ИДИШТЕРИҢИЗДИН ЖАЛТЫРАП ТУРУШУН КААЛАЙСЫЗБЫ?

https://kyrgyzcha.site/?p=47509&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ИДИШТЕРИҢИЗДИН ЖАЛТЫРАП ТУРУШУН КААЛАЙСЫЗБЫ?

Идиш жууганды жакшы

көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү,

бизге бул жумушту баары бир

кылууга туура келет.

Болгондо да күн сайын, а

түгүл, бир күндө бир нече

жолу. А идиштери күзгүдөй

жалтырап турса, бул ошол

ашкананын кожойкесинин

мыктылыгынан кабар берет.

Фарфор идиш

Фарфор идиштин бир

кемчилиги — аны көп убакыт

колдонгон соң ал бозоруп

баштапкы абалын жогото

баштайт. Бактыга жараша, аны

бир нече ыкмалардын

жардамы менен кайра жаңы

кезиндегидей жалтырак

калыбына келтирүүгө болот.

— Сүрөтү жок аппак түстөгү

фарфор идиштерин сода же

туз кошулган уксус менен жуу

эң жакшы жыйынтык берет.

— Фарфор идишиндеги

тактарды бир аз нашатырь

спирти кошулган жылуу сууга

жууса болот.

— Идиштеги сүрөттөр өчпөй

жакшы сакталыш үчүн аны өтө

ысык сууга жуу сунушталбайт.

Ошондой эле идиштеги

сүрөттөрдүн тез өчүшүнө сода

да таасир этет, айрыкча ал

сүрөттөр алтын түстүү болсо.

— Көп колдонулбаган фарфор

идиштер ак кагазга оролуп

турганда жакшы сакталат.

Чоюн идиш

Чоюн казанды же көмөчтанды

жуугандан мурун кагаз менен

аарчып алуу керек. Андан соң

ысык сууга идиш жуугуч

каражат кошуп жуусаңыз,

жакшы жыйынтыкка ээ

болосуз. Күйгөн тамактын

калдыгын кургак тузду сүрүү

менен кетирсеңиз болот.

— Казанды же көмөчтанды

тазалоо үчүн аны отко оодарып

коёсуз. Жакшы ысыган чоюнду

бычак менен кырып оңой

тазалоого болот.

— Казанды ар бир пайдаланган

соң ага бир аз суу куюп, бир

нече мүнөт кайнатып, андан

соң жылуу суу менен чайкап

жүрсөңүз, казаныңыз дайыма

таза болот жана жагымсыз

жытка ээ болбойт.

— Казан, көмөчтанды дат

баспаш үчүн аларды дайыма

кургак жерге сактаңыз.

Алюминий идиш

Алюминий идиштердин

өзгөчөлүгү жеңил, дат баспайт,

кескин температурадан

коркпойт, оңой тазаланат.

Бирок туздан, содадан,

кислотадан тез бузулат.

Андыктан ага туздалган капуста

кошулган борщ, компот

кайнатууга болбойт. Ошондой

эле алюминий мискейге даяр

тамакты сактоо да

сунушталбайт.

— Алюминий идиштеги күйгөн

тамактын тагын кетирүү үчүн

ага пияз кошулган сууну

кайнатып, андан соң идиш

жуучу каражат менен жууп

саласыз.

— Ичи карарып калган

алюминий мискейди агартуу

үчүн ага толтуруп суу куюп, 3-4

чоң кашык уксус кошосуз да,

10-15 мүнөт кайнатасыз.

— Алюминий идишти жалтырак

түскө келтирүүдө күлгө

малынган капустанын

жалбырагы менен жууган да оң

натыйжа берет. — — Андан соң

ысык суу менен чайкап саласыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️