Пример HTML-страницы

КҮЙӨӨ — БУЛ……

https://kyrgyzcha.site/?p=58065&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КҮЙӨӨ — БУЛ ЖАШООБУЗДУ КӨРКҮНӨ ЧЫГАРЫП КУБАНТКАН, БИР ТУРУП БЕЗИҢЕ ТИЙИП АЧУУЛАНТКАН ЖАКЫН БИР АДАМ

 

1. Алганча алтыным, алгандан кийин…

Сүйлөшүп жүргөндө үйрүлүп түшүп көзүңдү караса, үйлөнгөндөн кийин 180 градуска өзгөрөт. Кантип өзүң анын көзүн карап калганыңды байкабай каласың.

 

2. «Подкаблучник» болуп калуудан коркушат

Бир нерсени өтүнүп кайрылсаң бери дегенде он мүнөт күттүрөт. Антпесе аялына баш ийген болуп калат.

 

3. Аялын жумшагандан ырахат алат

Чакчелекей түшүп, үй оокатына жетишпей, бир жагынан бала ыйлап жатса, болуш кейиптенип жамбаштап жаткан болот.

 

4. Башкаларга «джентельмен» көрүнгүсү келет

Колуңда өтө оор эмес баштык болсо, сенден алып көтөргөндөн намыстанат. Бирок баштыкты башка аялзатынан көрүп калса, дароо эле «джентельмен» боло калат.

 

5. Элдин көзүнчө башкарганды жактырат

Тууган-туушкан, досторунун жанында сага мамилеси өзгөрүп, башкарат экен деген ой калтыргысы келет. Корсулдап сүйлөп, эркелетчү сөздөрүн айтпай калат.

 

6. Боёнгонуңду эч жактырбайт

Эгер сулуулук салонуна барып жасанып келсең, өзгөрүп калган келбетиңе карабай, канча акча коротту экен деп ошого кабатыр болот.

 

7. Көп сүйлөсөң укпайт

Курбуң менен маектешкендей токтобой сүйлөй берсең, бир сөзүңдү угуп, экинчисин кулагынын сыртынан кетирип жаткан болот.

 

8. Жаны таттуу

Түнкүсүн бала ыйласа тескери оодарылып, жаздык менен башын бастырып алат. Бала жыгылып кетсе же сыркоолоп калса атайын кылгансып сенден көрөт. Ошого жараша балдардын кайсы жылы төрөлгөнүн, туулган күндөрүн билбейт. Баласынын жакшы сапатын байкап калса «өзүмдү тарткан турбайбы» деп калат.

 

9. Төрт мезгилге бир кийим

Кийим алам дегениңди укса, сенин кийимиң толтура го деп, менин төрт мезгилде тең кийген, бир эле бут кийимим бар деп нааразы болот.

 

10. Ушак билет, бирок айтпайт

Аялзаты кеп-сөзгө жакын келет дегени менен сурап көрсөң алар «эски да, свежий да ушактарды» билген болот. Бирок айтпайт.

 

11. Чыдамсыз

Бир жерге бараарда жалгыз көйнөгү менен шымын кийип алып, ары-бери басып шаштыра берет. Күткөндү жек көрөт, бирок айымдар баары бир күттүрөт.

 

12. Билгизбей алдайт

Канчадан бери кылдыра албай жүргөн жумуштарды бүтүрүп, айтканыңды жасап, алып бер дегениңди «эртең барып алып ал» деп жалпактап калган болсо, сени ээрчитпей эс алганга кете турганын билсе болот.

 

Эки байпак эки башка жерде, топу нан салгычтын үстүндө калып, оозу жабылчу буюмдардын баары ачык калган болсо, демек үйдөн акыркы болуп күйөөң кеткен болот. Маңдайында турган майкесин көрбөй болгон кийиминин баарын чачкан болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE