КАСТОР МАЙЫ КАШ КИРПИКТИ ОСТУРУП, БЕТТЕГИ МАЙДА БЫРЫШТЫ ЖАЗАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=63428&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАСТОР МАЙЫ КАШ КИРПИКТИ ОСТУРУП, БЕТТЕГИ МАЙДА БЫРЫШТЫ ЖАЗАТ!

 

Кастор майынын курамында рицинолеат кислотасынын чоң өлчөмү бар. Ал ич катууда, бензол, фенол, фосфор менен ууланганда, геморройдо, суук тийүүдө, бронхитте дары катары колдонулат.

 

Ошондой эле денедеги жараларды, күйүктү айыктырат.

Кастор майынын артыкчылыгы – зыянсыз, кош бойлууларга да, жаңы төрөлгөн балдарга да сунуштала берет.

Пример HTML-страницы

 

Колдонуу: бронхит менен суук тийүүдө 2 аш кашык кастор майын жылытып, аны 1 аш кашык скипидар менен аралаштырып көкүрөккө сүйкөсө натыйжасын берет.

 

Беттеги безеткини, бырышты, сепкилди, тактарды кетирүү үчүн бет майга же лосьонго 2-3 тамчы кастор майын кошуп сүйкөңүз. Же болбосо кастор майына зайтун майын, чычырканак майын теңме-тең кылып аралаштырып сүйкөсөңүз болот. Бирок түнү бою калтырып койбой, бетке сиңдирип туруп жылуу суу менен жууп салыңыз.

 

Кастор майы кашты, кирпикти өстүрүү үчүн да колдонулат. Ал үчүн күн сайын жатарда тушь щёткасы менен каш менен кирпикти боёп коюу жетиштүү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️