Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ЭҢ МААНИЛҮҮ, ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР.

https://kyrgyzcha.site/?p=38862&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭҢ МААНИЛҮҮ, ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР.

 

1. Жылуу көк чайды бал менен ичсеңиз мээге пайдасы көп.

2. Тиштериңизди таза кармаңыз.

3. Сабизди уктаар алдында жесеңиз ден-соолукка пайда.

4. Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө өтө зыяндуу.

5. Бийалма (айва) ширеси боор оорусун даарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат.

6. Ар кандай ооруну дарылоо ашказанды айрандын сарысы менен жуугандан башталат.

7. Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз.

8. Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат.

9. Адатта, кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек.

10. Жатар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз

11. Уктаар алдында төмөнкүлөрдү жесе мүмкүн: алма, бир кашык бал, бир стакан кефир же бал кошулган бир стакан жылуу сүт.

12. Уйкусу качкан адам бал жаласын

13. Тез-тез айрандын сарысын ичип туруу кандын булганышынан (уремия) оорусунан сактайт.

14. Таранчы жана бөдөнөнүн шорпосу адамды ар тараптан бакубат кылат.

15. Адамдын боору төрт нерсени жакшы көрөт: чийки капуста, быштак, катуу нан, бал.

16. Жайкысын муздак сууга көп жуунуп турсаңыз, жүрөгүңүздүн жана бооруңуздун иштеши жакшырат.

17. Ширингүрүч адамды жашартат, эркектик уруктугун көбөйтөт.

18. Мончодон кийин тишиңизди тазаласаңыз, ал бат агарат.

19. Ит мурунду кайнатып, чайдын ордуна ичүү өтө пайдалуу.

20. Дайыма отуруп иштеген адам ар саатта ордунан туруп бассын.

21. Алма инсан организмине керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат. Күнүнө эки алма жесе жетиштүү болот.

22. Ашказаныңыз ооруп жатканда эртең менен жана уктаар алдында бир кашык дакталган зайтун майын ичүү сунушталат.

23. Кези келгенде орточо ыйлап туруу ден-соолукка пайдалуу.

24. Кимде-ким 1 литр айрандын сары суусун кечинде 10-15 күндө бир жолу ичип, ашказанын жууса, кан басымы, кант диабети, геморрой, ашказан оорусу сыяктуу оорулардан кутулат.

25. Жашылчаларды көп пайдалануу өмүрдү узартат.

26. Көк чайды дайыма ичкен жана сары сабиз жеген адам өсмө (рак) оорусуна чалдыкпайт.

27. Спорттун эң пайдалуусу чуркоо.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE