КУНГО КАРАРЫП КЕТПЕЙИН ДЕСЕНИЗ! 

https://kyrgyzcha.site/?p=66284&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КУНГО КАРАРЫП КЕТПЕЙИН ДЕСЕНИЗ!

 

Жай айларында күндүн ультра кызыл нурлары, чаң, шамал, ысык аба терини кургатып, түлөтүп, теринин картаюусун тездетет, убактысынан эрте бырыштардын түшүшүнө себеп болот. Тери кургап кетпеши үчүн беттеги май бездери күчтөнүп иштеп, болушунча май бөлүп чыгарганга аракет кылат. Бирок чаңдар териге жабышып, беттеги тешикчелерди жаап, ысыктан теридеги микробдор көбөйөт да, сезгенүү жаралат. Андыктан талапка ылайык, бетти өзгөчө карап күтүү маанилүү.

 

Жай айларында бетке пилинг жана агартуучу процедураларды жасатпай эле койгон дурус. Себеби, мындай шартта беттин териси жука жана сезгич болуп калат да, күндөн бат күйөт. Ошондой эле беттеги сөөлдү, меңди алдырууга болбойт. Ордуларында күндүн таасиринен кетирүүгө кыйын болгон так калат.

 

 

Жай айларында атайын бет тазалоочу каражаттарды колдонуу жарабайт. Себеби алардын курамында спирт бар.

 

Кечинде бетти тазалоону жуунуудан баштаңыз. Жайында муздак суу менен жууганда беттин кан тамырлары жыйрылып, крем жакшы сиңбей калат. Андыктан кечинде эле эмес, эртең менен да бөлмө температурасындагы суу менен жууган оң. Эгер суунун ордуна минералдык же кайнатылып коюлган сууну колдонсоңуз, беттин көбүрөөк нымдалышын камсыз кылган болосуз. Самын менен жууган да болбойт. Анткени ал беттеги табигый жол менен иштелип чыккан майды жууп салат да, терини кургоого жеткирет.

 

Жай айларында скрабды анда-санда гана колдонуу туура. Бетти суу менен жуугандан кийин косметикалык сүт менен сүртүңүз, ал терини нымдуу кылып жумшартат. Анан бетке нымдандыруучу кремди коюу кажет. Анын курамындагы C жана E витаминдеринин баарын алууга аракет кылыңыз. Ал витаминдер теринин клеткаларынын жаңырып турушуна салым кошуп, сезгенүүлөрдүн алдын алат.

Жай айларында күн сайын эртең менен жуугандан кийин бетке күндөн сактоочу крем коюу керек. Алардын курамында бетти нымдандыруучу жана башка керектүү заттар бар. Күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан жогору болуусу зарыл. Кремди койгондон кийин бет териси кургактар жана калыптагылар упа колдонбой койсо деле болот. Упа терини ого бетер кургатып жиберет. Ал эми майлуу беттүүлөр күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан ашкан упаларды колдонуулары керек.

 

 

Курамында витамин жана минералдар бар бет үчүн спрейлерди колдонсо, бет сергип нымдашат. Буларды көчөдө жүргөндө макияждын үстүнөн да, крем коёр алдында да колдонсо болот. Күндүзү адам теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, 2 литрдей суу ичүүсү талап кылынат. Жакшысы, минералдык суу же көк чай ичүү сунушталат. Бырыш түшпөөсү үчүн ашыкча мимика жасабаңыз. Күн нурунан коргонуп, көз айнек колдонуңуз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️