Пример HTML-страницы

Кайыңды шаарында «Улар үнү» фестивалы уюштурулду

Акыркы жанылыктар

Turmush12-майда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында «Улар үнү» фестивалы өтүп, анда улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана сүрөт өнөрү боюнча көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу балдардын чыгармачылык билим берүү борборунун директору Нурбек Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, жаш таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Г.Сулайманова атындагы №2 Кайыңды мектеп-гимназиясынын хореографиялык тобунун жетекчиси Надежда Шманенко: «Фестивалга мен тарбиялап жаткан 18 жаш талант вальс бийин бийлеп катышты. Алардын өнөрү жогору бааланып, 1-орунду багындырып, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлынышты», — деди ал.

Ошондой эле сүрөт өнөрү боюнча ийрим жетекчилери Мунара менен Сезим өз чыгармачылыгы жана көргөзмөгө коюлган улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк боюнча төмөндөгүлөргө токтолду. «Биз жаш адиспиз. Сүрөтчүлүк окуу жайдан билим алып, эми жаш таланттарды такшалтып жатабыз. Биз өзүбүз тарткан белгилүү инсандардын порттреттерин көргөзмөгө койдук. Ошондой эле «Алыкулдун кыздары» этнофольклордук топтун кол өнөрчүлүгү жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнө күбө болдук. Райондо өтө таланттуу балдар көп экен», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE