Пример HTML-страницы

Камырдын 8 сыры

https://kyrgyzcha.site/?p=59914&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Камырдын 8 сыры

 

 

Ун азыктары биздин эң көп колдонгон тамагыбыз. Ар бир кожойке күн сайын сөзсүз түрдө ундан бул же тигил азыкты жасайт. Андыктан сизге камырга байланыштуу төмөнкү кеңештер ашыкчатык кылбайт деп ойлойбуз.

 

 

 

 

 

1. Камыр шамалды жана температуранын кескин өзгөрүлүшүн жаман көрөт. Мындан улам бышкан азыктын бетинде кара тактар пайда болот.

 

 

 

 

2. Жасаган камырыңыз көөп, бирок аны бышырууга убактыңыз болбой жатса, сууланган кагазды камырдын бетине коё туруңуз.

 

 

 

 

3. Камырга соданы көп кошуу аны бузуп коёт. Тактап айтканда, бышкан азык күрөң түскө жана жагымсыз даамга ээ болуп калат.

 

 

 

 

4. Камырга шекерди көп кошуу да эч кандай жакшылыкка алып барбайт. Мындан улам азык өтө кызарып, а түгүл, күйүп кетет. Ошондой эле ашыкча шекер дрожж кошулган камырдын көбүүсүн жайлатат.

 

 

 

 

5. Камырга бир аз манка унун же картошка крахмалын кошуп коюңуз. 0,5 литр суюктук үчүн бир чоң кашык кошсоңуз жетиштүү. Ошондо нан, булочка, пирог сыяктуу азыктар жумшак болуп көөп бышат. Негизгиси 1-2 күн бою азык ошол бойдон сакталат.

 

 

 

 

6. Камыр жасоодо унду сөзсүз түрдө элеп алыңыз. Бул даамдуу жана табитти ачкан азык жасоонун эң негизги талабы. Эленген ун кычкылтек менен байытылат да, мунун эсебинен жасаган азыгыңыз өзүңүз каалагандай болот.

 

 

 

 

7. Бардык камырга бир кашык өсүмдүк майын кошуп коюу – камырдын назик, чоюлчаак болуусунун кепилдиги. Андан тышкары камыр колго жармашпайт, бышкан азыктын даамы да жакшы болот.

 

 

 

 

8. Дрожж кошула турган камырга керектүү азыктардын баары жылуу болууга тийиш. Ысык болсо ошол замат дрожжду өлтүрөт. Эгерде рецептте майды эритип кошуу жазылган болсо, эриткен соң муздатып туруп, анан кошуңуз. Ошол эле учурда муздак да болбош керек. Анда дрожж өзүнүн активдүүлүгүн жоготот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE