КАЗАН- АЯКТЫ ТАЗАЛООНУН ЫКМАЛАРЫ!

https://kyrgyzcha.site/?p=47830&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАЗАН- АЯКТЫ ТАЗАЛООНУН ЫКМАЛАРЫ!

Ашканадагы көзгө жагымсыз көрүнгөн идиштердин май баскан, күйүк топтолуп катып калганынан арылуунун ар кандай жолдору бар. Бирок аны бардык эле аялзаты биле бербейт.

 

Активдештирилген көмүр

10 даана активдештирилген көмүрдү майдалап эзип, май басып катып калган идишке шыбап 5-10 мүнөт күтөсүз. Убактысы келгенде идишке жылуу суу куюп дагы 15-20 мүнөт тыныктырасыз. Андан соң катуу щётка менен жышып жууп коёсуз.

Уксус

Май сиңип саргыч тартып калган мискейге 4 аш кашык уксус жана 1 стакан жылуу суу куюп жай отко коюп 2 саат кайнатасыз. Ушундан кийин катып калган майлар өзүнөн өзү күбүлүп түшө баштайт. Калганын губканын жардамы менен жышып сүртөсүз. Уксустун ордуна лимон кычкылын же лимондун өзүн колдонсоңуз болот.

Белизна

Идишке 1 стакан муздак суу менен 1 аш кашык белизнаны куюп кайнатып, капкагын жаап бир сутка калтырасыз. Бирок идиш тазаланган соң 5-6 жолу жакшылап жууп салыңыз. Бул ыкманы сыр идиштерди тазалоодо колдонсоңуз болот.

Сода

Чакан мискейге 3 аш кашык сода салып, үстүнө 3 стакан ысык суу куюп жай отко 15-20 мүнөт кайнатасыз. Андан соң оттон алып суусун төгүп же суусу муздагыча күтүп ошол эле сууга жышып жууй берсеңиз болот.

Туз аралашмасы

50-70 грамм туз, 100 грамм уксус жана 1 стакан сууну аралаштырып кир болгон идишке куясыз да, отко коёсуз. Кайнап чыккан соң 2 чай кашык соданы кошуп аралаштырып, оттон аласыз. Бир аз муздаган соң катуу губка менен жышып жууп салыңыз.

Айрандын сары суусу

Саргарып калган мискейге толтуруп сары суудан куюп 2 сутка кармаңыз. Убактысы келгенде сары сууну төгүп щётка же катуу губка менен жышып жууп салыңыз. Бул ыкма менен жаңыдан саргарып келе жаткан идиш-аяктарды тазаласаңыз болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️