ЭНЕЛЕРДИН ЭЧ КАЧАН ПЕРЗЕНТТЕРИНЕ АЙТА АЛБАГАН СОЗДОРУ.
?? Алдыма келгениңде арзыбаган болсо да, бир нерсе көтөрүп келсең, балдарыңа бир нерселер алганда бир жок дегенде байпак же шириндик алып мени да катарга кошуп эстеп ала келгениң мага канчалык көңүл бурарыңды билдирет,мени курсан кылат.
??Эне, эмне жегиңиз келди, эмне тамак жасайын, кандай тамак жегиңиз келип жатат бүгүн деп келинимин сурап койгону «өзүң бил, балам» деп жооп бергеним менен, көңүлүмдү канча жарык кылат, келиниме мээримди арттырат.
??Бир ишти бүткөндөн кийин эмес, жасаарда, бараарда кандай кылалы деп кеңешип турганыңар жүрөгүмү жылытат.
??Мага билгизбей үй-бүлөң: келиним, неберелерим менен сейилдеп, көңүл ачканы кеткениңерде «ашка жүк, башка жүк» болуп калгам го деп ичимен сызып үйдө жалгыздыкты шерик кылып отуруп калам.
?? Мени менен ишиң болбой,телефонуңду чукулап отурганың,мени жаш баладай көрүп, «эчтекени түшүнбөйт» деп ойлогонуң,бир нерсе десем «чалгытты» деп ачууланганың ушунчалык капа кылат.
??Мага кылганыңды, бергениңди мен жасадым, мен бердим деп ооз учуңдан да болсо айткан бир ооз милдет кылган сөзүң бергениңди бекер кылат, а менин жегеними желим, ичкеними ириң кылат. Милдет кылсаң кылба, бербе, жасаба, балам.
Келиним, күйөө балам, уулум, кызым баарыңын кулагыңа күмүш сырга!
??Ашканада белим ооруп, буттарымда кубаты калбай, сага жана балдарыңа тамак даярдасам, даам татып көрүп,жактырбай чекеңди бырыштырсаң жүрөгүм бырчаланып кетет.
??Балдарыңды, неберелеримди какыс-кукус кылып койсом келиним экөөң тең мени душман көрүп , балаңарды аяп, мага кыр көрсөтүп, алая түшсөңөр жан дүйнөм кыйрап, ичим эңшериле түшөт. Сенин балаң менин неберем. Анда менин да каным бар, ал менин да бир тамырым, жаным эмеспи?! Урушсам жаман бол дебей, тарбияга чакырып жатканым экенин унутпасаң экен! Сени сүйгөн жүрөгүм, сенин балаңды кантип сүйбөсүн?! Чоң-энеңди (чоң-атаң) ук, айтканын эки кылба деп келиним экөөң балаңарды ошол учурда тыйып, мени коштоп койсоңор, ошол неберелеримдин алдында менин баркымы көтөргөнүңөр, учуру келип өзүңөр чоң-ата,чоң-эне болгонуңарда балдарыңар, неберелериңер сөзүңөрдү уккан кадырлуу карыя болушуңарга эле себеп болор эле.
?? Үйгө келгениңде мени көрүү үчүн эмес,бири -бириң менен сүйлөшкөнү келгендей,сүйлөшүп жатканыңарда сукбатыңарда мага орун жоктой мамиле кылсаң өзүмдү эч кими жок бечарадай жалгыз сезип кетем.
??Жалгыз отурганымда күттүүсүздөн мени көргөнү кирип келгениң, ал-абалымды сурап күндө телефон чалып турганың мага аалам толо кубаныч тартуулайт. (Бүгүн чалды чалбады, аман бекен, убактысы жок го деп ар ойго батам…)
?? Мени жаш баладай көрүп, «аны мындай,муну тигиндей жасаңыз » дегениңе муктаж эмесмин. (Жаш баланы жумшагандай иш буйруп жиберсеңер өзүмдү чоң-эне эмес келин сезип кетем.) Тескерисинче ,мага өз ордумда,сага көп нерсени үйрөткөн ,каталарыңды мээрим менен түшүндүргөн эне катары мамиле кылууңду каалайт элем.
?? Жаш кезиңде кызматыңды чын дилден жасачумун. Азыр эми менин да сага айта албаган муктаждыктарым бар.Ай сайын айлыгыңдан мага да аз гана ажыратып турсаң мени курсан кылган, дубаларым себептүү тапкан нерселериң берекелүү болгонун көргөн болор элең.
?? Бир күн келип,менин бөлмөмө киресиң. Бирок,ошондо таппай каласың.Канча чоңойсоң да,сен мен үчүн ар дайым кирсиз таза,жүрөгүмжүн бир бөлүгү, көздөрүмдүн нуру,жаным балам бойдон каласың.
Насаатымды кабыл ал,боор этим!Сага катуулук көрсөтүп,канчалык урушуп-тилдеген болсом да,сени дайыма жакшы көрөм.
Дүйнөнүн сулуулугун сенин бактыңда деп эсептеген энеңден капа болбо!
Арыктагы суу ылдый карай аккандай,сен да мага караганда балдарыңа көбүрөөк мээримиңди төгөсүң. Инсандын табияты ушундай…Эне «балам» десе,баласы да «балам» дейт.
Ошондуктан Алла Таала Куранда перзенттериңерге дебестен,»ата-энеңерге жакшылык кылгыла» деди.
«Роббиң өзүнө гана ибадат кылууңарды жана ата-энеңерге жакшылык кылууңарды буюрду. Эгер ата-энеңердин бирөө же экөө тең колуңарда карылыкка жетсе, аларга эч качан «уф» дебе! Аларды зекибе,жакшы сөздөрдү гана сүйлө!
Аларга мээрим канатыңды жайып: «Оо Жараткан,алар мени кичинекей кезимде чоңойтуп-өстүргөндөй,сен да аларга мээримиңди төккүн!» — деп айт.»
Исра сүрөсү, 23 -24 -аяттар.
Бул — энелердин «Мумкун өзү көз карашымдан жашоомду,абалымды билип алар» — деп,сизге айта албай жүргөн сөздөрү.