Көпчүлүгү төрөттөн кийин толуп кетет.

https://kyrgyzcha.site/?p=40898&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кымча бел келиндерибиз , көпчүлүгү төрөттөн кийин толуп кетет.

Себеби эмнеде ?

Төрөттөн кийинки диетаны сакташ керек.

Уул төрөгөн аял ысык тамактан алысыраак болгону жакшы. Кыз төрөгөн аял бир аз ысык тамак аралаштырып жеген жакшы.

 

Бизде түштүктө кызы биринчи баласын төрөгөндө сөзсүз апасы 40 күн багат.

Баланы кантип караарын,эмизээрин, кандай тамакты жээрин апасы көзөмөлдөйт.

 

Туура эмес тамактануудан , төрөгөн аялга жел турат. Себепсиз семирет.

Кайра арыкташ үчүн эмнени гана кылышпайт.

 

Төрөгөн аял ;

** Өтө куурулган

** Өтө туздуу

** Данектүү

** Майлуу, чучук ,сыр , колбаса

** Газдалган суу

** Кымыз, бозо

** Өтө таттуу шириндиктер

** Койдун,эчкинин, индуктун ,айрыкча жылкынын эти

**Сары май, сүт,

**Сүрсүгөн эт **Куурдак,самсы,шашлык

** Муздак суу

Жебеш керек..

 

Төрөгөн аял өтө ысык нерсе ичсе , баласынын оозу оюлат.

 

Суук нерсе жесе,ичсе аялдын тишине суук тиет, баласынын ичи өтөт.

 

Жок дегенде 2 ай ,кээ бирлери 6 ай.

Жаңы төрөгөн аял , төрөлгөн жаш бала кандай назик болсо ошондой назик болуп калат.

Жеңил тамак жеп ,акырындап тамакка аралашып кетиш керек.

 

Төрөттөн айнып,семирип кеткендер фирманын кымбат дарыларын ичип убара болбогула,акча кетирип.

Иммунитетти түшүрбөстөн диетага отуруш керек.

Жашылча жемиш диетасы,жок дегенде 3 жыл.

Эртең менен сөзсүз дененин температурасындай суу 200 гр дан баштап акырындап 1л ге жеткирүү керек. 1 л ди сүрүп 6 ай ичүү керек.

 

Мүмкүн болсо лимонду кабыгын тешпестен эзип алып ,200 гр сууга кошуп ичкен жакшы. Бир күндө алгач бир, анан 2, анан 3 жолу ач карын. Бара бара лимонду көбөйтүү керек. 1 жылга созуш керек. Арыктатат.

 

Физзарядка жасоо керек.

Ушуларды жасагандан кийин; жайында сары топуракка ванна кылуу керек.

Топуракты тизеден казып,аралаштырып саратандын күнүндө .

Күндүн жантайыңкы тийген абалында,бир күндө 2 маал, жүрөктү гана жөн коюп ,денени топуракка көмөт. Башына шляпа же зонтик, топуракта 2-3 саат жатат.

Топурактан чыгып ысык кайнатма шорпо ичет.

Алдын ала күнгө асты үстүнө сала турган жайылып турган төшөктөргө жатат. 2-3 саат уктайт. Шамал эмес , көлөкө жерге уктайт.

Жок дегенде 10 жолу ушундай процедура жасаш керек.

Топуракта жатканда, ысык төшөккө оронуп жатканда аябай тердейт.

Жел тер менен чыгып кетет.

Эгер жел үзгөн адам болсо, мына эми күн алгачкы күркүрөгөн мезгилде үздүргөн жакшы.

Ким үзөт билбеймин мен.

Былтыр сурашканынан, Бишкекте бир тааныш бар эле, үзөсүңбү десем ,ооба дегенинен ,баргандардын баары нараазы болушту.

Кымбат анан жыйынтык жок.

Процедураларды бала эмизген учурда жасабагыла.

 

Эмне демекчимин ,бир гана карылыкка дары жок.

Баарынын дабасы бар , арыктаса болот.

 

Баарыныздарга энелик бакубат, бактылуу жашоо каалаймын.

 

Постту бөлүшкүлө, ден соолук боюнча пайдалуу маалымат аласыңар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️