Көк пияздын пайдасы менен зыяны

https://kyrgyzcha.site/?p=47100&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Көк пияздын пайдасы менен зыяны

 

 

 

Көк пиязды ар түрдүү тамакка кошсо укмуштуудай даам бере эмеспи. Анын курамындагы пайдалуу заттар менен витаминдер сабагында көп кездешет. Бул өсүмдүктүн дарылык касиети элдик медицинада кенен колдонулат. Ошону менен катар, көк пияз чач өстүрүүдө же бекем кылуу үчүн косметологияда да колдонулат.

 

Көк пияздын 100 грамында 19 килокалория бар. Анын курамы 1,3 г белоктон, 0,0 г майдан жана 4,6 г көмүрсуудан турат. Ошону менен бирге, көк пиязда А, В1, В2, В5, С витаминдери бар. Сабагынан калий, натрий, магний, кальций, темир, фосфор жана цинкти кездештире алабыз.

 

Көк пияздын пайдасы – Суук тийгенде боло турчу ооруларды алдын алууга, тамак-аш сиңирүү системасын жакшыртууга, табитти ачууга жакшы жардам берет. Себеби, көк пияздын башындагы С витамини апельсин менен алмадан да көп. – Анын курамында орофилл болгондуктан, канда темир аз болгон кезде пайдалуу. – Көк пиязда кальций менен фосфор бар болгондуктан, тиштин абалын жакшыртат. Тиштин канашы азайып, тиш ооруларынын улгаюсуна жол бербейт. – Сабагында цинк көп болгондуктан, аялдардын репродуктивдүү системасына, тырмакка, чачка жана териге жакшы таасир берет.

 

Көк пияздын зыяны

 

Өсүмдүк жогоруда айтылгандай пайдасына карабастан, аны колдонууга каршы көрсөткүчтөр да бар. Эгер ашказаныңыз менен ичеги-карыныңыз ооруса, көк пиязды көп колдонгонго болбойт. Көк пиязды көп өлчөмдө жесеңиз артериялык кан басымды жогорулатышы мүмкүн. Бул көк пиязды таптакыр жебеш керек деген сөз эмес, болгону көп өлчөмдө колдонбоңуз.

 

Кожейкелерге кеңеш: – Пайдалуу заттар көк пияздын ак башында жана андан 10 сантиметрге чейинки сабагында өтө көп болот. Өсүмдүк организмге жакшы таасир бериши үчүн аны колдонордун алдында бир аз туздап жана ага өсүмдүк майын кошкон оң;

– Көк пиязды катып алардан мурун анын катуу жана ак болгон баш жагына маани бериңиз. Сабагынын кою жашыл болгону жакшы. Көк пияз формасы өтө чоң болгон түрүн албаңыз. Анын сабагынын учу кургак болбош керек.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️