КИЧИНЕКЕЙИНИЗ ДИАТЕЗ БОЛУП ЖАТАБЫ ?

https://kyrgyzcha.site/?p=45556&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КИЧИНЕКЕЙИНИЗ ДИАТЕЗ БОЛУП ЖАТАБЫ ? АНДА ТОМОНДОГУЛОРДУ БИЛИП АЛУУ АШЫКЧА БОЛБОЙТ!

 

Диатез — оору эмес, аллергиялык жана сезгенүүчү оорулардын себепчиси

Жашоодо дээрлик ар бир эненин баласы диатезге чалдыгат. Мындан улам бул көрүнүшкө апалар көнүп деле калышкан. Бирок, колдон келсе кичинекейге диатез чыгарбоого аракет жасоо керек. Анткени, медиктер «бул коркунучтуу, так айтканда, организмдин кайсы бир нерсеге нормалдуу эмес реакция бериши» деп кулак кагыш кылышат.

 

Диатез

«Диатез» деген термин грек тилинен келип чыккан, аны кыргызчага которгондо «жакындык» дегенди туюнтат. Тагыраак айтканда, диатезди аллергиялык жана сезгенүүчү ооруларга болгон жакындык деп түшүнүү керек. Демек, диатез оору эмес, болгону ал тигил же бул ооруну жаратуучу себеп болуп калышы ыктымал. Көп учурда диатез белгилүү бир азыкты жегенден улам пайда болот. Муну баланын организми жана ашказан-ичеги тутуму толук жетиле элек болгондуктан, азыкты көтөрө албай жатат деп билүү керек.

 

 

Диатездин зыяны

Диатез көбүнчө 3 жашка чейинки балдарга чыгат. Буга көп кабыла турган болсо, анда баланын заңдоо нормасы бузулат, бет териси түлөйт, тамагы кычышат, жөтөлөт. Ал эми эне бул көрүнүштөрдү жойбосо, кичинекей аллергиянын өнөкөт формасына чалдыгат. Аталган оорунун эң чоң кесепети бронхиалдык астма экени жалпыга белгилүү эмеспи. Ошондой эле бетте кызыл так формасында пайда болгон диатез балага жагымсыздык жаратып, бара-бара жарага (атопиялык дерматит) айланып организмге ар кыл инфекциялык ооруларды чакырышы ыктымал

 

 

Диатез жана таттуу

Ооба, диатез тууралуу маселе жаралганда ар бир эне анын себебин таттуу менен байланыштырат. Мунун дагы жөнү бар. Башкача айтканда, таттуу баланын ашказанына түшкөн учурдан тартып организм «гистамин» аттуу кошулманы тездик менен бөлүп чыгара баштайт. А гистамин түздөн-түз аллергиялык реакцияны жаратуучу болуп саналат. Ушундан улам эненин кош бойлуу кезинде да, эмчек эмизип жүргөндө да таттуудан алыс болгону жакшы.

Бирок, диатез таттуудан улам келип чыгат деген бир тараптуу ой туура эмес. Ага төмөндө көрсөтүлгөн жогорку аллергендүү азыктар да себепчи болуп калышы мүмкүн. Андыктан, буларды баланын рационунан чектеп койсо болот.

 

Эт бульону

Тоок бульону

Кызыл түстүү азыктар

Шекер

Уй сүтү

Каймакмай

Жумуртканын сарысы

Цитрус жемиштери

Өрүк

Анар

Коон

Шабдалы

Козу карын

Бал

Шоколад

 

Диатез жана кош бойлуулук

Коомдо кош бойлуу кезде таттууну, жер-жемишти көбүрөөк жесе, ичтеги түйүлдүк дагы ага көнүп төрөлгөндөн кийин диатезге чалдыкпайт деген ишеним бар. Бирок, бул туура эмес. Анткени, диатез иммунитеттин аллергияга туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнөн да көз каранды. Жогоруда айтылган таттууну, жер-жемишти көп жеген жагдайда да балага диатез чыкпаган көрүнүш иммунитеттин аллергияга туруштук берүүсүнүн жогорулугу менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле ата-энесинде же чоң ата-чоң апасында аллергияга болгон жакындык байкалбаган балага гана диатез чыкпайт деген кепилдик бар.

 

 

Диатезден арылуу

Конкреттүү бир оору катары саналбаган үчүн диатезди дарылоо керек эмес. Мындайда болгону баланы андан арылтууга аракет жасаган туура. Ал үчүн кичинекей кайсы азыкты жегенде диатезге кабылып жатканын аныктоо керек. Буга албетте, эне жоопкер, себеби баланын эмне жеп, эмне ичип жатканын эне гана билет да. Андан соң баланын азык тизмесинен ошону чектеп салуу кажет. Себепчи болгон азык жогорку деңгээлде пайдалуу болуп саналса да, ал сиздин балаңызга ушул убакытта жегенге болбойт экенин унутпаңыз. Андагы пайданы кичинекей ашказан-ичеги тутуму толук жетилген кезде деле алып жетишсе болот. Диатез азык аркылуу гана эмес, контакт жана жыт аркылуу дагы пайда болушу мүмкүн. Андыктан, айрым учурда анын себебин атырдан, үй жаныбарларынан жана кир жуучу каражаттардан да издөөгө туура келет

 

 

Диатезден арылуунун элдик ыкмалары

Лавр жалбырагы. Бир литр кайнап жаткан сууга 10 даана лавр жалбырагын салып, жай отто 3 мүнөт кайнатасыз. Ага майдаланган 1 чай кашык ит мурунду салып түнү менен тыныктыруу керек. Эртең менен кайнатманы марлядан сузуп жиберип, балага күнүнө 3 маал 1 аш кашыктан уурттатасыз.

Ит уйгак. Дарыканадан алынган ит уйгакты (1 аш кашык), ромашканы (1 аш кашык) жана бир аз марганцовканы бир литрлик банкага салып, үстүнө толтура кайнак суу куюп оозун жаап коёсуз. Бир сааттан кийин муну жуунтуу үчүн даярдалган сууга кошуп, баланы киринтүү керек.

Марганцовка. Стаканга бир аз марганцовканы салып, үстүнө кайнак сууну куюп ал толук эригенче күтөсүз. Анан аралашманы жуунтуу үчүн даярдалган сууга кошуп, баланы 10 мүнөткө жетпеген убакытта киринтесиз. Бүткөндөн соң таза суу менен бир сыйра чайкантып коюу керек.

Картошка. Орточо көлөмдөгү 4-5 картошканы кыргычтын ири тишинен өткөрүп, отто кайнап жаткан 4-5 литр сууга салып отту өчүрөсүз. Муну идиштин бети жабык абалында 15 мүнөт тыныктыруу керек. Бул убакта киринтүү үчүн суу даярдап, анан ага тыныккан аралашманы кошуп баланы тезирээк чайкантып аласыз. Бул ыкма диатезди 1 жуманын ичинде толук жок кылат.

Каакым. Жаңы казылган каакымдын тамырын таза жууп майдалап туурайсыз. Андан кийин стаканга андан 1 чай кашык салып, үстүнө толтура кайнак суу куюп 3-4 саат тыныктыруу кажет. Анан аралашманы марлядан сузуп жиберип, балага күнүнө 3 жолу тамак алдында 30 млден ичиресиз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️