Тажрыйбасыз сүйүү айтат: «Сени сүйөм, анткени, мага керексиң». Тажрыйбалуу сүйүү айтат: «Мага керексиң, анткени, сени сүйөм».
«Мен сени сүйөм» деп айтууга бир мүнөт кетет. А сүйүүнү далилдеш үчүн бүтүндөй өмүр керек.
Сүйүүдөгү бакыт — бул каалаганыңа жетүү эмес, сен жеткен нерсеге башкалардын да жеткиси келгени.
Махабат согуш сыяктуу: баштоо оңой, аяктоо кыйын, унутуу мүмкүн эмес…
Сүйүү бул — жарык, бирок караңгылыкты жакшы көрөт.
Сүйгөнүнөн кемчилик издөө бул — аны сүйбөгөндүктүн белгиси.
Сүйүү менен жөтөлдү жашырууга күч жетпейт.
Эркек үчүн да, айым үчүн да жалгыздыктан кутулуунун негизги жолу — сүйүү.
Алгачкы сүйүүдө эркек биринчи айымдын денесине эмес, сезимине кызыгат. Андан кийинки сүйүүлөрдө болсо биринчи сезимине эмес, денесине кызыга баштайт.
Сүйүү өзүнүн аркасынан түшкөндөрдөн качат, ал эми качкандарга жабышат.
Акылсыз айым акылдуу эркек менен жашап кете алат, акылсыз эркек менен акылдуу аял гана жашай алат.
Сүйүү менен азыктануу туура эмес, сүйүүнү азыктандырыш керек.
Эгерде түгөйүңдү абдан сүйбөсөң, демек, ага болгон сүйүүң жетишсиз.
Сүйүүдөгү трагедия — кайдыгерлик.
Жан дүйнөнүн эркиндигин сезбеген сүйүү акырындык менен жек көрүүгө айланып кетет.
Сүйүү бул — башка бирөөнүн бактысынан өз бактысын табуу.
Намыс «кыйкырып» турган кезде сүйүү унчукпайт.
Эки жан дүйнө сүйүшкөндөрдүн эриндеринен гана жолугушат.
Сен корккон жана сенден корккон адамды сүйө албайсың.
Бирөөнү сүйүп калардан мурда кечире билүүгө үйрөнүп алуу зарыл.
Сүйүү тууралуу акылдуусунуп сүйлөгөн адам чындап сүйө албайт.
Эгерде сүйгөнүңө эч нерсе бере албасаң, өзүңдү күнөөлөбө. Берүүгө мүмкүнчүлүгүң бар туруп бербесең, анда күнөөлө.
Ажырашуу шамал өңдүү: алсыз сүйүүнү өчүрөт, күчтүү сүйүүнү, тескерисинче, жалындатат.
СУЙУУ SMSтери..
Салам Күнүм! Сыртта кар, муздак шамал, суук… Сенин жүрөгүңө түнөп кеткенге уруксат берчи?!
Эртең менен тамак жебейм — сен жөнүндө ойлоном, түштө тамак жебейм — сен жөнүндө ойлоном, кечинде тамак жебейм — сен жөнүндө ойлоном, түндө уктабайм — курсагым ачат!
Салам! Мен уурумун. Бул жерге сенин жүрөгүңдү уурдоо үчүн келдим.
Дүйнө үчүн сен — кимдир-бирөөсүң, а кимдир-бирөө үчүн — сен бүтүндөй дүйнөсүң!
Мен сага сүйүүмдү жиберейин дегем, бирок, почточу ал өтө эле чоң экен деди.
Эгер мага чеги жок жашоону сенсиз өткөрүүнү сунуш кылышса, мен сени менен өткөргөн бир көз ирмемди тандап алаар элем.
Сен менден «жашоону сүйөсүңбү же мениби?» деп сурадың эле мен «жашоону» деп жооп бердим. Сен таарынып кетип калдың. Мен үчүн жашоо — бул сен экенин билген жоксуң.
Так ушул учурда 2 миллион адам уктап жатат, 1 миллион адам тамак жеп жатат, 1 миллион адам төшөк оюну менен алектенип жатат… Мен аябай сүйгөн бир гана адам мен жазган smsти окуп жатат.
Өзүмө-өзүм дайыма суроо берем: «Периштелер кайда жашашат? Асмандабы? Мейкиндиктеби же жердеби?» Бирок так билем, бир периште азыр бул smsти окуп, ууртунан назик жылмайып жатат.
Кушка канат керек, айсбергге муздак суу керек, а мага бир гана сен керексиң!