ЭТТИН КАЙСЫ ТҮРҮ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

https://kyrgyzcha.site/?p=49333&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭТТИН КАЙСЫ ТҮРҮ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

 

«Сууктап баратам. Эт жебесем болбой калды…» Мындай сөздөрдү өзгөчө кышкысын көп угабыз. Анан эмне, көчмөн элдер илгертен мал багып, анын эти менен сүтүн негизги азык катары пайдаланып келе жатса. Ошол эт түрлөрү кимге пайда, кимге зыян?

 

ЭТТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖЕШ КЕРЕК?

Кандай эт болбосун курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Витаминдер зат алмашууга катышат жана башка. Андыктан адам эт жеп турушу керек. 1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми жаш балдар үчүн 200-300 грамм.

Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу.

 

ЖЫЛКЫ ЭТИ

Пайдасы. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиӊет. Холестерин жок. Булчуӊдарды чыӊдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.

 

Зыяны. Сүрсүгөн, майлуу этин, чучугун жесе, өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Мындан тышкары төө этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, жылкы эти да ошолордо сунушталбайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️