ГИНЕКОЛОГДОР БИЗДИ КАНТИП АЛДАШАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=47518&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ГИНЕКОЛОГДОР БИЗДИ КАНТИП АЛДАШАТ

 

Китептердин автору, медицина илимдеринин кандидаты, гинеколог Дмитрий Лубнин, “аялдардын дарыгерлери” өз пациенттерин кантип алдаары тууралуу айтып берди.

 

 

 

 

 

 

– Дмитрий, айтсаңыз, кандай «аял ооруларын» дарылап кереги жок?

 

– Көпчүлүк гинекологдор көйгөйдү апыртышат жана пациенттерин коркутуп турушат. Дарыгерден чыккан аял көздөрү коркунучка толуп, эмнеден жаздым кетирдим, кантип, деген суроолорго башы батат. Чынында, баары эле мынчалык коркунучтуу эмес, кароодо табылган оорулардын жарымын дарылабай эле койсо болот.

 

Бизде, дүйнө жүзү шылдыңдап күлгөн үч нерсе бар: “дисбактериоз” деген диагноз, жатындын моюнунун эрозиясын дарылайбыз жана биринчи триместрден баштап эле кош бойлуулукту сактап кала беребиз. Бул 3 нерсени бир дагы өнүккөн өлкөдө кылбайт.

 

Жатындын моюнунун эрозиясы – бул абалга, дүйнөнүн бардык өлкөсүндө, төмөнкү эки кырдаал жаралбаса, тийбегенге аракет кылышат. Эгер сыртында тамырлар жайгашып калып, жыныстык катнаш убагында кансыраса, анан күйгүзүшөт. Экинчи момент, эпителий көп суюктук бөлүп чыгарып, аял ак түстөгү бөлүнүп чыгуу көп болуп жатканына арызданса.

 

 

 

Калган бардык убактарда бул абалга көзөмөл салып гана турушат. Баарын катары менен күйгүзүп кереги жок, бул жаман болушу да мүмкүн. Контакт болгондо кансыроочу сырттагы кан тамырлар же көп бөлүнүп чыгуулар, мындай абал аз гана аялдарда кездешет.

 

Ал эми жатындын моюнунун эрозиясын дарылоо менен алектенген клиникалардын жылдык кирешеси өтө чоң, анткени, эрозия бардык аялдарда кездешет.

 

Экинчи – уреплазма менен микоплазманы дайыны жок дарылай берүү. Бул микроорганизмдер транзитордук, башкача айтканда убак-убагы менен эркектин да, аялдын да жыныс органдарында жашашат. Алар коркунучтуу эмес жана тукумсуздукка да, бойдон түшүп калууга да, башка оорчулуктарга да алып келбейт.

 

 

 

Дарылоо болсо күчтүү, оор, таасир спектри кеңири болгон антибиотиктер менен бир нече күндөн бир нече жумага чейин кылынат.

 

Адамдын папиллома вирусун дарылап кереги жок. Ал дарыланбайт. Дүйнөдө, ага таасир берүүчү бир дагы дары-дармек жок. Аны болсо кандайдыр бир вируска каршы дарылар, иммуномодуляторлор, капельницалар жана уколдор менен дарылашат. Эң кызыгы, бул препараттардын көпчүлүгү клиникалык текшерүүдөн өткөн эмес, жана кыйыр таасири кандай болот, эч ким билбейт.

 

 

 

– «Гардасил» эффективдүүбү?

 

– Ооруну айыктыруу үчүн чыгарылган перпарат менен вакцинанын айырмасын билиш керек. «Гардасил» – бул вакцина. Ал адамдын папиллома вирусун (АПВ — ВПЧ) жуктурбоочу иммунитетти түзөт, ошондуктан, аны жыныстык жашоону баштоодон мурун алыш керек. Презерватив АПВдан коргой албайт жана дээрлик баары жугузуп алышат, аны менен иммунитет гана алыша алат.

 

Дагы эмнени дарылашат… Жатындын миомасына карата, мисалы, пациенттерди абдан радикалдуу жана катуу дарылашат, бизде көбүнчө хирургия жолу менен жатынды алып салууну сунушташат. Бирок көпчүлүк убакта анын кереги жок, кээде ушунда оор акыбалда да боюна бүткөнгө болот, бирок, бул жерде биздин дарыгерлер максималдуу “айыктырганга” аракет кылышат.

 

 

 

Дагы бир кызыктуу оору, тагыраагы оору да эмес, абал – бул жатын моюнунун кистасы. Такыр коркунучу жок, жатындын моюнуна чыккан, суюктук толгон майда баштыкчалар. Аларды кескилеп, операция кылышат.

 

Бизде, бардык кистаны убагы келе электе эле операция кыла беришет. Бир ай аралыгында өзү эле жоголуп кетчү кисталар болот. Өлчөмү 2 сантиметрден кичине болгон урук бездин эндометриоиддик кисталары болот, аны операция кылып такыр кереги жок, себеби кистанын өзүнө караганда операция урук безге терс таасир тийгизет: урук бези мындай кийлигишүүдөн кийин өз активдүүлүгүн жоготот.

 

Жатын моюнунун бүтүп калган деформациясын, төрөттөн кийинки майда ажырыктарды дарылап кереги жок. Биздин гинекологдор аларды да алып салганга ашыгышат. Алар дагы организмге кандайдыр бир таасир берет деп санашат.

 

– Аял өзүнүн гинекологун кантип табыш керек?

 

– Ар кимдики өзүнүкү. Билесизби, мага көрүнүүгө келген пациенттердин кээ бирине: “Биз бири-бирибизге туура келбейбиз”, деп айтам. Себеби, ар кимдин өзүнүн гинекологу болуш керек. Бирөөнө, “Эмне келдиң? Отур!.. Тур!…” деген гинеколог керек. Башкасына, баарын түшүндүрүп, төкпөй чачпай айтып берген гинеколог керек, жана ал (пациент) дарыгер эмне кылып атканын түшүнүп турушу керек. Биринчи пациентке экинчи гинекологдун кереги жок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️