Эркек – кыздын артынан чуркап жүргөндө апрель айындай, үйлөнүп алгандан кийин декабрь айындай…
Эркек – трагедиядай, эгер эрки, юморго мээси жетпесе…
Эркек – атыр эмес, аскердеги балдардай тер жыттанып туруш керек…
Эркек – эгер сулуу болсо, анда акылы кем, эгер акылдуу болсо, анда сулуу эмес, ал эми сулуу да, акылдуу да болсо, анда көбүнчө гомосексуалист…
Эркек – өтө эле менменсинген киши, кээде эркектана болбой калат…
Эркек – жаныбардай, эгер акча таап иштебесе…
Эркек – макоо, эгер колунан келип туруп, аялды каалабаса..
Эркек – импотент, эгер каалап туруп колунан келбесе…
Эркек – үтүктөй, ыпысык, тынбай сылайт, иштеп суу ичет…
Эркек – жолборстой, же жалгыз, же түбөлүккө сүйгөнү менен өмүр сүрөт..
Эркек- короздой, көп тоокко чуркап, бокко тоюп кыйраткансып кокоёт..
Эркек – бир чоң баладай, аял кам көрбөсө, бакпаса, карабаса шөмтүрөйт…
Эркек – академик илимпоздой, өзүнүн башынан өткөн кемпайлыкты, кемчиликтерди такыр мойнуна албайт…
Эркек – багбандай, багындагы гүлдөрдү кандай караса, аялын да ошентип карайт…
Эркек – дайыма беш кутулмай жообу даяр: «Мен досторчо эле», «Жакшы көрүп кеттим», «Ой капыстан эле», эң көп айтканы «Өзүңдөн кетти»…
Эркек – мышыктай, курсагы ток болсо кечке уктайт, сылап сыйпасаң башыңа чыгат…
Эркек – кээде үйдө эчтеке жасабай көнүмүш үйдө турган эмеректей болуп калат…
Эркек – күндөй, кээде кеч киргенде жок болуп, эртең менен пайда болот…
Эркек – машинедей, аялы кайда айдаса жөнөйт, каякка бур десе бурулат, күткүн десе турат кокоюп…
Эркек – секс жиндиси, жаныбарлар ургаачы менен муун улантканга гана чанда бир убагы келгенде мамиле кылса, эркек күнүгө каалайт, кээде көчөдө аялзат жагып калса деле каалай берет…
Эркек – өзүмчүл, дайыма ансыз жашай албаган аял менен болгусу келет, анан ошол аялды башка эркекке сынтагып аягына чейин барат, керек болсо жанын кечет…
Эркек – аялга окшоп ыйлап, эч кандай проблема чече албайт..
Эркек – билерман, техниканы андан кыйын түшүнгөн эч ким жок деп ойлойт, айрыкча аялдар киришсе өтө жаман көрөт…
Эркек – артист, мейман келсе кожоюн болуп төрдөн түшпөй кыйкырат, мейман жокто үнү угулбайт…
Эркек – жооптуу, ЗАГСка чыкыйып бир саат мурда келип келесоодой чый-пыйы чыгып, аңкайып «ай караган текедей» күтөт, кыз болсо азем башталганга бир мүнөт калганда камарабай келет, “эми кайда качмак эле” дегенсип…
Эркек – алмуруттай, чоңоюп семирсе келбети кетип, бети, башы, курсагы эле килейет..
Эркек – тогуз айлык эмес, он айлык бала көтөргөндөй семирсе деле эч ким орун бошотуп бербейт…
Эркек – сапердой, бир ката кетсе, бүттү, өлдү, өмүр бою алимент төлөйт, анан, аял миң бай болсо да эркекке алимент төлөбөйт…
Эркек – үйлөнөм десе достору көңүл айтышат, мазакташат, кызга болсо достору жыргап сүйүнүшөт, сынтагышат, бактылуу турмуш тилешет, куттукташат, тим эле чоң майрам кылышат…
Эркек – кээ бир аялдардай миллионерге күйөөгө тийишпейт, маңдай тери, акылы менен байыйт..
Эркек – мурдагы эркектер азыр жок, азыр тамак даярдайт, кир жууйт, үй жыйнайт, аялы Россияга же алыска кетсе, бала да багат, аялдар болсо эркекке окшоп баратышат..
Эркек – аялга окшоп «Баатыр-эне» орденин албайт, алам да дебейт..
Эркек – алдамчы, үйлөнгөндө кыздын колун эле сурайт, кийин колун эле эмес, башка жактарын да каалайт…
Эркек – зоодой, эгерде жанында сүйгөн, ишенген, сыймыктанган, жанындай көргөн жары турса…
Эркек – радиодой, аял «мээңди иштетчи» деп күйгүзсө анан иштей баштайт…
Эркек – аяр, аялдын жүрөгү менен ойнобошу керек, анткени жүрөк бирөө, андан көрө төшү менен ойносун, алар экөө…
Эркек – андан өткөн жомокчу, жамакчы жок, аялынын алдында көз ирмемде беш бет жомокту төгүп жиберет, эртеси сураса төкпөй-чачпай ошол жомогун кайталап берет, «айтпадым беле» деп кекетип да коёт, кантип ойлоп тапканына өзү да таң калат…
Эркек – 30 жашта – “PLAYBOY”,
40 жашта – “PLAYMAN”,
50 жашта – “PLAYOFF”,
60 жашта – “GAME OVER”….
Эркек – казына, анткени кайненеси кызынан ар дайым сурайт, «Кайдан тапкансың бул желмогузду» деп, кызы эч качан айтпайт…
Эркек – «короткое замыкание» дейт, анын сүйүп, катуу каалап өпкүлөгөнүнөн аялдын «предохранителдери” күйүп кетет…
Эркек – “Bluetooth” дай, жанында турса – байланыш жакшы, сени эле карайт, бир аз ары жылса болду, башканы издей баштайт…
Эркек – аялы ары болсо эле мышыкты чаң соргуч менен кыйкыртат…
Эркек – жонглердой, шымынын чөнтөгүнө колун салып «трусасын» оңдоп коёт..
Эркек – көйнөгүн отургучка жууп илип коёт да, эртең менен «үтүктөлүп калды» деп кийип кете берет…
Эркек – “автопилоттой”, аялы салып койгон программа менен кечке жүрө берет…
Эркек – шампунь жок болсо, кандай самын болсо да башын жууп ала берет…
Эркек – үкүдөй, түнү уйкудан калып футбол көрөт…
Эркек – сагызгандай, дайыма каткан акчасы бар…
Эркек – бүркүттөй, кызганса, жарылса да тартып же өзүнө каратып алат…
Эркек – көгүчкөндөй, тим эле сонун боркулдайт көптөргө, көптүн башына жаба төгөт…
Эркек – колибридей, бир гүлдөн кетсе экинчисине конот…
Эркек – банандай, убакыт өткөн сайын жумшак болот…
Эркек – рекламадай, кээде анын бир да сөзүнө ишенип болбойт…
Эркек – сүттөй, эсиңен чыгып калса ташып, чуркап кетет…
Эркек – кээде ооруган тиштей, анын кыңкылдап жей бергенине чыдабайсың…
Эркек – козу карындай, эң койкойгонунун уусу көп болот…
Эркек – чөнтөк телефондой, убакыт өткөн сайын заряды тез бүтөт…
Эркек – мойнунан байланган иттей, коё берсең эле качат шыйпандап, куйругун карматпай…
Эркек – арстандай, эс алганы көңүлдөшү менен коркпой барат…
Эркек – карышкырдай, эс алганы жалгыз барат, түнү ууга чыгып бирөөнү кармайт…
Эркек – эшектей, эс алганы жүдөп- какап бала-чакасы менен барат…
Эркек – батареядай, убакыт өткөн сайын алы кетет…
Эркек – акча таап алган кичинекей баладай, эч качан чөнтөк телефонунда эмне бар экенин көрсөтпөйт…
Эркек – тоңкулдактай, эч качан «башы оорубайт»…
Эркек – жаман мергенчидей, бир кызды кармап багынтса, он эркекке айтат…
Эркек – ушакчы, эки эркектин башы бириксе кыздарды сүйлөшөт, керек болсо аялдардан ашып кетишет…
Эркек – туздай, ашка тойсо эле эрийт…
Эркек – деңиз аскериндей, командировканы чыдабай күтөт…
Эркек – босс, кичине эле кызматынан чоңойсо бардыгына-туугандарына, аялына босс болуп алат…
Эркек – Дон Жуан, чынбы, жалганбы, баланча кыздар мени сүйгөн дейт, сакалы агарса деле жаш кыздардан көзүн албайт…
Эркек – супермодель, эч качан өзүн сулуу эмесмин дебейт, дайыма жүрөгү жапжаш….