Ичеги эмнеге экинчи мээ деп аталат? Ичеги тууралуу таң калтырган алты факты
Жүлүндөн дагы көбүрөөк нерв клеткалары бар органды билесизби? Бул орган нерв системасынан өз алдынча иштейт.
Албетте, бул органдын аты ичеги. Ичеги миллиондогон нейрон же нерв клеткалары менен туташкандыктан, аны «экинчи мээ» деп аташат.
Биздин тамак сиңирүү системабыздын башка да олуттуу функциялары бар.
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, адамдын ичегисинин саламаттыгы иммундук системасына түздөн-түз байлануу болуп, кишинин психологиясына дагы таасир этет.
Ичеги тууралуу таң калычтуу фактыларды сунуштайбыз:
1. Өзүн-өзү башкарган нерв системасы
«Денедеги башка органдарыбыздан айырмаланып, биздин ичегибиз өзүн-өзү башкара алат. Ага мээ буйрук бербейт», — дейт ичеги саламаттыгы боюнча дарыгер Меган Росси.
Органдын көз карандысыз акылы — ичеги нерв системасы деп аталат. Ал бир гана ичеги-карындын туура иштешине жооптуу болгон организмдин борбордук нерв системасынын бир бөлүгү.
2. Денедеги иммундук клеткаларыбыздын 70 пайызы ичегиде жайгашкан
Дарыгер Россинин айтымында, ичегинин саламаттыгы ар түрдүү ооруларга каршы иммунитетти чыңдоого маанилүү роль ойнойт.
Соңку изилдөөлөр ичегиге байланыштуу илдеттен улам, адам баласынын башка ооруларды жуктуруу ыктымалдуулугу жогорулайт. Мисалы, ичегиси туура иштебеген адам сасык тумоо сыяктуу илдет менен ооруп калышы мүмкүн.
3. Заңдын 50 пайызы бактерия
Биздин денебиз бир гана тамактыкты сиңиргенден кийинки калдыктарды бөлүп чыгарбайт.
Заңдагы бактериялардын көпчүлүгү денебизге пайдалуу болуп саналат.
Ал себептен заңдагы бактерияларды оорулуу адамга трансплантациялоо аркылуу жеткирип, даарылаган учурлар болот. Бул ыкманын медициналык дагы аты бар.
Ушул темада баарлашып калгандыктан, дарыгер Россиден күнүнө канча жолу ажатканага барышыбыз керектигин сурадык. Дарыгер күнүнө үч жолудан, аптасына үч жолу барылса ичегинин саламакттыгы жакшы экенин билдирет деп айтты.
4. Көп түрдүү азык — ичеги микрободорун жакшыртат
Биздин ичегибизде триллионго чейин микроб бар. Алар тамакты сиңирүүгө жардам бергендиктен маанилүү каражат болуп саналат. Ар бир микробдук топ ар башка тамак менен азыктанат.
Ошондуктан ичегининин иштешин жакшыртуу үчүн, ар түрдүү тамактарды жеп турушубуз зарыл. Бир гана эт менен нан эмес, балык, жашылча-жемиштер менен дагы азыктануу керек.
Күнүгө тамактын бир эле түрүн жей берген адамдын ичегисинде микробдор алсыз болот.
Туура тамактануу жөнүндө жаңы изилдөө. Кайсыл убакытта тамактануу керек?
Менингит мээге чапса, иштин бүткөнү
5. Сиздин маанайыңыз ичегиңизге көз каранды
Росси айым ичегини карап, адамдын стресс деңгээлин аныктаса болот деп билдирди.
«Ден соолук үчүн стресстен арылуу чындыгында абдан маанилүү», -дейт ал.
Эксперимент: эмне үчүн стресстен салмак кошулат?
Ичеги денедеги серотонин затынын 80-90 пайызын чыгарат. Серотонин дененин бардык бөлүгүнө, анын ичинде ичегиге дагы таасир этет.
Мындан сырткары, серотониндин деңгээли аз болсо психикалык ооруларды пайда кылат. Узак убакытка чейин стресс болсоңуз, анда серотониндин деңгээли төмөндөйт жана ал эмоционалдык абалыңызга таасир этет. Мисалы, маанайыңыз түшөт, кыжырданасыз жана капалуу болуп каласыз.
6. Ичегинин саламаттыгын жакшыртса болот
Дарыгер Росси ичегини жакшыртуу боюнча бир катар кеңештерди берет.
•Микробдорду жакшыртуу үчүн көп түрдүү тамактарды жеп туруу керек.
•Спорт жана йога менен алектенип, стресстен арылыңыз.
•Эгер ичегиңизде маселе болсо, анда алкоголдук ичимдиктерден, кофейин (кофе менен чай) жана ачуу тамактардан алыс болуңуз. Анткени алар ооруну күчөтүп жибериши мүмкүн.
•Күнүнө 7-8 саат уктаңыз. Изилдөөлөргө ылайык, эгерде аз уктасаңыз, ичегиңиздеги микробдордун цикли да бузулушу мүмкүн. Ошондуктан өз убагында укташыңыз зарыл.
Ичегиңизге дагы көңүл буруп, ден соолуңузду чыңдап алыңыз.