Кадимки суюктуктардын башка касиеттери.

https://kyrgyzcha.site/?p=37091&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кадимки суюктуктардын башка касиеттери

 

Биз жашоодо колдонуп жүргөн айрым суюктуктар кээде үй чарбасы үчүн алда канча маанилүү өзгөчөлүккө

ээ болуп чыга келет. Эмесе, алардын биз байкабаган касиеттерине сиз да кызыгып назар салып көрүңүз.

 

Кофе

 

— Муздаткычтын же шкафтын ичи жагымсыз жыттанып кетсе, ал жакка кофеси ичилип бүтүп түбүндө жугу калган кружканы марляга ороп туруп салып коюңуз.

 

— Кофенин бошоп калган сыртын кийимдердин арасына салып койсо, ал жакка күбө түшүрүүчү көпөлөк жолобойт.

 

— Кумурскадан арылуу үчүн анын үй ичине кирип жаткан жолуна жана уюктарына ичилген кофенин калдыгын кургатып, сээп коюу керек.

 

— Кофени ысык сууга аралаштырып, аны менен жыгачтан жасалган кара түстөгү эмеректин көчүп калган жерлерин боёп, кургатып койсоңуз, эмерегиңиз жаңыдай болуп калат.

 

— Демделген кофенин буусуна чүпүрөктү бир аз тосуп турасыз. Анан аны менен булгаары сумкаларды, колкаптарды, кийимдерди сүртсөңүз, жаңыдай көрүнүп калат.

 

— Күл түшүргүчтүн жагымсыз жытын кетирүү үчүн аны кофенин даны менен жууңуз.

 

— Жаңы булгаары сумканын жагымсыз жытын кетирүү үчүн анын бетине кофенин данын себелеп, ошол бойдон бир күн калтырып коюу керек.

 

 

 

Сүт

 

— Айнек парданы жуучу сууга бир аз сүт аралашкан синьканын эритмесин кошкон жакшы. Ал кургаганда айнек парда жаңы сатып алгандагыдай болуп калат.

 

— Шейшепти, ак кийимди жууй турган сууга бир аз сүт жана крахмал кошуп койсо болот. Мындан кийин ал жаркыраган ак түскө ээ болот.

 

— Өтүк майга сүттүн бир нече тамчысын кошуп аралаштырып, ошону менен бут кийимиңизди сүртсөңүз, ал жылтырап жакшы көрүнөт.

 

— Кийимге жаңы түшкөн кара такты сүт менен жууп жиберсе кетип калат.

 

— Сүткө малынган чүпүрөк менен сүртсө, күзгү таза болот.

 

 

 

Уксус

 

— Дубалга жазылган калемсаптын тагын уксус менен сүртүп кетирүү жеңил.

 

— Бир аз уксус кошулган сууга чайкаса, шейшептин самыны таза кетет.

 

— Кийимде калган атырдын тагын кетирүү үчүн аны уксус менен айна кошулган сууга салып колго жышып жууш керек.

 

— Сатылып алынган жашылча-жемишке сиңип калган химиялык жер семирткичтен арылуу үчүн аны бир аз уксус кошулган сууга салып койсо болот. Бирок, бир нече мүнөттөн кийин алып, таза сууга жакшылап жуу зарыл.

 

— Эски килемди жакшылап күүп, уксуска нымдалган чүпүрөк менен сүртсө, ал жаңы көрүнүп калат.

 

— Алкактарын сырдаганда айнекке чачыраган сырларды уксуска нымдалган чүпүрөк менен сүртсө тез кетет.

 

— Линолеум менен паркеттен жасалган полду уксус кошулган сууга (10 л суу+1 стакан уксус) жууган жакшы.

 

— Нан көгөрүп кетпеш үчүн нан салгычтын ичин жумасына бир жолу уксус кошулган суу менен сүртүп турса болот.

 

— Жумуртка бышып жаткан сууга бир аз уксус кошуп койсо, ал жарылбай бышат.

 

Кока Кола

 

— Эки стакан Кока Коланы унитаздын ичине айланта куюп жиберип, капкагын бир саатка жаап коюңуз. Бул аралыкта бардык бактериялар өлүп калат. Ушундан соң жуулган унитаздын ичи жаркырап таптаза боло түшөт.

 

— Кийимдеги майдын тагына Кока Коланы куюп, 2 саатка коюп коюңуз. Андан кийин жуусаңыз тактан эч нерсе калбайт. Эгер ал так мунай майыныкы болсо, аны 8-10 саатка чейин кармап, анан жууп салуу жакшы натыйжа берет.

 

— Кафелди Кола менен жууган жакшы.

 

— Унаанын маңдайкы айнегин да Кока Кола менен жууса кири жакшы кетип, айнек туптунук болуп калат.

 

— Дат баскан буюмду бир күнгө Кока Колага салып коюп анан жууса, даты оңой кетет.

 

— Түбү күйүп калган мискейге Коланы куюп, отко коюңуз. Бир кайнаган соң Коланы төгүп, ысык суу менен жууп салсаңыз мискейиңиз жаркырап калат.

 

— Чайнектин ичиндеги кеберден арылуу үчүн ага Кока Коланы куюп, бир нече мүнөт кайнатыңыз да, андан соң суу менен жууп салыңыз.

Чай

 

— Чайдын жыт сиңирүүчү касиети күчтүү. Сарымсак же балык тазалаган соң колуңуз жагымсыз жыттанып калса, коюу демделген кара чайга колуңузду жууңуз.

 

— Шкафтын, кийим салган текченин ичин күбө түшүрүүчү көпөлөк басып кетпеш үчүн ал жакка көк чайдын бир жолу колдонулуучу 1-2 пакетин коюп койсо болот.

 

— Камырга жакшы демделген кара чайдан кошуп жууруса, ал камырдан жасалган азык жагымдуу күрөң түскө ээ болуп бышат.

 

— Кооздук үчүн жасалган токума буюмдардын жана кийимдердин түсүн чайга жууп өзгөртсө болот. Ал үчүн 1 л кайнап турган сууга 2 аш кашык чай, 2 чай кашык туз салып 2-3 мүнөт кайнатуу керек. Оттон чыгарган соң ага буюмду 10-15 мүнөт чылап, анан бир аз уксус кошулган муздак сууга чайкап салуу зарыл.

 

— Идиш жуучу каражатка аллергиясы бар айымдар аны кадимки кургак чай менен алмаштырса болот.

 

— Демделген чай менен сүртсө, күзгүнүн, айнектин, полдун кири жакшы кетет. Бирок, артынан таза суу менен аарчып чыгууга туура келет.

 

— Кара кийимдин үтүктөлгөн кырын жазууга туура келип калса, 2 аш кашык жүгөрү крахмалы кошулган кара чайды ошол кыр чыккан жерлерге бүркүп жиберип, анан үтүк менен катуу-катуу басып салуу керек.

 

Сыра

 

— Жыгач эмеректи сырага малынган чүпүрөк менен сүртүп, артынан кургактап аарчып койсо, жылтырап өңүнө чыга түшөт.

 

— Металл идиш-аякты да өз өңүнө келтирүү үчүн аны сырага нымдалган гезит менен сүртүү керек.

 

— Килемге төгүлгөн чайдын, кофенин тагын кетирүү үчүн ал жерге сыраны куюп, катуу-катуу сүртүңүз.

 

— Алтын жасалгаларды тазалоо үчүн аны бир канча убакытка сырага салып коюп, андан соң жумшак чүпүрөк менен тазалап сүртүп салуу зарыл.

 

— Өсүмдүктү 1:10 өлчөмүндө сыра аралашкан суу менен сугарса, ал тез өсөт жана зыянкечтер жолобойт.

 

— Жемишти же ал турган жерди каптаган зыянкечтерден арылуу үчүн ага жакын жерге сыра куюлган бөтөлкөнү коюп, оозун толук жаппоо керек. Зыянкечтер жытына тартылып бөтөлкөнүн ичине кире беришет.

Арак

 

— Гүл узакка чейин соолубай турсун үчүн вазадагы сууга бир нече тамчы арак, анан бир чай кашык шекер кошуп койсо болот. Бирок, сууну күндө алмаштырып туруу зарыл.

 

— Жуунуучу бөлмөнүн керамикадан жасалган жерлерин жылтыратуу үчүн аракка нымдалган чүпүрөк менен сүртүү керек.

 

— Кийимге сиңген жагымсыз жытты кетирүү керек болсо, ага аракты тегиз чачып туруп шамалдап турган салкын жерге кургатып алуу кажет.

 

— Көз айнекке түшкөн колдун тагын же кирди аракка нымдалган жумшак чүпүрөк менен сүртсө жакшы кетет.

 

— Дат басып буралбай калган техника бурамаларын ага арак куюп жиберүү менен бошотуу жеңил.

 

— Лезвиени бир же эки саатка аракка салып коюп анан колдонсо, ал дат баспай көпкө курч бойдон турат.

 

— Камырга 1 аш кашык арак кошуп койсо, андан жасалган азык даамдуу жана кеч ката турган сапатка ээ болот.

— Арак менен балдын сапатын да текшерүүгө болот. Ал үчүн бир аш кашык балды ысытып туруп аракка куюп көрүү керек. Эгер бал толугу менен эрип кетсе — табигый, эрибей бүртүк-бүртүк болуп калса же арак киргил тартып кетсе — жасалма.

 

— Эт жумшак болуп бышсын үчүн ал кайнап жаткан шорпонун көбүгүн алып, ага арак (500 г этке 1 аш кашык арак) кошуп койсо болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️