ГОРОСКОП БОЮНЧА КЫЗДАРДЫН МУНОЗУ!!!

https://kyrgyzcha.site/?p=52222&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ГОРОСКОП БОЮНЧА КЫЗДАРДЫН МУНОЗУ!!!

Кой

Кызуу кандуу кой белгисиндеги кыздар келечекте түгөйлөрү баатыр болушун каалашат. Тактап айтканда чечкиндүү, үйдө кожоюн, сый урматка ээ мырзаларды тандашат. Таразалар Кой белгисиндеги кыздар үчүн мыкты көңүдөш боло алышат. Алар кошулганда ортосундагы сүйүүлөрү оттой ысык болуп, унутулгус кечтер, сезимдер тартууланат.

Бөйөн жана Текечерлер менен дагы жакшы тил табышып, бактылуу бүлө кура алышат. Букачар жана Балыктарды тандаса, алар үйдө одогуйдай шартты түзө алышкандыктан, узак өмүрдө, ынтымактуу жашашат. Арстан жана Жаачы менен мамиле курганда этият болушу абзел. Бир нерсени туура эмес кылып койгон учурда бул белгидеги жылдыздар бат эле сезимдерин жоготуп коюшат.

Букачар

Бул белгидеги кыздар өтө өзүмчүл болушат. Сүйүүдө да дал ушул көрүнүш. Мамиле курууда эң биринчи ишеним менен тартипти талап кылышат. Өз каалоолору менен бул белгидеги жылдыздар менен Кой, Эгиздер, Арстан, Чаян жана Суукуйдулар мамиле курушат. Таразалар менен сүйүүлөрү ишенимдүү жана туруктуу болот. Ошондой эле дайыма сый урматта жана жалындуу сүйүүдө жашашаарын да кошуп кетиш керек.

Бөйөн жана Балыктар менен да берилип сүйүшсө болот, бирок алар сүйүүлөрүнө туруктуу болбой кызыгы кетип калганда оңой эле таштап коюшу мүмкүн. Эки Букачардын ортосундагы мамилеге өтө эле кыйын болот. Биринен бири өтүп, дайыма татыктуу сапаттарын далилдеш үчүн баардык нерселерге барышат. Бири-бирине да баш ийишпейт. Ошондуктан ортодогу мамилени, сыйды, сүйүүнү сактап калыш үчүн кыйын болуудан жана өзүмчүлдүктөн алыс болуп, бири-бири менен тил табышууга, бирине бири баш ийүүгө туура келет.

Үй-бүлөдөгү чыр-чатакка Бийкечтер менен биригүү кепилдик берет. Алар менен мамиле курууда дайыма анын каалоолору аткарылыш үчүн көп нерсеге чыдаш керек болот. Ал эми Букачарлар мындай сапаттардан алыс болушат. Алар өздөрүнүн айткандарын беришпейт. Ошондуктан кээде гана бул белгидеги жылдыздар тил табышып калышы мүмкүн. Ал эми Текечерлер менен келишип калышса, дайыма өздөрү чечкиндүү болууга туура келет.

Эгиздер

Бул белгидеги жылдыздар адатта тилинен чаң чыккан чечен келишет жана каалаганынын башын айлантып, жүрөгүн багындырып алат.

Ошентсе да Кой, Арстан, Бийкеч жана Жаачылар менен ийгиликтүү бириге алышат. Алар чечен Эгиздерди сааттап, күндөп-түндөп уккандан тажашпайт. Тескерисинче алардын узак маектеринен рахат алып, эс алып, алардын бул сапаттарын баалашы да мүмкүн.

Эгиздер бири-бири менен тил табышып калышса, узак өмүрдө татыктуу сүйүүдө гана жашашат. Алардын бири-бирин табышы идеалдуу биригүү. Анткени эркиндикти сүйгөн Эгиздер гана бир-бирин жакшы түшүнө алышат. Алар бир жерде отурганды каалашпайт, дайыма изденүүнүн, көңүл ачуунун үстүндө жүрүшөт. Мындай биригүү аларды Балыктар менен да күтүп калыш мүмкүн. Бул жерде алар ыйык сезимдерине таянып гана бири-бирин түшүнө алышы мүмкүн, бирок чечим чыгаруу абдан эле татаал болуп калат.

Таразалар менен болгон сүйүү мамилелери башында жеңил курулганы менен, кийин акырындап олтуруп ар кандай чыр чатактарга барып токтолушу мүмкүн. Мындай учурда жаңжал да оңой аяктабайт. Ошондуктан акыл калчап маселелерди чечишсе, сүйүүлөрү чың болушу мүмкүн.

Бөйөн

Бөйөн белгисиндеги кыздар абдан сексуалдуу жана жалындуу болушат. Булар үчүн эң сонун түгөй Букачар, Бийкеч, Тараза, Жаачы жана өзгөчө Текечерлер боло алышат. Бул белгидеги мырзалар менен алар өздөрүн ишенимдүү жана каалоомдуу алып жүрүшөт. Бөйөндөрдүн дайыма каалоомдуу, сексуалдуу болушу түгөйлөрүнө ар кандай шектенүүлөрдү жаратып коюшу мүмкүн.

Шек саноо түгөйүн тынчсыздандырып ордуна койбой кыжаалат кылат: сүйөт-сүйбөйт, жагат-жакпайт, эмне кылып жатасың деги? – деген суроолорун жанын койбой өзүнө кайра-кайра берет. Мындай ойлор Балыктар жана Чаяндар менен ажырашууга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле Суукуйдулар менен болгон бүлө да коркунучтуу болушу мүмкүн.

Бөйөн эң сонун көңүлдөш. Бирок андан ашыкча эмес, болгону ошо. Тилекке каршы жалындуу мачо Бөйөн белгисиндеги айымдарга мыкты жолдош болуп бере албайт. Ал эми Бөйөндөр мырзалар менен мамиле курганда жалаң гана келечектеги бүлө туурасында ойлошу зарыл.

Арстан

Арстан –жылдыз белгилердин борборунда. Бекеринен эле алар дайыма көңүл буруунун борборунда жүрүшпөсө керек.

Арстандардын бири-бири менен болгон мамилесин укмуштуудай түгөйлөр деп гана атагандан башка арга жок. Алар өмүр бою айлана-чөйрөгө үлгүлүү үй-бүлө, сүйүүлөрү бекем экенин далилдеп жашашат.

Эгиздер, Таразалар, Суукуйдулар жана Букачарлар менен болгон роман мактоолорду гана жаратат. Себеби ушул белгидеги жылдыздар менен гана жылдыздарын төп келишип, сүйүүлөрү узак жана бекем болот. Бул белгидеги эркектер алар үчүн белектер, көңүл буруу канчалык маанилүү экенин мыкты түшүнүшөт. Мындай тандемде Арстандар өздөрүн лидер сезе алышат. Болгону гана ашыкча лидер болуп кеткенден абайлашы же болбосо белектен да жигиттен да куру жалак калышат.

Кой жана Жаачы Арстандар үчүн өтө эле активдүү көңүлдөш. Ал эми мындай көрүнүштөр жакшылык менен аяктабасын эске алып жүрүшү абзел.

Бийкеч

Бийкеч белгисиндеги айымдар укмуштуудай жагымдуу жана чырайлуу болушат. Секс аларга дайыма ырахат алып келет. Анткени алардын каалоо сезимдери абдан бай келет.

Оттой ысык сүйүү Кой, Жаачы, Эгиздер менен болгон биригүүдө гана жалындуу болот. Бөйөн жана Чаяндар менен болгон союз да ийгиликтүү болушу мүмкүн. Ошондой эле Балыктар менен болгон мамиле алар күтпөгөн ыйык сезимдерди тартуулайт.

Бийкечтер менен тил табышуу оңой болбойт. Чындыгында бул романдан жалындуу сүйүүнү күтүп кереги жок. Бирок ортодогу түшүнүк жана сый экөөңүздөргө тең ылайыктуу сезилип, ынтымактуу бүлө күтө алышат.

Арстан менен Таразанын ааламына кирүү кыйын болуп калат. Ал эми мындай белгидеги мырзалар менен жашоо сизге жийиркеничти гана алып келет. Букачар жана Текечерлер менен да тил табышуу кыйын болот.

Тараза

Таразалар “сүйүүсүз бир күн да жашоо жок” деген ураан менен жашашат. Алар үчүн сүйүү бар жерде жашоо бар.

Чыныгы сүйүү Бөйөндөр жана Текечерлер менен түзүлгөн никеде болот. Дал ушул белгидеги жылдыздар менен болгон мамилени узак жана бейпил жашоо күтүп турат. Жалындуу, берилген сүйүүнү Кой менен болгон никеде көрө алышат. Алгач бири-бирине тартылышат, андан кийин ал жалындар бат эле өчүп ажырашышат.

Арстан жана Жаачылар мен өздөрүн ишенимдүү сезе алышат.

Эгиздер, Суукуйдулар менен түзүлгөн нике жашоосуна тынчтык бербейт. Алар менен дайыма кызыктуу, бирок дайыма жаңжал, уруш-талаш болуп турат. Ошондуктан ал нерселерден алыс эле болушканы жакшы.

Бийкеч жана Чаяндар Таразалар үчүн жагымдуу жана жеткиликтүү эмес. Эң сонун жана туура нерсе. Анткени алардан алыс эле болушканы жакшы. Бул белгидеги жылдыздар менен күтүп турган роман өтө эле сейрек кездешет.

Чаян

Булар сүйүүдө абдан шамдагай, шок келишет. Достук мамилени баардыгы менен эле колдоп жүрө беришет, бирок бирөөсүн гана тандап, олуттуу мамиле курушат. Болгону ошол мамилеге жетүү көп досторунун, чаржайыттын айынан кыйынчылык туудуруп коёт.

Букачар жана Таразалар менен жаман эмес мамиле түзсө болот. Алар менен бирдей суксуалдык каалоого ээ.

Арстан жана Суукуйду менен өздөрүн коомдо ишенимдүү алып жүрүшөт.

Букачар жана Таразалар менен да ийгиликтүү, узак роман курса болот.

Көңүлдөш Балыктар жакшы тандоо эмес. Бир чети өздөрүн сылык жана чыдамдуу алып жүрүшсө, Балыктар Чаяндарга мыкты түгөй боло алышат.

Жаачы

Абдан активдүү, жадатаарлык, дайыма кыймылда жүргөн мэргенчилер. Бул белгидеги айымдар менен болгусу келген эркектер ар тараптуу кокустуктарга, сюрприздерге, жаңылыктарга алдын ала даяр болушу керек болот. Ошондой эле саякаттоону, ар кандай өзгөчө кызыктырарлык укмуштуу окуяларды жактырышы зарыл.

Жаачылар өздөрүнүн түгөйлөрүн Таразалар, Эгиздер жана Суукуйдулардын арасынан издесе жакшы. Төшөктө да эң мыкты тил табыша алышат. Ошондой эле Бийкеч, Балыктар менен да сүйүү мамилелерин куруп көрсө ийгиликтүү болушу ыктымал.

Жаачылар эркиндикти сүйүүнүн белгиси болушкандыктан, эркиндикке чек койгондорду дароо душманы катары эсептеп калышат. Ошондуктан Кой, Арстан, Букачар, Бөйөн жана Текечелер бул сапаттарына жол бербешин эске алышы керек. Албетте алардын арасынан өз сүйүүлөрүн кезиктириши мүмкүн жана мындай никени бактылуулук деп атаса болот.

Текечер

Өзүмчүл, өз оюнан кайтпаган, бирок олуттуу жана баардык жерде тартипти сактаганга аракет кылган Текечерлерге түгөй тандоо көбүнчө кыйын, кээде жеңил.

Эң сонун түгөй Текечер. Эмоциялары окшош, эмнени каалаганын толук билген Текечерлер гана Текечерлерди мыкты түшүнө алышат.

Бөйөн, Суукуйду жана Балыктар менен тил табышуу жеңил болот. Эгер өздөрүн ачып, сезимдерин жашырышпаса, укмуштуудай роман күтүшү мүмкүн. Кой жана Таразалар менен чыныгы ырахатты алса болот.

Жалындуу мамилени Эгиздер жана Арстандар менен түзсө болот.

Жаачылар менен тил табышуу кыйынчылык туудурат.

Суукуйду

Суукуйдулардын сырткы келбети алдап коюшу мүмкүн. Албетте алар шайыр, эл менен бат тил табышып кетишет жана акылдуу болушат. Бирок алар үчүн төшөк мамилеси өтө деле маанилүү эмес. Алар жандуу, абдан кызыктуу маекти баардык учурда укмуш секстен да жогору баалашат.

Арстан жана Суукуйду булар үчүн алмашкыс түгөй аталышат. Ошондой эле өздөрүн Кой, Балык, Жаачылар менен жакшы сезишет, оңой тил табышат.

Эгиздерге жана Текечерлерге жаралган сүйүү Суукуйдулар үчүн ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн.

Балык

Табиятынан романтик болушат. Ошондуктан баардык сезимдерди багындырышат.

Идеалдуу көңүлдөштөр Балыктар. Бири-бирин мыкты түшүнгөн Балыктар жашоодо да, төшөктө да каалоолорун айттырбай түшүнүшөт.

Эгиздер жана Жаачылар менен болгон эмоционалдык биригүүдө баардык таланттарын ачышат.

Букачар, Текечерлер менен олуттуу мамиле куруу мүмкүн эмес. Бирок эмоционалдык планда өздөрүнө жалаң ырахат тартуулашат. Алардын сексуалдык каалоолору Балыктардыкынан бир топ жогору.

Бөйөн жана Бийкечтер менен тил табышып калышса, маселе жаралып калышы ыктымал.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️