Кургак териге ар дайым нымдуулук кажет

https://kyrgyzcha.site/?p=63422&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кургак териге ар дайым нымдуулук кажет

 

Мындай териге нымдаштыруучу гана крем сүйкөп туруу жетишсиз. Себеби кургак бет эрте картаюга жакын болот экени баарыбызга маалым. Ошондуктан ага жумасына 1-2 жолу курамында өсүмдүк майлары, витаминдер бар заттардан маска жасап туруш керек. Мындай маскалар көбүнчө сүт, быштак, айран, жумуртканын сарысы, түрдүү майлардан жасалат.

 

Быштак маскасы

 

Пример HTML-страницы

Бул маска бет терини жакшы нымдаштырып, агартат. Аны даярдоо үчүн 1 чай кашык быштакты сүт менен, зайтун майы менен жана сабиз ширеси менен аралаштыруу керек. Бетке сүйкөп, манжаларыңыз менен бир аз массаж жасаңыз. 20 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.

 

Балдан жасалган маска

 

Балдан жасалган маска бетти жакшы нымдаштырып, тазалайт. Идишке 1 жумуртканын сарысын салып, аны 1 аш кашык бал менен жана күн карама майы менен аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бир аз жылытып, бетке 2 кабат кылып сүйкөйсүз. 10-15 мүнөт кармайсыз.

 

Коондон жасалган маска

 

Бул масканы жасаш үчүн сизге 1 кичинекей бышкан коон керек болот. Аны тазалап, ичке тилимдерге бөлүп туурайсыз. Ошол тилимдерди бетиңизге коюп, 20 мүнөттөн кийин алып таштайсыз.

 

Сабиз маскасы

 

2 сабизди майдалагычтан майда кылып өткөрүп, жумуртканын сарысын кошосуз. Бетке жука кылып сүйкөп, 20-30 мүнөт кармайсыз. Масканы нымдуу сүлгү менен же вата менен алып таштаңыз. Жумасына 2 жолу жасаган оң.

 

Укроптон жасалган маска

 

Чөп-чардан жасала турган маска үчүн 1 аш кашык майдаланып тууралган укропту алып, 1 чай кашык зайтун майы жана сулуу уну менен аралаштырасыз. 20 мүнөт бетте кармап туруп, жууп таштаңыз.

 

Нандан жасалган маска

 

Нандын жумшагын, жумуртка сарысы, 1 аш кашык сүт, 1 аш кашык эриген сары май, өсүмдүк майынын бир нече тамчысын алып, баарын аралаштырасыз. Бетиңизге сүйкөп, 20 мүнөттан кийин жууп салыңыз.

 

Помидор маскасы

 

1 орточо помидорду майдалап алып, крахмал кошуңуз. Аралашмага эфир майы же зайтун майынын бир нече тамчысын кошуп, бетиңизге сүйкөңүз. 20 мүнөт кармоо керек.

 

Каймак маскасы

 

100 г каймак, 1 жумуртка сарысы, 1 лимон кабыгы кажет. Лимон кабыгын кофе тарткыч менен майдалап алыңыз. Бардык ингредиенттерди аралаштырып, 15 мүнөт кармап бетти жууп ташташ керек. Андан кийин 1 аш кашык зайтун майын кошуп, дагы бир жолу аралаштырасыз. Масканы 20-25 мүнөт кармаш зарыл.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️