ЭМНЕГЕ БОСОГОГО ТУЗ ЧАЧЫП КОЮШАТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=53037&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭМНЕГЕ БОСОГОГО ТУЗ ЧАЧЫП КОЮШАТ? СИЗ ДА УШУНДАЙ КЫЛАСЫЗБЫ?

 

Жок, бул ырым-жырым эмес!

 

 

 

 

 

 

Балким сизге кызыктай угулушу мүмкүн, бирок тузду илгертен эле тазалоочу каражат катары колдонушат.

 

Туз – дезинфекция кылуучу жана ар кандай буюмдарды тазалоочу, ууландыруучу эффекти жок мыкты каражат, деп жазат Healthy Journal.

 

Ошондой эле туз абдан арзан турат, ошондуктан андай ролдо колдонуп көрүү эч нерсеге деле турбайт. Көптөгөн тазалоочу каражаттар кымбат эле эмес, ден соолук үчүн да зыян, анткени зыяндуу химикаттардан жасалат.

 

 

1. Кумурскалардан коргонуу

 

Терезеде, эшиктин алдында же шкафтарда толуп кеткен кумурскалардан кутулгуңуз келсе, алар жүргөн жерлерге туз сээп коюңуз. Ошондой эле туз нымдуулуктун деңгээлин азайтат.

 

2. Жез, латунь жана күмүштү жалтыратуу

 

Бул металлдарды тазалап турбаса өңү өчүп кетет. Бул жерде да жардамга туз келет. Тузду алма уксусуна аралаштырып металл буюмдарды жалтыраганча сүртүңүз. Бул табигый каражат бардык тактар менен кирдин изинен арылтат.

 

 

3. Агындарды тазалоо

 

Бир аз тузду жылуу сууга ээритип жана ашканадагы же ваннадагы раковинанын агындарын жууңуз. Туз, түтүктөргө толуп калган май калдыктарынан тазалап, жагымсыз жыттардан арылтат.

 

4. Үйдө жана машинада терезелерин тазалоо

 

2 аш кашык тузду 3,5 литр жылуу сууга эритип алыңыз. Бул аралашма менен катып калган кирлерди кетирсе болот. Эң башкысы – тазалык эффекти көпкө чейин сакталат.

 

 

5. Терини жашартуу

 

Тузду лаванданын же зайтундун эфир майы менен аралаштырыңыз. Бул аралашманы денеңизге шыбаңыз. 1-2 мүнөт күткөн соң жылуу суу менен чайканыңыз. Туз теринин эски катмарларынан бат жана эффективдүү арылтат. Ошондой эле, тери жаш жана саламат түскө келет.

 

6. Тиштин оорусун басаңдатуу

 

Эгер тиштин оорусу жаныңызды алып жатса, туз жардамга келет. Болгону бир аз тузду жылуу сууга эритип алыш керек. Анын толук ээришине көз салыңыз. Оозуңузду аралашма менен чайкаңыз. Жыйынтыгы күттүрбөй келет.

 

7. Тишти агартуу жана ооз көңдөйүнө кам көрүү

 

Агартуучу аралашма жасап алуу үчүн, сода менен тузду бирдей пропорцияда аралаштырып алыңыз.

 

Бул каражатты каалаган убакта колдонуңуз. Сиздин тиштериңизге табигый актыкты тартуулайт.

 

8. Кир жууштун жыйынтыгын жакшыртуу

 

Кийимдин отуруп кетишинен сакташ үчүн кир жуугуч машинага бир туз салыңыз. Бул өзгөчө, эгер кирди күндө кургатсаңыз, жардам берет.

 

9. Парда менен килемдердин өңүн калыбына келтирүү

 

Эгер парда менен килемдин өңүн калыбына келтиргиңиз келсе, сизге туз эритиндиси жардамга келет. Бир жолу колдонуу менен жаңы түсүнө кайтып келет. Кездемени концентратталган туз эритиндисине салып коюңуз. Бир аз убакыттан кийин чыгарып алып, парда менен килемди сүртүңүз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️