Майлуу бет терисине жардам!

https://kyrgyzcha.site/?p=43022&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Майлуу бет терисине жардам!

 

 

Кургак тери канчалык ыңгайсыздык жаратса, майлуу теринин дагы андан эч кем эмес экени белгилүү. Майлуу териге безеткинин көп чыгары да анык. Ошондуктан, мындай учурда тери жалтырап калбашы үчүн, аны акырындык менен кургатуу керек. Туура тандалган маскалар мындайда табылгыс жардам болот.

 

* * * * *

 

Майлуу бет териге арналган, ошондой эле терини тартып, агартуучу маска даярдоо үчүн 1 аш кашык ачыткыга 3 аш кашык ачыган сүт (анын ордуна айран, сары суу, 5 тамчы суутек кычкылын (перекись водорода) кошуңуз. Баарын көбүргөнчө аралаштырып, бет териге сүйкөө керек. 10-12 мүнөттөн кийин пахтаны жылуу сууга малып, аны менен бетиңизди сүртүңүз.

 

* * * * *

 

Майлуу бет терисин кургатып, өңүнө чыгаруу үчүн бул масканы жасаңыз. 1жумуртканын агына 1 чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон кошулманы бет терисине сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууңуз.

 

Мындан тышкары терини кургатып, агартуучу касиетке айран да ээ. Айранды таза бет терисине сүртүп, ал кургаган кезде чайкап салуу да жакшы жардам берет.

 

* * * * *

 

Өтө майлуу бет терисине төмөндөгү маска жардамга келет. Ал үчүн 1 жумуртканын агын, абдан талкаланган (ун сыяктуу болуп) 1 лимондун кабыгын, 1 чай кашык сулу жармасын кошуп, жакшылап аралаштырыңыз. Эгер коюу болуп калса, бир аз суу кошуп коюңуз. Даяр болгон кошулманы массаж кыймылы менен бетке сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

 

* * * * *

 

Майлуу терини кургатуу үчүн 1 аш кашык ачыткыга 3 аш кашык лимон, карагат (же анар) ширелерин кошуңуз. Эгер коюу болуп кетсе, бир аз суу кошуңуз. Даяр кошулманы бетке (айрыкча, маңдай, мурун, ээкке көбүрөөк) сүйкөп, 15 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп коюңуз

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️