КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧАНЫН ПАЙДАСЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=64080&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА

 

 

«Винегрет», «Тон астындагы балык» деген салаттарды кимдер гана жасабайт, кимдер гана сүйүп жебейт?! Албетте, бул салаттардын көркүнө көрк кошкон жана даамын арттырган жашылча – кызыл кызылча. Бул жашылчанын тарыхы байыркы Персияга барып такалат. Тарых булактарында кызылчанын биздин заманга чейин 2000 жыл илгери эле колдонулуп келингени айтылат. Кийинчерээк Жер Ортолук деңизинин жээктеринен анын жапайы сорттору табылып, дары чөп катары пайдаланыла баштаган. Мындан сырткары байыркы убакта гректер кызыл кызылчаны күмүш табакка салып, Аполлонго тартуу кылышканы айтылып келет. Бүгүнкү күндө да Жер Ортолук деңизинин жээктеринде анын жапайы түрлөрү өсөт. Ал кызылчанын мекени катары эсептелет.

Кызыл кызылчада А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдери, кант, кислоталар бар. Мындан тышкары курамынан йод, калий, кальций, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды табууга болот. Бул жашылча табигый антисептик (микробдорду өлтүргүч) болуп эсептелгендиктен, адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Аталган өсүмдүктүн өзү гана эмес, жалбырагы да пайдалуу. Адамга эң керектүү болгон С витаминине бай.

 

Пример HTML-страницы

КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

Кызылчаны майда туурап денедеги жараларга жаап койсоңуз, оору басаңдап, ириңдеп кетүү коркунучу азаят.

Чийки бойдон же туздалган түрүн бир топко чейин чайнап жесеңиз, тиштин бүйлөсүн бекемдейт. Цинга оорусун дарылоодо (бүйлөгө С витамининин жетишсиздигинен тиштин бошоп, күбүлүп түшүүсү) миңдин бири.

Кайнатылган кызылча ичеги-карынды тазалоочу, ал эми кайнатылган суусу заара айдоочу касиетке ээ.

Ширеси табитти ачып, сергитүүчү суусундук болуп саналат. Аз кандуулук, диабет, шишиктен арылуу үчүн кызыл кызылчанын ширесин күнүнө 200 граммдан 2 маал ичип туруу сунушталат. Алгач ичкенде көңүл айланышы ыктымал, андыктан сабиздин ширеси менен аралаштырып ичүү туура.

Кызылча – кан тамыр ооруларына даба. Ал кандын курамын жакшыртып, кан тамырларды тазалай алат.

Жаңы төрөгөн жана климакска кабылган аялдардын организмин азыктандырып, өзүн жакшы сезүүсүнө көмөктөшөт.

Бөйрөк, боор ооруларына каршы жана алардын алдын алуу үчүн колдонулат.

Эскертүү! Кызыл кызылчанын ширесин өтө көп ичип алуу баш кан тамырларынын чыңалуусуна алып келиши ыктымал. Айрым учурларда аллергияны козгошу мүмкүн.

АШКАНАДА

КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️