Пример HTML-страницы

КАНДЫН ЖАНА ЗААРАНЫН АНАЛИЗИН ЧЕЧМЕЛӨӨНҮ БИЛЕСИЗБИ?

https://kyrgyzcha.site/?p=60432&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАНДЫН ЖАНА ЗААРАНЫН АНАЛИЗИН ЧЕЧМЕЛӨӨНҮ БИЛЕСИЗБИ?

 

«Анализдерди өз алдынча чечмелөөнү ар бир адам үйрөнүп алса болот» ! төмөнкүдөй маалыматты караныз:

 

КАНДЫН АНАЛИЗИ

 

Канды анализге аты жок манжанын учунан, кээде вена кан тамырынан алышат. Кандын анализинин негизгилери төмөнкү таблицада берилди. Ага карап жашыңызга жараша сизде гемоглобин, эритроцит жана башкалардын саны норма боюнча канча болушу керек жана андан ашса же кемисе кайсы оорулардын белгиси экендигин аныктап алсаңыз болот.

ГЕМОГЛОБИН

 

Гемоглобин – бул темир жана белоктун кошулмасы. Эритроциттердин (кызыл кан денечелери) курамында болуп, кычкылтекти органдарга жана ткандарга жеткизүү милдетин аткарат.

Нормадан жогору болсо, адам бийик тоолуу климатта жашайт же анда эритремия, лейкоз оорусу бар.

Нормага жетпей калса, анда анемия, лейкоз, темир жетишсиздиги бар же кан кетүү күтүлгөн болушу мүмкүн.

 

ЭРИТРОЦИТ

 

Мунун милдети – органдарга жана ткандарга кычкылтекти жеткизүүчү гемоглобиндерди ташуу.

Нормадан жогору болсо, анда адам көп кускан же ичи көп өткөн, же өпкө оорусу бар.

Нормага жетпей калса, анда адам туура эмес тамактанган, кан агууга дуушар болгон же лейкоз оорусу бар.

 

ЛЕЙКОЦИТ

 

Кандын курамындагы ак кан денечелери. Организмди инфекция, вирус жана аллергендерден коргойт.

Нормадан жогору болушу бронхит, ангина, аппендицит, гайморит, күйүк, кызыл жүгүрүк, рак, кан оорусунун белгиси.

Нормага жетпей калса, анда адамда грипп, гепатит, кызамык, тепме, ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, лейкоз, радиацияга кабылуу бар же химиялык дарылануудан өтүп жатат.

 

ТРОМБОЦИТ

 

Тромбоцит – кандын курамындагы кандын уюшуна жооп берип, кан кетүүнүн алдын алуучу пластиндер.

Нормадан жогору болсо, анда адамдын көк боору жок же ревматоиддүү артрит, склеродермия, гангрена, флегмона, остеомиелит, кургак учук, сифилис, бруцеллёз, анемия, ракка чалдыккан.

Нормага жетпей калса, анда гемофилия, тромбоцитопениялык пурпура, лейкоз.

 

СОЭ

 

СОЭ – бул эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы. Организмде сезгенүү болсо, анын чөгүүсү ылдамдайт же жайлайт.

Нормадан жогору болсо, тамак, кулак, өпкө оорусу, миокарддын инфаркты, цистит, аднексит, простатит, холецистит, панкреатит, гангрена, склеродермия, рак, лейкоз, кызыл жүгүрүк, пиелонефрит, күйүк болушу мүмкүн.

Нормага жетпей калуу деген болбойт.

 

КАНДЫН ӨҢҮНҮН КӨРСӨТКҮЧҮ

 

Нормадан жогору болсо же жетпей калса, анда анемия оорусунун түрлөрү.

 

ЗААРАНЫН АНАЛИЗИ

 

Зааранын табигый өңү сары (самандын өңүндөй) жана тунук болуп, эч кандай чөгүндү, былжыр жана башкалар болбошу кажет. Бирок анын өңүнүн өзгөрүшүнө адамдагы оорулар, ичип жаткан дарылар, ичкен суюктуктар жана жеген азыктар да таасир этет.

ЗААРАНЫН ӨҢҮНҮН ӨЗГӨРҮШҮНҮН СЕБЕПТЕРИ

 

Кочкул кызыл-каралжын өң (күчтүү демделген кара чай сымал) – гепатит, гломерулонефрит, өттүн таш оорусу, кан куюудан жана организмге инфекция киргенден кийин эритроциттердин бузулушу.

Бозоргон же түссүз өң – кант диабети, суусундукту көп ичүү, бөйрөк оору.

Кызгылт өң – тамак-ашка кызылча, сабиз, жүзүмдүн кошулушу.

Кызыл өң – заарада кандын болушу. Адатта өттө, бөйрөктө, табарсыкта таш болгондо жана циститте, пиелонефритте байкалат.

Кызыл-күрөң өң – айрым дары-дармекти ичүүдөн болот.

Жашыл өң – заара чыгаруу системиндеги ириңдөө процесси, өттөгү таш, уйку безинин рак оорусу, тамакка ышкынды колдонуу.

 

БЕЛОК

Заара анализинде белоктун көрсөткүчтөн жогору болушу – бөйрөк ооруларында, табарсыкта, заара түтүкчөлөрүнүн сезгенүүсүндө, аллергия, жүрөк оорусунда, лейкоздо жолугат. Спорттук машыгуудан соң узакка басууда, көп тердегенде да заарада билинет.

 

КАНТ

Заарада кант болбойт, бирок 0,8 ммоль/1 чейин чыкса деле норма катары кабыл алынат. Андан ашса, анда адамда кант диабети, панкреатит, бөйрөк оорусу, кош бойлуулук бар же адам таттууну көп жеген.

 

ЭРИТРОЦИТ

Заарада кокустан эритроцит чыгып, саны 3төн ашса, анда бөйрөктүн жана урук чыктагыч бездин ооруларынын белгиси.

 

БИЛИРУБИН

Заарада билирубиндин болушу гепатит, боордун циррозу, анемия, сепсис, адамга кан куюлганын же инфекция киргенин билдирет.

 

БАКТЕРИЯ ЖАНА ГРИБОКТУН

болушу уретрит, цистит, простатит, пиелонефрит, вульвовагиниттин белгилери.

 

АНАЛИЗДИ ТУУРА ТАПШЫРУУГА КӨРСӨТМӨ

 

Заара. Эртең менен туруп, жыныстык органды жууп, анан зааранын алгачкы порциясынын азын коё берип, калганын идишке куюп алып алып баруу кажет. Идиш мүмкүн болушунча капкактуу жана айнектен жасалып, ичи кир самын менен жуулушу зарыл. Кокус идиш кир болсо, анализ туура чыкпай калат.

Кан. Эртең анализ тапшырам деген түнү эт жана эт азыктарын, туздуу, майлуу, ачуу тамак-ашты жебей, жеңил тамактануу кажет. Эртең менен эрте тапшыруу керек. Лабораторияга чуркап же шашып басып барып тапшырып салууга болбойт! Кандын курамы өзгөрүп кетет. Барган соң 10-30 мүнөт тыныгып, анан тапшырыңыз!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE