ЧЫНДЫККА ЖАКЫНДАЙБЫ?

https://kyrgyzcha.site/?p=53429&preview=true Пайдалуу кеңештер.

 

ЧЫНДЫККА ЖАКЫНДАЙБЫ?

Чычкан жылы (1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008)

Бул адамдар максаттуу, эмгекчил, сарамжал келишип, байлыкка умтулушат. Бир нерсеге аябай берилгенде же чоң сезимге кабылууда гана сарамжалдуулукту унутуп коюшу ыктымал. Ушактап, каралоодон кайра качышпагандыктан алардын достору эмес, жөн гана тааныштары бар. Эч нерседен кем болбоого тырышып, келечеги үчүн дайыма тынчсызданып турушат. Бирок карылыкка камдаган сарамжалдуулугун ак эмгек эмес, куулук менен чогултушат. Өзүлөрү кара күчкө караганда акыл-эс жумуштарын берилип аткарышат.

Уй жылы (1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009)

Чыдамкай, көп сүйлөбөгөн, элдин ишенимине ээ адамдар. Алар токтоо, ыкшоо, салмактуу келишет. Карапайымдыгынын артында акыл жана терең ой жүгүртө билүү жашынып жатат. Чыдамкай келишкендиктен турмуштун оош-кыйыштарын оңой эле көтөрүшөт. Алар эскичил болгондуктан бейкут турмушун козгогон жаңы нерселерди кабыл ала алышпайт. Сапарга чыгууну, турган жерин алмаштырууну талап кылган жумуштар аларга жакпайт. Үй-бүлө буларга эң маанилүү. Балдарын жанындай көрүп, алар менен сыймыктанып турушат.

Пример HTML-страницы

Жолборс жылы (1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010)

Бул жылы туулгандар сезимтал, ачуусу чукул, алабарман келишет. Өзүнүн тууралыгын аңдабай эле талаш-тартышка даяр турат. Баш ийүүнү каалабаганы менен башкаларды өзүнө баш ийүүгө мажбурлашат. Көп учурда жаңылыш чечим чыгарышат же туура чечимге кеч келишет. Ошондуктан алардын айтканын дароо аткарбай эле койгон оң. Өзүлөрү болсо эч кимге ишенишпейт. Тобокелге салган иштерди жакшы көрүшкөндүктөн булардан кылмышкерлер да чыгышы мүмкүн. Эски көз караштарды жерип, дайыма алдыда жүрүшөт.

Коён жылы (1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)

Көп нерсеге жөндөмдүү, төрөпейил бул адамдар жөнөкөй, салмактуу жана ак пейил. Табити жагынан алдына ат салдырбайт. Жалпы журттун сыймыгы жана ишенимине ээ. Сөзгө чечен, өзүн жана башкаларды баалай билет. Бир чоң кемчилиги – чалагайым. Токтоо келишкендиктен алардын маанайын бузуу оңой эмес. Бирок көп нерсеге ичтен сызып жүрүшөт. Жыргал жана коопсуз турмушка умтулушуп, жети өлчөп, бир кесмейин иш кылышпайт. Акча жаатында ар дайым жолдуу, эпчил. Жактырганына жумшак, элпек мамиле кылышат.

Ажыдаар жылы (1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)

Ден соолугу мыкты, жигердүү, таза, эки жүздүүлүккө, майдачылыккка, жаман сөзгө жөндөмсүз адамдар. Телегейи тегиздикке болгон умтулуусу өзүнө жана башкаларга болгон талапты күчөтөт. Аларга ишенүүгө болот. Бир нерсеге бат берилген жөндөмдүү сапаты менен кайсы тармакты тандабасын, мыкты адис болуп чыгат. Аларды көпчүлүк жакшы көргөнү менен өзүлөрү башкалардын баарын эле жакшы көрө бербейт. Жалгыздыкты жактырып, анда өзүн бактылуу сезишет. Ушул себептүү көпчүлүгү кеч үйлөнүшөт.

Жылан жылы (1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Жыландар акылдуу жана кыраакы келишет. Көп сүйлөбөй, терең ойлонушат. Баштаган ишин чечкиндүү түрдө аягына чыгарышат, иши бузулганды жек көрүшөт. Карызга акча бергенди жактырышпайт, айрым учурда гана жакындарга жардам катары берип калуулары ыктымал. Бирок алар жардам кылган иште тийгизген пайдасынан дагы жараткан түйшүгү көп болуп кетет. Жаштыгында акча үчүн кам санабай, кенен жашап, карылыкка жеткенде битир адамга айланат. Жалкоо экенине карабай ишине кылдат, так мамиле кылган артыкчылыгы бар.

Жылкы жылы (1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Салабаттуу, тамашакөй адамдар. Акчаны туура колдоно билет. Жакшы кийинип алып театр, чогулуш, спорттук мелдеш сыяктуу эл көп чогулган жерде жүргөндү жакшы көрүшөт. Ачууга алдырып, эмнени болбосун, кашыктап жыйнаганын чөмүчтөп чачып алышат. Ээ-жаа бербеген ачуусун көргөндөр аларга эч качан ишенбей калышат. Таң каларлык өзүмчүл келишкендиктен башкалар азап тартып жатса да өзүнүн гана камын көрүп жаны тынбайт. Жердигинен бирөөнүн көзүн карабайт, башкалардын кеңешин укпайт. Бул анын иштерин ойрондотот.

Кой жылы (1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)

Сымбаттуу, сүйкүмдүү, жаратылышты сүйгөн булар өнөрпоз келишет. Кыймыл-аракеттери салабаттуу, сыпаа болгону менен мүнөздөрү чорт. Тартипке баш ийбестиги, кечигүүсү аларды жек көрүндү кылат. Кой жылында туулгандарда табит да, талант да бар. Бирок соода тармагына келгенде колдорунан эч нерсе келбейт. Жакшы санаалаштарына колунда болгонун аябай берген ак көңүл. Жетекчиликке жөндөмдүү жана жакшы адамдардын таасири алдында искусствонун айрым түрүндө жылдызы жанат.

Маймыл жылы (1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)

Булар эпчил, акылдуу, эң татаал маселелерди оңой эле чече алышат. Адамдарга жугумдуу келип, топ элдин сүймөнчүгүнө айланышат. Куу мүнөзүнө айланасындагылар сак мамиле кылуулары керек. Алар өздөрүн жогору сезип, башкаларды анчейин теңине алышпайт. Билим дегенде жантыгынан жата калмайы бар. Көргөнүн, укканын эч качан унутушпайт. Жеринен өзүн-өзү билип, эркиндикке көнгөн буларды бир нерсеге көндүрүү кыйын. Өз жөндөмүнө жараша иш тапса, адамды тажаткан маңыздыгы азая түшмөк.

Тоок жылы (1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Бул жылы туулгандар эр жүрөк, каарман келишет. Ушунчалык эр жүрөк болгондуктан өлүмгө деле жылмая карап коюшат. Таланты талпынып турган булар терең ойлонуп, эмгектенүүдөн качпай, ишине берилүү менен мамиле кылышат. Алы келбеген иш болсо да милдетин аткарууга тырышып, оюндагыдай бүтүрө албай калса абдан капа болот. Ойлогонун түз, бетке айтышат. Бул сапаты аларды башкалар менен кагылышууга алып келет. Булардагы жанда жок жигердүүлүк жалкоолукту оңой жеңип, байлыкка, карк жашоого жеткирет.

Ит жылы (1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

Адамдык эң мыкты касиеттерге ээ булар — сырга бек чыныгы жолдоштор. Алар колунда болсо да шаан-шөкөткө умтулушпайт. Майдачылыктан алыс болуп, жакындарына камкор келишет. Өжөрдүгүнө жараша кырстыгы да бар. Алар адилетсиздикке кандайынан болбосун, каршы чыгып, оңдомоюн жандары жай албайт. Материалдык жыргалчылыксыз эле сонун күн көрө алышат. Булардан жакшы жетекчи же коомдук ишмер чыгышы демейки көрүнүш. Бирок бул кызматтарда чечендик жактан аксашат.

Каман жылы (1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Күчтүү, чынчыл сапаттарга ээ бул адамдар баалаган, сыйлаган жакындарына абдан көңүл бурушат. Башкаларга да өзүнө кылгандай катуу жана талапчыл мамиле кылып, чанда гана копромисске келиши мүмкүн. Табиятынан сезимтал жана ак көңүл келип, талаш менен чырды жектеп, ызы-чуудан качып турат. Үй-бүлөлүк жашоодо ишенимдүү. Милдеттерин так билип абийир менен кемчиликсиз аткарат. Ал эми өзү туура деп кабыл алган чечимди эч ким эч качан буза албайт. Эркиндикти баалап, көз карандысыз жашоону сүйөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️