Көңүл коштук, бир нерсени кабыл албоо, унутчаактык сыяктуу белгилер социалдык жашообузда терс таасирин берет. Мээнин чарчоосуна себеп болгон төмөнкү факторлорду айтууга болот.
Ашыкча стресс
Иштөө чөйрөдө өзүңүздү ыңгайсыз абалда сезүү
Уйкунун аздыгы
Техникалык каражаттар
Адамдын өзүнө жана үй-бүлөсүнө жетишерлик көңүл бурбагандыгы
Туура эмес тамактануу
Бул боюнча невролог адиси Абдуллах Өзкардеш: Мээни эс алдыруунун эң жакшы жолу-бул адамдарга убакыт бөлүү деп айтат. Буга карай сиз сүйүктүүңүз, жакын адамдарыңыз менен таза абада сейилдөөгө чыгыңыз. Эгерде мээңизде чарчоодон башка оору белгилерин байкасаңыз, анда аны да убагында дарылоо керек. Мисалы, жумушуңуздан алыстап кайсы бир убакытка эс алууга барыңыз. Өзүңүз жактырган хобби менен алектениңиз. Күнүмдүк стресстен алыстап, өзүңүз үчүн убакыт таап адам аз жерде жөө басыңыз. Жөө басуу денедеги электромагниттик жүктөн арылтууга жардам берет.
Дагы эмне кылуу керек?
Мээ чарчабаш үчүн туура тамактанып, убагында эс алып жана өткөн нерселерди улам кайталап эстебеш керек. Мисалы, грек жаңгагы, жашылчалар жана оливка майы сизге жардамга келет. Булардын курамында B, C жана E витаминдери бар.
Эс тутумду сактап калыш үчүн
Кийимдериңиз үчүн атайын белгилүү бир орундук болсун. Мисалы, көз айнек, ачкыч сыяктуу буюмдарыңызды атайын орундук даярдап коюңуз.
Бат-баттан жазып, белгилеп туруңуз. Мисалы, жолугушууларды, телефон номерлерди, жакын адамдарыңыздын туулаган күн даталарын унутуп калып жатсаңыз. Атайын бир дептер алып аларды жазып туруңуз.
Жасаган жумушуңузду катуу үн менен өзүңүзгө эскертип туруңуз. Мисалы, көгүлтүр отту өчүрдүнбү, үтүктү өчүрдүңбү, -деген сөздөр сыяктуу.
Эскертип турчу техникалык каражаттарды колдонуңуз. Чөнтөк телефонуңузду эрте менен ойготкуч саат катары колдонуңуз.
Бир ишти аткарууда көңүлүңуздү ошого гана буруңуз: Бир канча айланабызда болуп жаткан окуялар сиздин оюңузду ар кайсы жакка чачыранды кылышы мүмкүн. Мына ушул учурда терең бир дем алып, өзүңүздүн ишиңизди гана ойлонуңуз.
Уйкуңуз келген убакта, убагында уктап мээни эс алдыруу керек. Адистердин айтымында, түн ичинде мээнин жакшылап эс алуусу, эртеси күнкү маалыматтарды жакшы кабыл алууга жардам берет.
Учурда унутчаактык сапаты бир гана улууларда эмес, жаштарда да арбын кездешүүдө. Унутчаактык сапатынын бара-бара өөрчүшү “Альцгеймер” оорусуна алып келерин проффессор Түркер Шахинер айтат. Күнүмдүк турмушта эле бир нерсебизди алып, аны кайсы жерге койгонубузду билбей дароо унутуп калып жатасызбы. Анда төмөнкү эрежелер сизге жардамга келет.