Ар бир адам өз жанын багуу үчүн ар кандай жумуш жасайт. Кээ бири кара жанын карч уруп кара жумуш менен алектенсе, кээ бири технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу керели-кечке мониторго тигилип, компьютерде иштейт. Эмесе ошол бир ордунда отуруп иштеген адам күнү бою кыймылдап иштеген адамга караганда бир кыйла катуу чарчаарын билесизби? Анда эмесе төмөндө мээ чарчоосунан кантип кутулуу керек деген суроого жооп издеп көрөлү.
Мээ чарчоосунан кутулуу
Жумуштун майын чыгара иштеп, анын пайдасын көрүү үчүн көп энергия керектелет. Бирок ошол энергияны да топтоп толуктап туруу кажет. Кээ бир адамдар чарчаган учурунда жөнөкөй эле жумушту бүтүрө албай кыйналат. Бул чарчагандыктын белгиси. Адамдын мээсинин салмагы 1000-2000 грамм чамасында болот. Эркектердин мээси аялдардыкына караганда 100-150 грамм чоңураак болот экен. Биздин мээбизде бири-бирине байланышкан 100 миллиондон ашык нейрондор жана нерв клеткалары бар. Бир эле нейрон 100 миңдеген нейрондор менен байланышып турат. Мындай байланыштардын аркасында мээ көптөгөн маалыматтарды иштетип аларды сактай алат.
Албетте, кээде керектүү маалыматтарды сактай албай кыйналабыз. Мээ дагы денедеги башка мүчөлөргө окшоп чарчайт. Адамдын мээси чарчаганда эс тутуму начарлайт. Көпчүлүк мээ чарчаганда жумушун таштап эс алуу керектигин ойлошот. Бирок бардыгы эле эс ала беришпейт. Ал эми кээ бирлери болсо жөн эле бир аз убакытка жумуштан бошоп, үйдө жатсам эс алам дейт. Бирок бул туура эмес. Мындайда мээ эч кандай эс ала албайт. Эс алам десеңиз көп ойлонбогонго аракет жасап, айланада болуп жаткан нерселерге көбүрөөк көңүл буруңуз. Мисалы, айланаңызда салынган имараттарга жакшылап карап, анын архитектурасына маани бериңиз. Мына ушул убакта мээңиздеги уктап жаткан ар кандай ойлоруңуз ойгонуп, жакшы иштей баштайт.
Мээни эс алдыртчу дары жок
Мисалы, сиз доклад жазып жатасыз. Мээңиз чарчап жумушка деген кызыгуу качып кетти дейли. Бул убакта нерв системасы, баш мээ жана организмдин иммундук жана эндокриндик системасы жабыркайт. Мына ошол убакта сөзсүз туруп 20-30 минут чай ичип эс алыңыз, же 5-10 мүнөт көзүңүздү жумуп туруңуз.
Же болбосо туруп чаңдарды сүртүп, идиш жууп жана башка ушул сыяктуу кыймыл менен жасалчу иштерди аткарыңыз. Мээ чарчаганда адамда зат алмашуу өзгөрөт. Гормондор жана кан айлануу активдешет.
Бир күндө мээңиз канча убакыт иштээрине көңүл буруңуз. Адам баласы суткасына 7-8 сааттан кем уктабашы керек. Убакыт жетпейт деп өзүңүздү күчкө салып кыйнабаңыз. Ден-соолук болсо баары болот деген ураан менен дайыма өзүңүздү биринчи орунга койгонуңуз жөн. Чарчаган мээни эс алдыруучу дары жок. Бирок дарыгерлер биологиялык активдүү кошулмаларды сунушташкан. Бирок изилдөөчүлөр алар деле эч кандай натыйжа бербесин айтышкан. Ошентсе да эч нерсе жардамын бере албайт деп жата бербей өзүңүз биринчи аракет кылыңыз. Адам баласы физикалык жактан чарчаганда жатып уктап, эс алып алса болот. Ал эми моралдык жактан чарчоо андан да кыйын экенин баарыбыз эле билсек керек. Мээңизди таптакыр эс алдырбай акчанын, же атак-даңктын артынан кууп иштей берсеңиз, эрте алжыйсыз да, аягында оңой эле нерселерге акылыңыз жетпей калат. Мындайча айтканда, бат картаюңузга себеп болот.
Жөнөкөй көнүгүүлөр сиздин жардамчыңыз
Германиялык окумуштуулар мээни кантип эс алдыруу керектигин ойлоп чыгышкан. Алардын айтымына караганда, эң негизги мээ сергитүүчү ыкма бул кыймылдоо. Муну кийинчирээк америкалыктар да колдоп чыгышкан. Негизинен күнү бою кыймылдап иштеген адамга караганда отуруп иштеген адамдар көп чарчайт экен. Күнүнө жок дегенде жарым саат убактыңызды чуркоого, сууда сүзүүгө же болбосо фитнеске жумшасаңыз 65 пайыз мээ чарчоосунун алдын-аласыз. Муну окумуштуулар өз изилдөөлөрүндө далилдешкен.
Ал эми кадимки эле моюнга, башка жасалчу көнүгүүлөр мээдеги кан алмашууну бир кыйла жакшыртат. Ошондуктан күндө эртең мененкисин жылымык сууга чайканып, көнүгүү жасап турсаңыз жакшы натыйжа берерин айтышат. Бул ыкма жүрөк кан тамырларын жана нерв системасын таң эртеден иштетип, зат алмашууну тездетет. Ошондой эле тамеки менен алкогол ичимдиктеринен таптакыр эле баш тартып койгонуңуз жөн. Себеби бул адамдын мээсинин да, өзүнүн да алын кетирет. Ошону менен катар бир канча ишти аз убакыт ичинде бүтүрүп салууну көздөбөңүз. Андай учурда мээ иштөөсү начарлап, эртеси күнкү кыла турган жумушуңуз бүтпөй калышы ыктымал. Ошондуктан өзүңүз кылган жумуштан ырахат алууну үйрөнүңүз.
Катуу чарчоо ооруну пайда кылат
Катуу чарчоо адамды депрессия, талма жана башка ооруларга алып келет. Мындай ооруга көбүнчө 25-45 жаштардагы билимдүү, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен, жумушуна баш-оту менен киришип иштеген аялдар чалдыгарын белгилешкен. Мунун эң негизги себепчиси эс албагандык болуп эсептелет. Жок дегенде күндө кечкисин парк аралап сейилдеп турсаңыз мээңиз аз да болсо эс ала түшөт. Кычкылтек мээнин негизги азыгы. Ошондуктан мээ жеткиликтүү кычкылтектин жетишин талап кылат. Ал эми таза аба мээни кычкылтек менен азыктандырып, адамдын денесин жеңилдетет. Китеп окуганда адамдын мээси кадимкидей эс алат экен. Бул учурда баштагы иштеп жаткан мээнин клеткалары эс алып, тынч тургандары жанданып кыймылга келет. Мээ чарчаган убакта төмөнкүдөй белгилерди байкасак болот:
Эске тутуу начарлап, башыңыз ооруксунат;
Жумушта көп каталар кете баштайт;
Урушчаак болуп, бат кыжырдануу болот;
Тамакка табит начарлайт;
Дайыма көңүл чөгүп жүрөт.
Кандай тамактаныш керек
Адамдын нерв клеткалары чарчаганда жаңгак, балык жана мөмө жемиштерди көп жеш керек. Мисалы, сабиз мээдеги кан айлануу менен зат алмашууну жакшыртат. Ал эми ананас болсо эс-тутумга пайдалуу. Өз убагында ылайыктуу тамактаныш керек. Адам баласына кант азыктары да өтө маанилүү. Эгер убак-убагы менен тамактанып турбаса организмдеги кант азайып, эске тутуу начарлайт.
Жумуш маалында жок дегенде 10 мүнөт убакытты жай отуруп эс алууга жумшоо керек. Албетте, биз муну аткара бербейбиз. Жумуш учурунда эмес, күнү бою бош болгон убакытта деле күнүбүздү телевизор көрүү, же компьютерде отуруу менен өткөрөбүз. Бирок бул ден-соолукка кыйла терс таасирин тийгизерин эсиңизден чыгарбаңыз. Күндөгү кайталана берүүчү нерселер биздин мээбизди алсыратат. Ошондуктан күндө аткарып жүргөн нерселерди алмаштырып туруңуз. Мисалы, күнүгө тишиңизди оң кол менен жуусаңыз, эртең сол кол менен жууңуз.
Жогоруда айтылгандай мээ чарчаганда эң биринчи залакасы эс тутумга тиет. Эс тутум жок болсо биздин жашообуз башаламан болмок. Жада калса, бири-бирибизди тааныбай кыйналмакпыз. Эч нерсе үйрөнө албай ааламыбызды караңгыга кептемекпиз. Ошондуктан эс тутумдун жашообузда орду аябай чоң. Мына ушул биз үчүн эң маанилүү нерсени кастарлап, сактай билүүбүз кажет.
Албетте, мээни чарчатып күнү бою баш көтөрбөй, компьютерден көз албай иштей берсек, эске тутуу начарлап, унутчаак боло баштайбыз. Эгер керектүү нерсени эсте сактап калам десеңиз, аны жаттап албай, мазмунуна көңүл буруп, жакшылап түшүнүш керек. Бирок мазмунун тереңирээк түшүнүш үчүн да мээңиздин сергек болушу шарт. Ошондуктан эс алууңузду тоо койнунда өткөрүп, же табияттын кооз жерине барып болушунча тынч, таза абада өткөрүүгө аракет кылыңыз. Шаркырап аккан суунун добушу да адамдын чарчаганын басып, эс алдыруу жөндөмүнө ээ.