МАЙДА БИРОК, МААНИЛҮҮ КЕҢЕШТЕР

https://kyrgyzcha.site/?p=50393&preview=true Пайдалуу кеңештер.

МАЙДА БИРОК, МААНИЛҮҮ КЕҢЕШТЕР

 

 

Картошканы кууругандан мурда унга булап алса картошка даамдуу жана жегиликтүү болот, кууруп жатканда май аз чачырайт.

 

Ачыган камыр колго жабышпас үчүн колду суу май менен майлоо керек.

 

Сууга бышкан картошканы майдалап жиберип камырга кошо жууруса нан көөп жумшак бышат.

 

Камырга майды көп кошсо оңой менен ачыбайт борсойбой жайылып бышат.

 

Унду элегенден кийин дароо жууруган жакшы, анткени элегенде ун кычкылтекке байып камыры жумшак болот, бышырганда да көөп жумшак бышат.

 

Камырдын тузу кем болсо аз эле сууга же сүткө туз татытып камырга куюп кайрадан жууруп ийлөө керек.

 

Пирожки, беляш, самсаларды суу майга теңме тең мал майын кошуп бышырган жакшы. Май көбүрүп кетпес үчүн ага бир чымчым туз салуу керек.

 

Тоңуп калган пиязды үч саатча муздак сууга салып кое турса алгачкы калыбына келет да колдонууга жарайт.

 

Сөөктүү мөмөдөн жасалган кыямды же компотту эки жылдан ашык сактаса сөөктөн ден соолукка зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат.

 

Картошка бышкан сууга айнек, карапа идиштерди жууса жылтырап ого бетер көрктүү болуп калат.

 

Эт майдалагычтан (мясорубка) эт өткөрүлүп бүткөндөн кийин аарчылган картошканы же каткан нанды өткөрсө эт майдалагыч жеңил жуулат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️