КЫЗ МЕНЕН ТУУРА СУЙЛОШКОНДУ БИЛЕСИЗБИ?

https://kyrgyzcha.site/?p=62302&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КЫЗ МЕНЕН ТУУРА СУЙЛОШКОНДУ БИЛЕСИЗБИ?

Жигиттер айымдар менен алгачкы жолу таанышып пикир алмашкан учурда көпулүгү сүрдөп, сөз таба албай бир берген суроосун кайра-кайра кайталаган учурлар көп кездешет. Мындай абал кыздын жигит туурабуу болгон оюн башкача багытка өзгөртүп коюшу мүмүн. Андыктан кыздар менен сүйлөшүүдө туура сөз баштап, аларды маекке тартуу дагы оңой эмес. Андыктан айымдар менен пикир алмашууда өзүңүздү ыңгайсыз абалга калтырбоо үчүн пикир алышуунун негизги эрежелерин билип алсаңыз ашыктык кылбас.

Сүйлөшүүнүн эң маанилүү бөлүгү саламдашуу, коштошуу, туура таанышуу, өз пикирин түзүү жана айта билүүнү болуп саналат. Эми алардын ар бирине көңүл буралы.

Саламдашуу

Саламдашуу сүйлөө этикасынын элементи болуп саналат. Ал эми жылмаюу — туура саламдашуунун негизги куралы. Сылык, жагымдуу жылмаюу менен саламдашууда сиз ар бир кызга эң жакшы таасир калтыра аласыз. Ошондуктан олуттуу болуунун эч кандай кажети жок. Дайыма жагымдуу жылмайып турганды унутпаңыз.

Комплимент кылуу маанилүү

Пример HTML-страницы

Комплимент адамдын жакшы касиетин мактоодон же баса көрсөтүүдөн турат. Өзүнүн мааниси боюнча комплимент бул психологиялык сезим туудуруунун механизми. Сиз комплимент айтуу менен анын маанайын көтөрүп, сизге жасаган мамилесин жакшыртууну камсыздайсыз.

Кантип туура коштошуу керек?

Туура коштошуу айым менен жолуккандан кийин кандай ойдо калганыңыз тууралуу маалыматты берет. Андыктан сиз анын колун кысуу менен тынчтыкты каалап, аны менен келишимге келип, жакшы маанайда калышын тилеп, дагы кезигээриңиздерди белгилеген болосуз.

Эмне үчүн баарлашуу кыйын?

Адам үчүн эң башкылардын бири баарлашуу болуп саналат. Бирок, кээ бир адамдар менен сүйлөшүү, бирге болуу бизге рахат алып келсе, башкалары түйшүккө салып, капалануу сезимин жаратат. Мунун көп себеби бар, алардын ичинен адамдын адептүүлүгүнө, башкача айтканда, конкреттүү шартка ылайык келүүчү жалпы моралдык принциптерди ишке ашыра алуусуна байлыныштуу. Мисалы, олуттуу адам менен шайыр адамдын баарлашуусу кыйын болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан сиз таанышкыңыз келген адамдын менталитети, адеби, тарбиясы башка болуп калса, анын тилине кирип, анын кызыккан темаларын ачканга аракет кылыңыз. Анан аны багындырып алгандан кийин гана баары сиз каалагандай болуп калат. Экөөңүздөрдүн кызыкчылыгыңыздар бир болуп, баарлашуу кыйынчылык жаратпайт.

Сүйлөө этикасы

Сөз — бул мамиле. Ошондуктан орой мамиле жасоо адепсиздикти билдирет. Сүйлөшүүнүн темасына караганда сүйлөшө билүүнүн мааниси чоң. Өзүңүздүн жана башканын жагымсыз нерселерин айткандан алыс болуңуз.

-Шеригиңиздин кызыкчылыгын эске алуу менен аны кызыктырган нерсе жөнүндө сөз кылуу, өзүңүз тууралуу айтып берүүңүз шарт.

-Аны менен сүйлөшкөндө мыскылдоодон, тымызын шылдың кылуудан алыс болуңуз.

Мактангандан, бой көтөргөндөн алыс болуңуз, бул кыздын кыжырын келтирет. Бир чети байлыкка кызыккан кыздар аз эмес, ошондуктан анча-мынча жумушуңузду айтып кызыктырып коё алышыңыз мүмкүн. Бирок, мындай кыздар адамдын адамдык сапаттарын эч убакта баалай биле албаган, билимсиз, эң негизгиси акылсыз жар экенин эске алыңыз.

Кыздар менен өзүнчө олтуруп сүйлөшкөндө сиздердин ортоңуздардагы аралык 46 сатиметрден 1,2 метрге чейин болушу керек. Ошондо жакындан таанышып, сүйлөшкөнүңүз туура болот. Аябай жакын олтуруп сүйлөшсөңүз, ал адамга эмоцияларыңызды билдирсеңиз, анда ага өзүңүз тууралуу жаман ой калтырып коёсуз.

Эмоцияны башкара албоо эмнеге алып келет?

Сүйлөшүүдө эгер бирин-бири түшүнө албаса токтоолук менен жеңгенге аракет кылыш керек. Адам сүйлөгөндө эмоциялык абалы айрыкча таасир этет. Толкунданып сүйлөө булчуңдарды чыңалтат, натыйжада байланышы жок, андан-мындан алып, сөздөрдү кыскарта салып, дайыны жок сүйлөөгө алып келет. Канчалык адам өзүнүн эмоциясын башкара албаса, ал сүйлөшүүдө ошончолук түшүнбөстүктү, келишпөөчүлүктү жаратат.

Туура сүйлөшүүдө төмөндөгү нерселер маанилүү:

-Жылмаюу, көзүнө кароо

-Көңүлдү ага гана буруу

-Сүйлөөнүн ылдамдыгы, үндүн чыгышы шериктештикине жакын болушу керек

-Тартипти сактоо

-Өзүнүн курчап тургандар менен жакшы мамиледе экенин көрсөтүү

-Өзүн эркин кармап, токтоо алуу

-Эс ала тургандай жерлерде сейилдөө жана жолугушуу.

Кыз кулагы менен сүйөт

Кыз менен маектешип жаткан учурда андан эмнени сурап, эмнени суроонун кажети жок экендигин билбей, маек куруп жатканда көп учурга чейин тынып калуу деген сыяктуу майда көйгөйлөргө көпчүлүк мырзалар кабылып эле келишсе керек.

Андыктан «кыз кулагы менен сүйөт» дегендей, аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүүнү жана маекти кантип өзгөчөлөнтүүнү так билип алганыңыз оң.

Абалдан чыгуунун эки багыты бар. Туура сүйлөшүү жана жандаганды билүү. Кучактап же колун кармап маектешүү кандайдыр бир сезимдерди ойготоору талашсыз, эгер ал дагы сизди жактырып турса. Бирок, кучактаганга жараша сүйлөө да керек. Эгер сен сүйлөбөстөн эле кармалай берсең, кыздын алдында жырткыч сыяктуу көрүнүп калышың мүмкүн.

Маектешүүнүн эрежелери

Айымдарга бардык нерсе жөнүндө айта берсе болот. Алар бардык маалыматты кабыл ала беришет. Бул жерде сиздин эмнени айтып жатканыңыз эмес, кандай айтып жатканыңыз маанилүү. Жаңыдан таанышуу учурунда жумуш, окуу, саясат деген сыяктуу темада сөз кылуунун кажети жок экендигин эстен чыгарбаңыз.Өз кызыкчылыгыңыздагы футбол, сыра, согуш кинолору темаларда да сүйлөшүп кереги жок.

Аны түшүнүүгө аракет кылып, уга да билишиңиз зарыл. Ошондой эле экөөңөр бир толкунда бараткандагыдай сезимдерди калтырууга аракет кылыңыз. Жайкы эс алуу, келечектеги максаттар тууралуу сөз кылсаңыз, көпчүлүк эле кыздарды кызыктырып, маектешүүгө кызыгуусун арттыра аласыз.

Кандай суроолорду бериш керек?

Бардыгы жөнөкөй. Эркектердин иши кыздардын сырын ача билүү болгондуктан, суроолор да ага ылайыктуу болушу маанилүү. «Жок, ооба» деген сөздөр менен жооп бергендегидей болгон суроолорду берүүдөн абайлаңыз.

Качан гана эркектер эмне жөнүндө сүйлөшүүнү билбей калган учурда суроолорду биринин артынан бирин берип калат. Ошондуктан, кыздын оюн сурап, анын жообун уга билип, анын оюна кошулуп, кызыктуу маек куруп кетүүнү эстен чыгарбаңыз. Кызыктуу окуяларды айтып бериңиз.

Окуя айтып берүү менен өзүң тууралуу да көп нерсени түшүндүрө аласың.

Окуя айтып берүүдө:

-Аялзатына кызыктуу тема ачып берүү

-Аялзатын барктоо тууралуу,

-Ааламдагы аялдардын сырларынан,

-Жашоодогу кыйынчылыктар жана аны жеңүү, андан коркпогонуңуз тууралуу чектен чыкпай айтыңыз. Себеби, өзүңүздү мактап-жактагандай эле болуп каласыз.

Маекти элестетип көрүңүз

Кыз менен маектешүү — бул бир нерсени талкулоо эмес, аны бир нерсеге кызыктыруу, мисалы өзүңүзгө.

Визуалдык баарлашуу

Мырзаларга дагы бир маанилүү кеңеш. Бардык айымдардын көңүлүн бурдурам десеңиз, анда сөзгө чечен, чыныгы акын болушуңуз зарыл. Сиз дайыма кыргыздын акындарынын, дүйнөлүк акындардын ырларынын алтын саптарынан жаттап алганыңыз туура. Өзү мырза дайыма кызыгып, ырларды жашоо менен салыштырып, ойчул болушу керек. Өзүңүз байкагандай алар жашоодо эле эмес жеке жашоодо да укмуштуудай жардам берет. Себеби, ал саптарды айымдарга арнасаңыз, алардын сизге болгон кызуугусу он эсе артып, сиздин интеллектуалдык деңгээлиңиздин жогору экенине көзү жетет. Бардык айымдар билимдүү, акылдуу мырзаларды жакшы көрөрүн эстен чыгарбаңыздар. Сүйүктүүңүздүн маанайын көтөрүңүз. Ошондой эле жадатма, ар дайым колдонулуучу сөздөрдү кошпогонго аракеттениңиз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️