Петрушка маскасы
Курамы: 1 боо петрушка,
1 аш кашык кастор майы.
Петрушканы жууп, эт туурагыч менен (же блендер менен) ботко болгончо майдалайбыз. Ага кастор майын куюп, аралаштырасыз. Масканы 5 мүнөт кармагандан кийин, чачтын бардык узундугуна карай сүйкөп, бир бөлүгүн баш терисине укалап, сүйкөйсүз. Жарым саат өткөндөн кийин, масканы жылуу суу менен жууп таштаңыз.
Кара нан маскасы
Курамы: 1 стакан пияз кабыгынын кайнатмасы
1 чийки жумуртканын агы,
100 г кара нан
Пияз кайнатмасын даярдоо үчүн 1 баш пияздын кабыгына 200 мл суу куюп, отко коюп, аны кайнаганга чейин кызартып, андан кийин 5 мүнөт жай отто кармаңыз. Андан соң аны муздатып, сүзүп аласыз. Ага нандын жумшагын жана жумуртканын агын салып, бардыгын жакшылап аралаштырасыз. Масканы чачка сүйкөп, пакет менен ороп коёсуз. 20 мүнөт өткөндөн кийин, масканы жылымык суу менен жууп таштайсыз.
3 даана аспирин чачыңызды жалтыратып, какачты жок кылат
Бул даарыны көпчүлүк учурда баш ооруганда ичип жүрсөңүз эми сулуулук үчүн да колдонуп көрүңүз. 3 даана аспирин чачты жалтыратып, какачтан арылтып, чачты көптүрөт.
Аспирин башка химиялык заттарга мол дарыларга караганда табигый анальгетик ирээтинде узак тарыхы бар. Ошондуктан аны кээ бир зыяндуу химиялык заттардан турган чачка арналган каражаттардын ордуна колдонууну сунуштайбыз. Мындан сырткары акчаңызды үнөмдөп, көйгөйдү арзан жана жөнөкөй жол менен чечиңиз. Аспиринди чачка кантип колдонуу керек? 3 даана аспиринди алып, майдалап, кадимки колдонуп жүргөн шампун менен аралаштырып башыңызга сүйкөңуз. 3 мүнөттөй башыңызды укалап жылуу суу менен жууңуз. Биринчи жолу колдонгондо чачыңыз жалтырап, көөп турат. Ал эми бир нече ирээт колдонгондон кийин какачты жок кылат