КОНУРУКТАН КАНТИП КУТУЛУУ КЕРЕК?
Коңурук — көпчүлүк эркектерге таандык көрүнүш. Анын ден соолукка эч кандай зыяны деле жок, болгону айланасындагы адамдар үчүн жагымсыз. Эгер сиз да күйөөңүздүн коңуругунан тажап, түн уйкуңуз бөлүнүп жүргөн болсо, коңуруктан күйөөңүздү арылтууга аракет кылып көрүңүз.
Эмне үчүн коңурук тартышат?
Тилдин, жумшак таңдайдын булчуңдары бошогондо дем алуу жолдору тарып, аба өтүүчү жол кептелип калат. Булчуңдардын ашыкча бошошунун натыйжасында, тилдин түп жагы, жумшак таңдай дирилдеп, үн чыгат.
Коңуруктун себептери:
— Мурун сөөгүнүн кыйшыктыгы;
— мурун же тамак жолдорунун тубаса кууштугу;
— кичине тилдин узундугу;
— ашыкча салмак;
— уйкунун аздыгы жана чарчоо;
— спирт ичимдиктерин колдонуу;
— тамеки чегүү;
— уктатуучу дарыларды колдонуу;
— аялдардагы климакс мезгили;
— карылык
Коңурукка каршы көнүгүүлөр
«И» тыбышы коңуруктан арылууга жардам берет. Ал үчүн күн сайын «и» тамгасын 20-30 жолудан кайталоо кажет. Жөн эле айтпастан, күч менен «и-и-и» деп созуп айтуу керек. Эгерде күнүнө бул көнүгүүнү кайталай берсе, бир айдан соң натыйжасы билинет. Анткени, «И» тамгасы тамактын булчуңдарын катырат.
Тилди ээкти көздөй ылдыйга жана мурунду көздөй жогоруга мүмкүн болушунча узун кылып чыгаруу керек. Эртең менен жана кечинде 30 жолудан жасоо керек. Бул көнүгүү да булчуңдардын катышына жардам берет.
Кичинекей таякчаны тиши менен катуу тиштеп 3-4 мүнөт кармап туруу керек. Бул көнүгүүнү уктоо алдында жасоо керек.
Коңурукка каршы каражаттар
Төмөнкү бир нече каражаттарды колдонуусун коңурук тарткан жолдошуңузга сунуштап, аларды өз колуңуз менен жасап бериңиз:
Капустанын 2-3 жалбырагын аябай майдалап туурайсыз же эт майдалагычтан өткөрөсүз. Ага бир чай кашык бал кошосуз. Күйөөңүз уктоо алдында ушуну жеп, анан жатсын. Же болбосо капустанын ширесин да сыгып берсеңиз болот. Бир стакан ширеге бир чай кашык бал кошуп күн сайын жатар алдында ичирсеңиз, натыйжа тез байкалат. Дарылоо курсу — 1 ай.
Коңурукка каршы дагы бир натыйжалуу каражат — чычырканактын майы. Уктоого 4 саат калганда күйөөңүздүн эки таноосуна бир тамчыдан тамызып турасыз. Дарылоо курсу — 2-3 жума.
Сабизди сууга бышырып, жатар алдында 1-2ден жегизиңиз. Аябай майда чайнап, аз-аздан жутуп жесин, анткени, сабиздин ширеси кичине тилге тийиши кажет.
Адатта чалкасынан жатып уктаганда коңурук тартышат. Ушуга байланыштуу дагы бир ыкма бар: жолдошуңуздун түнү кийип жатуучу кийиминин аркасына теннистин тобун же кадимки эле жаңгакты тигип коюңуз. Уктап жатып чалкасына оодарылганда ыңгайсыздыкты сезет да, капталынан жатып алат. Ошентип, күйөөңүз да коңурук тартпайт, сиздин да уйкуңуз канат.