Пример HTML-страницы

ЛИМОН ТЕРИНИ АГАРТЫП, МАЙЛУУЛУГУН АЗАЙТАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=58662&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЛИМОН ТЕРИНИ АГАРТЫП, МАЙЛУУЛУГУН АЗАЙТАТ

 

Бет аябай тердей берсе, териси майланышып жылтырап жатса, же безетки чыкса, бир күндө 2-3 жолу лимон тилими менен бетти сүртүү кажет.

 

Эгерде бетиңиз ак, ал эми моюнуңуздун териси ага салыштырмалуу күңүрт түстө болсо, лимон ширесине малынган кебез менен мойнуңузду сүртүп, андан соң гана крем сүйкөсөңүз болот.

 

Бирдей өлчөмдөгү лимон, сабиз, бадыраң ширелеринин аралашмасы менен ириңдей түшкөн безеткилерди айыктырууга мүмкүн.

 

Бут ашыкча терчил болуп кетсе, лимондун ширеси менен таманыңызды сүртүңүз.

 

Жумшак, жука, бат сына берген тырмакка 10 күнгө чейин лимон тилимин сүртүү зарыл. Бул тырмакты катуу, бекем кылып, өңүн жакшыртат.

 

Одуракай тартып, кургап, кесилген колдун терисин жумшартуу үчүн күн сайын лимондун ширеси менен жумуртканын агын аралаштырып, таза жуулган колго 20 мүнөт жабыңыз.

 

4 лимондун кабыгын 1 литр сууга 15 мүнөт кайнатып, муну менен таза жуулган чачты чайкаса, какачты кетирет. Ал эми 1 литр кайнаган сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп туруп чайкаса, чач жылтырап калат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE