндүз эки саат, түнкүсүн төрт саат укташ керек дейт. Азыркы жашоо ритминде күндүзгү уйкуга эки саат бөлүш оор дечи. Ошондуктан оптималдуу вариант болуп, 6-8 саат түнкү уйку менен 15 мүнөттөн 1 саатка чейинки күндүзгү уйку эсептелет.
Кээ бир өлкөлөрдө, жумуш убагынын ортосунда 20 мүнөттү кызматкерлер “тук этип” алганга бөлүшөт. Мындай методика эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатаарын көргөзгөн, анткени күндүзгү уйку организм үчүн эң пайдалуу.
Күндүзгү уйкунун пайдасы
1. Күндүзгу уйку адамдын маанайынын күн бою жакшы болуусуна өбөлгө түзөт. Ал организмдеги бакыт сезимине жооп берчү серотониндин деңгээлин көтөрөт. Бул адамды өзүн жайбаракат жана ишенимдүү алып жүрүүсүнө шарт түзөт.
2. Күндүзгү уйку адамдын, келип жаткан маалыматты башкара билүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртаары далилденген. Эгер сенде абдан чыңалган күн болуп жатса, маанилүү чечим кабыл алардын алдында бир аз “тук этип” ал. Аны менен сен жагдайды жакшы жана туура талдай аласың.
3. Кырк мүнөттүк күндүзгү уйку эффекти 200 мг кофеин кабыл алган менен барабар. Уйку сага максималдык сергүү гана алып келбестен, кыраакылыгыңды да көтөрөт.
4. Леонардо да Винчи күндүз бир нече жолу уктап, бирок түнкү уйкуну минимумга жеткиргени менен белгилүү. Мындай жашоо образы адамдын чыгармачылык потенциалын көтөрөт деген жыйынтыкка келсек болот. Балким, бул жакшы эс алган адамда болчу сезимдердин курчушу менен байланыштуу.
5. Жакшы эс алуу эс тутумдун курчушуна алып келээри да далилденген. Жумуш убагында уктап алганда, сен кийинки келчү маалыматтарды жакшы эстеп каласың.
6. Эгер сен организмиңе күндүз бир аз уктап алганга шарт түзуп берсең, бул сенин сезимдериңдин курчушуна түнү бою уктап тургандай эле таасир берет. Сен, кайсы музыка жакшы чыгып жатканын же кайсы тамак даамдуу экенин жакшыраак айырмалайсың.
7. Күндүзгү уйку сени стресстен сактайт. Үргүлөө сенин организмиңдеги өсүү гормонун активдештирип, кортилоз – чочулоо, ашыкча салмак жана диабет менен байланышкан гормондун санын азайтат.
Убактыңды аябай күндүз бир аз уктап ал. Эч нерсе деле жоготпойсуң, тетирисинче ишке болгон жөндөмдүүлүк менен жакшы маанайга инвестиция кыласың.