Көздүн асты шишик тартса…

https://kyrgyzcha.site/?p=64074&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Көздүн асты шишик тартса

 

Муздаткычта турган бадыраңды жука тилип, көздүн тегерегине 5 мүнөт коюп коюңуз. Андан кийин атайын крем сүйкөөгө болот.

 

Пайдаланылган бир жолку чай баштыкчаларын муздатып туруп көздүн астындагы шишикке коюу керек. Бул ыкма көздүн тегерегиндеги теринин өңүн да жакшыртат.

 

 

 

Муздаткычка 2 темир чай кашыкты салып коюңуз. Кашыктар муздаганда аларды көздүн астындагы шишикке 1-2 мүнөт басып туруу керек. Бул шишиктин тез тарашына өбөлгө түзөт.

 

Чийки картошканы эзип, аны дакиге же кебезге ороп алыңыз. Эми аны көздүн астына 3-4 мүнөт басып туруу керек.

 

Петрушканы майда туурап, ага бир аз каймак аралаштырып көздүн тегерегине сүйкөңүз. Бул масканы 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️