КАЙНЕНЕ МЕНЕН КАНТИП ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ БОЛУУ КЕРЕК?
Кайнене менен мамилени кантип калыпка салуу керек?Кайненемдин кантип көңүлүн алам, мага болгон муздак мамилеси канткенде өзгөрөт деген ой тынчтык бербей жатса анда төмөнкү кеңешке кулак түрүңүз
Бул суроо бардык келиндердин түйшөлткөн суроосу болсо керек. Кайненемдин кантип көңүлүн алам? Мага болгон муздак мамилеси канткенде өзгөрөт? Мындай ой баса-турса тынчтык бербей жатса анда төмөнкү кеңешке кулак түрүңүз. Кайненени жаман көрөөрдөн мурда балким каталык сизден кетип жатканын талдап көрөөрсүз.
Жылуу мамиле ортодогу жараканы оңдойт
Кайсы бир убакта бир кыз турмушка чыгат. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан кайнене менен жашап калышат. Экөөнүн кыялы бири-бириникине карама-каршы болгондуктан үйдөн ырк кетип күндө уруша чыгаруу адатка айланат. Кайнене менен жашоо оңой болбосун түшүнгөн келин анын көзүн тазаламакчы болот. Келин сураштырып отуруп элдик дарыгерди таап ага уу жасап берүүсүн өтүнөт. Дарыгер ага чөптөрдөн уу жасап берип эки ай бою аз өлчөмдө тамагына кошуп берүүсүн тапшырат. Уу аздан берилип отуруп кайненесин келини өлтүргөнү билинбей калмак. Дарыгер үйдөгүлөр кокус кийин сенден шектенип калбасын кайненеңе азыртадан жакшы мамале жасап ага тамакты таптап бер, бирок ууну кошуп койгонду да унутпа деп табыштайт. Тапкан акылына куштар болуп келин ошол күнү тамакты баптап жасап ууну кошуп бере баштайт. Дарыгер кеңеш кылгандай мамилесин да өзгөртүп, күлүп-жайнап кайненесинин көңүлүн ала баштайт. Убакыттын өтүшү менен кайненесинин да каары жоголуп, келинине өз кызындай мамиле жасаганга өтөт. Үйдө баягы ызы-чуунун бири жок. Экөөнүн урушу токтогонун көргөн күйөөсүнүн да көңүлү ток. Арадан эки ай өтөт, баягы уу түгөнөт. Келин өзүнүн кылыгына өкүнүп дарыгерге жөнөйт. Ыйлап, апама берген ууну анын канына тазалап салчу дары бериңиз деп жалдырайт. Ошондо дарыгер «Кызым, ал уу эмес жөн гана пайдалуу дары болчу. Ал даарынын эч кандай уусу жок. Чыныгы уу, жек көрүү сенин оюңда, жүрөгүңдө бар эле. Сен кайненеңе жакшы мамиле кылгандан баштап ал уу тарады. Жүрөгүң да тазарды. Экөөңөр эми чыныгы эне-бала болдуңар» деген экен.
Кайненеңиз кайсы түргө кирет?
Кыргызбы, оруспу, өзбекпи, африкалыкпы айтор психологдор атайын изилдөө жүргүзүп кайнененин төрт түрүн аныктап чыгышкан. Тилин табыш үчүн адегенде кайнене кайсы түрүнө кирээрин аныктап алып анан ошого жараша дарыны колдонуш керек.
Курбу-кайнене- жаш, турмушта тажрыбайсы жок келинине мыкты кеңешчи. Өтө жабышып, курулай тажата бербейт. Керектүү учурда жакшы энцклопедия. Андан ашканын сырларынан баштап эркеке кандай мамиле жасоо керектигине чейин билсеңиз болот. Адатта мындай кайненелер тамашакөй, ачык-айрым келишет. Эгер ушул түрүнө туш болсоңуз сиздин бактыңыз тоодой.
Атаандаш-кайнене- Тапкан-ташыганын, жаштыгын баласынын тарбиясына жумшап ага дээрлик бүт өмүрүн арнаган эне. Мындай кайнененин түрү жалгыз бой аялдарда көп кездешет. Ага бүт өмүрүн арнаса анан кийин кайдан-жайдан жаш келин келип анын үйүнө ээлик кыла баштаса ал үчүн кыйын кырдаал жаралат. Келинине болгон кыжыры күчөп ага атаандашканга өтөт. Баласынын көзүнчө басынтып, бул үйдө ким кожейке экенин баса белгилегенген да кайра тартпайт. Келинин кылган оокатына, баскан-турганына оңой менен ичи жылыбайт.
Тыңчы-кайнене – Жаш жубайларды аңдыгандан тажабайт. Келини эмне кылып жүрөөрүн шимшилегенди адатка айландырат. Уул-келини эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын тыңшап туруу ал үчүн катардагы көрүнүш болушу мүмкүн. Мындай кайнененин эч кандай зыяны деле жок. Болгону жогорудагыдай жоругу келин үчүн абдан эле жагымсыз.
Ишкер-кайнене – карьераны биринчи орунга койгон келин менен иши жок кайнене. Ач кулактан тынч кулак деген кайнене кири жуулдубу, баласы тамак ичтиби, үй жыйналдыбы көп деле кызыкдар эмес. Келин мындай учурда өзү кожейке катары толук эркиндикте болот. Кайненем эмне дейт деп заарканбай каалаган тамагын жасап оокатын кыла алат.
Кулагыңа күмүш сырга!
☻ Энеде күйөөгө тийген балам жакшы, анан аны өстүрүп тарбиялаган мен жаман болуп каламбы деген таарыныч күч болот. Жолдошуңузду сүйсөңүз кайненени да ошондой деңгээлде жакшы көргөндү үйрөнүңүз. Мейли тыңчы, атаандаш, жеткен каарду болсун. Ал сиздин жолдошуңузга татыктуу тарбия берди. Жок дегенде ошонусуна ыраазы болуңуз.
☻ Өзүм билемдике салып анын үйүнө ээ болуп кайненени төргө отургузганга шашпаңыз. Кээ бир кайнене тиричиликте кошо кармашып оокат жасашат. Бирөөгө жагат, экинчи келин илешпей отура бербейби деп жаман көрөт. Унчукпай анын берген жардамын жакшы кабыл алыңыз. Тескерисинче жакшылап байкап, кайненеңиз кандай оокат кылып жатканын көрүп үйрөнүп алсаңыз да болот.
☻ Кайненеге чын жүрөктөн жакшы мамиле жасап ага белек бергенди адатка айландырсаңыз болот. Ар кандай кеңеш сурап аны менен мамилени тыгыз кармаганга аракет кылыңыз. Эгер бөлөк жашасаңыз бат-бат телефон чалып ден-соолугунан, жашоосунан кабар алып турган да ашыкча болбойт.
☻ Апаң ушинте берет, мен сүйлөсөм эле жактырбайт деген сөздөр жолдошуңуз үчүн эң жагымсыз нерсе. Сизди кандай сүйсө апасын да сизден кем эмес жакшы көрөөрүн эстен чыгарбаңыз. Кулагынын кужурун алып кайненеңизди жамандай берсеңиз акыры ал экөөңүздүн бирөөсүн тандоого аргасыз болот. Анча-мынча кайненеге болгон таарынычты ичке жутуп ортодо жолдошуңузду чайнабай эле койгон оң.
☻ Кыргызда «төркүнүңөн сөз ташыбай төш ташы» деген жакшы сөзү бар. Кайненени өз апаңызга жамандап, ага арманыңызды айтып наалыганда өзүңүз үчүн эки зыяндуу нерсе табасыз. Биринчиси, апаңызда ашыкча санаа, кудагыйына болгон жек көрүү өсөт. Экинчиси, эртели-кеч ал сөз ортого чыкса кайненеңиз сизди мурдакыдан да жаман көрүп калат. Андыктан өз үйүңүздөгү уруш-талаш, кайчы пикирлер сыртка «саякаттап» кетпей ошол жерде калганы туура.