КУДАЙДЫН АЙЫМДАРГА БЕРГЕН БЕЛЕГИ! СҮЙҮКТҮҮ АЙЫМДАР, СИЛЕР МУНУ СӨЗСҮЗ ОКУШУҢАР КЕРЕК!
Авокадо – жаратылыштын улуу белектеринин бири. Кудай бул жемишти атайын аялдардын организми үчүн жараткандай.
Балким, жөн эле дал келүү, бирок авокадо өзүнүн формасы боюнча аялдын органын – жатынды элестетет. Анан дагы, толук бышып жетилиш үчүн, бала жетилген сыяктуу, ага тогуз ай керектелет.
Балким, жөн жерден авокадо аялдын организми үчүн укмуштуудай пайдалуу болбосо керек. Авакадону көбүнчө диетага кошушат. Ал эми американын окумуштуулары, бул жемиш жатын рагынын алдын алып жана гормоналдык системанын ишин нормалдаштыраарын ачышты.
Биз, бул керемет жемиштин пайдалуу касиеттеринин бүт тизмегин чогулттук:
Холестеринге каршы каражат. Авокадо, кан тамырларда холестерин бөлчөктөрүнүн пайда болушунун алдын алган жана кандагы ашыкча холестеринди жок кылган, олейин кислотасын камтыган эң мыкты каражат. Дайым жеп жүрсөңүз, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу мүмкүнчүлүктөрүңүз азыраак болот.
Улгайганга каршы каражат. Е витамининин көп санына байланыштуу, авокадо клеткалык деңгээлде вирустардан сактоо функциясын жогорулатат, аны менен бирге, клеткалардын карышынан сактайт.
Атеросклероз жана жүрөк-кантамыр ооруларынын алдын алат. Омега-3 жана омега-6 май кислоталары жүрөк жана кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө бөгөт коёт жана эс тутумду жакшыртат.
Стресске каршы турат. Калий оргинизмдеги суу-туз баллансын нормалаштырат, ал нерв системасына жакшы таасир этет, аны менен кошо стресске каршы турууга жардам берет. Ал эми манногептулоза нерв системасын калыбына келтирип, кыжырланууну жок кылып, көңүл коюуну өрчүтөт.
Гипертонияга каршы каражат. Эгер жогорку артериалык кан басым менен жапа чегип келсеңиз, анда бул жемишти өз рационуңузга сөзсүз кошушуңуз керек. Авокадону дайым колдонуу менен, кан басымды түшүрүүчү таблеткаларды унутасыз.
Анемияга каршы. В6, темир, жез сыяктуу витаминдер менен минералдардын айкалышы, авокадону анемияга каршы эң мыкты табигый каражат кылат.
Организмден токсиндерди чыгарат. Авокадо – бул антиоксидант-жемиш. Ушул касиеттеринин себебинен, организмден уу заттарды чыгаруучу мыкты каражат.
Иммунитетти көтөрөт. С витамини имунндук системаны чыңдайт. Грипп менен суук тийүү сезонунда авокадону көп колдонсоңуз, ооруну унутасыз. Эгер ооруп калсаңыз, бул жемиш батырак бутуңузга турганга өбөлгө болот.
Тамак сиңирүү системасын жакшыртат. Бардык эле жемиштер сыяктуу авокадодо көп клетчаткалар бар. Ал ич катыганга каршы турган табигый каражат.
Рак клеткалары менен күрөшүү. Фитонутриенттер жана фитохимикалиялар рак клеткаларынын өсүшү менен күрөшөөрүн, өзгөчө жатын рагына каршы тураарын көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөн.
Сөөктөрдү, тиштерди жана чачты чыңайт. Салатка кошулган авокадо жашылча-жемиштердин курамына кирген каротиноиддердин сиңишине өбөлгө түзөт. Каротиноид сөөк, тиш жана чачты чыңдөөчу эң маанилүү зат. Ошондой эле, авокадонун курамындагы фосфор дагы ошондой эле кызмат аткарат.
Афродозиак. Авокадо байыркы убактан бери эле мыкты афродозиак болуп саналат. Эркектин потенциясын жакшыртат жана аялдын каалоосун күчөтөт.
Протеинтердин булагы. Диетада отургандарга, вегандарга, булчуң массасын көбөйткүсү келген спортсмендерге, авокадо протеиндин толук кандуу булагы болот.
Сиз байкагандай , авокадо – бул витаминдер менен минералдардын топтому. Жана бул жемишит өз рационуңузга кошпой коюу, чоң катачылык. Ден соолукта болуп, таза жана нукура азыктар менен азыктаныңыз!