Пример HTML-страницы

ЧАЧТЫН ТҮШҮШҮНҮН СИЗ БИЛБЕГЕН 8 СЕБЕБИ

https://kyrgyzcha.site/?p=58659&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЧАЧТЫН ТҮШҮШҮНҮН СИЗ БИЛБЕГЕН 8 СЕБЕБИ ЖАНА АНЫН КАНТИП АЛДЫН АЛЫШ КЕРЕК

 

Адам баласында күнүнө көптөгөн чач түшүп тураары белгилүү (эгер 100гө чейин болсо — норма), бирок ордуна жаңы чач чыгаарын билбейбиз. Эгер чачтын өсүшү акырындап, түшүүсү көбөйгөнүн байкасак, бул таз боло баштагандан белги берет. Ошондуктан, муну байкасаңыз, себебин издеп, тез арада чара көрүп башташ керек.

 

Өткөн айда чачтын түшүүсүнүн 7 себебин чыгарганбыз. Бүгүн ага жооп катары, анын алдын алуунун жолдорун кошуп чыгардык.

 

 

 

 

Чачтын түшүүсүн текшерүүчү жөнөкөй тест

Сиздин чач жайында экенин текшерүү үчүн атайын тесттен өтүңүз. Ал үчүн түшкөн чачыңызды кылдат караңыз. Эгер түбүндө боз мүшөкчө болбосо, анда кооптонбой эле койсо болот. Эгер мүшөкчө болсо, анда мындай тажрыйба жасап көрүңүз: чачты 3 күн жуубай, анан бир ууч кармап тартып көрүңүз. Эгер колдо бештен ашык чач калса, анда себебин издеңиз.

 

Чачтын түшүү себеби ар кандай болот. Негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

 

 

1. Иммунитеттин төмөндүгү

Аялдардын чачынын түшүшү иммунитетке байланыштуу, көбүнчө бул, сиздин организм алсыз болгондо, же катуу иштеп, вирус менен алышып жатканда болот. Көпчүлүк аялдар, чачтын түшүшү төрөттөн кийин же эмчек эмизген убакта башталганын белгилешет. Ошондой эле жөнөкөй суук тийүүдөн дагы чач түшөт. Бул көбүнчө эркектерге таандык.

 

Алдын алуу жолдору:

 

Муну менен күрөшсө болот. Врач менен бир кеңешип көрүңүз, иммунитетти көтөрүүгө кандай препараттарды колдонсо болоорун. Өзүңүздү диеталар менен кыйнабаңыз, андан көрө спорт менен машыгыңыз. Бул сиздин организмды чыңайт жана суук тийүү ооруларынан сактайт. Жыл сайын көлгө барып эс алыңыз, бул сиздин организмди чыйралтып, жетиштүү көлөмдө D витаминин алганга жардам берет.

 

 

2. Организмде темирдин жетишсиздиги

Темирдин жетишсиздиги, аялдарда айыз маалында же ар кандай диеталарды көп колдонгондон келип чыгат. Дайыма ачка жүрүүнүн жыйынтыгы – бул анемия, уйкучулук, жалпы алсыздык – бардыгы организмдеги темирдин жетишсиздигинин белгиси.

 

Алдын алуу жолдору:

 

Баштын терисинин саламатта болуусу жана анын функцияларын калабына келтирүү үчүн органзмдеги темирдин балансын толукташ керек. Витаминдер курсун ичсе болот, ошондой эле тамак-ашка курамында темир бар азыктарды колдонуу зарыл. Аларга: боор, балык жана уйдун эти, жумуртканын сарысы, кара нан, гречка жана овсянка кашалары, алма жана анар ширелери кирет

 

3. Ар кандай дарыларга реакция

“Бирөөнү дарылап – экинчисин талкалайбыз” деп бекер айтпаса керек. Көп дарылар баштын териси менен чачка таасирин тийгизүүчү касиеттерине ээ. Алардын эң күчтүүсү – химиотерапия. Бирок таасир берчү дарынын түрү бул эле эмес. Мындай жыйынтык берүүчү таблеткалар – жогору канбасымга каршы, кээ бир бойго бүтүрбөөчү дарылар, антидепрессанттар, жана кадимки эле аспирин.

 

Эмне кылуу керек?

 

Дарылануу курсуңуз бүтөөрү менен баштын териси менен чачтын өсүүсү калыбына келе баштайт (өтө оор оорулардан дарыланууну эсепке албаганда, мисалы, рак шишиктери). Бирок кээ бир онкологиялык оорулуулардын чачтары да толук калыбына келет. Врачтын кеңешисиз дарыларды ичүүнү токтотпош керек.

 

 

4. Баш терисинин инфекциялык оорулары

Себорея жана дерматит – бул баш терисинин инфекциялык оорулары, чачтын түшүшүнүн бирден-бир себеби. Дерматиттин чыгыш себеби сырткы күчтөрдөн жана организмдин ички абалынан (мисалы аллергия) көз каранды.

 

Эмне кылуу керек?

 

Дерматиттин чыгуу себебин аныкташ үчүн врачка кайрылышыңыз керек. Бул жерде, тилекке каршы, эч кандай баштын териси үчүн маска же чөп-чар жардам бербейт. Эң биринчи, ооруну айыктырыш керек.

 

5. Чачтын тамыры менен баш терисинине кандын жетишсиздиги

Дыга бир маанилүү себеби, баш кан тамырлары кан менен аз камсыз болушу. Мындай бузулуунун чыгыш себеби жалпы бир оору (жүрөк-кан тамыр, остеохондроз) же курамында кофеин көп суусундуктарды (кофе, күчтүү чай) көп ичүү. Бул суусундуктардын айынан тамырлар бат ичкерет. Ошондой эле алкоголь дагы, өзгөчө коньяк, беш терисине терс таасир тийгизет.

 

Эмне кылуу керек?

 

Күнүнө 1-2 чашкадан ашык кофе ичпеңиз. Деги эле бардык эле суусундук менен ичкиликтерди ашыкча иче бербеңиз. Спорт менен машыгыңыз, отуруп иштеген жашоо образыңызды өзгөртүңүз, күнүнө сейилдеп чыгыңыз, колдон келишинче көбүрөөк эс алыңыз.

 

 

6. Витамин менен микроэлементтердин жетишсиздиги

Көп убакта чачтын түшүүсү микроэлементтер менен витаминдин жетишсиздигинен болот. Өзгөчө бул жаздагы авитаминоз убагында көрүнөт. Ошондой эле спирт ичимдигин көп ичүү менен тамеки чегүү, витаминдердин бир тобун “кесип” кетет.

 

Кеңеш:

 

Жазында витамин комплекстерин ичиңиз, алдын ала врач менен кеңешкенден кийин. Ошондой эле жашылча-жемиштерди күнүмдүк рациондо көбөйтүңүз. Алар организмдеги витаминдер менен микроэлементтерди көтөрөт. Эсиңизде болсун: саламат организмде чач барпайып жалтырак көрүнөт, тырмактар сынбай сулуу болот.

 

7. Стресс

Дайым болуп турчу үйдөгү жана жумуштагы стресстен дагы чач түшөт. Көп нерв болсоң эле, биринчи белгилери көрүнөт. Чынында, стресс бир жолу болсо, анча маанилүү эмес. Бирок стресс хроникалык түрүнө өтүп кетсе, баштын кан тамырлары ичкерип, кан айлануу начарлайт да чач аябай бат түшө баштайт.

 

Кеңеш:

 

Антидепрессанттарга отурбаңыз. Андан көрө жалбыз же мелисса аралашкан чай ичиңиз. Негизи эле чөп маңыздары тынчтантып, бошоңдоткон касиетке ээ болот. Ошондой эле жалбыз жана ромашка аралашкан ваннага түшсөңүз болот. Эң негизгиси, жумуштан келгенден кийин уйкуңузду кандырып эс алыңыз, себеби, чарчоо кайра эле стресске алып келет.

 

9. Экологиянын таасири

Чачтын абалына региондогу экологиялык кырдаал дагы таасирин тийгизет. Абанын кирдеши, радиациялык фондун жогорулашы, ар кандай жаан-чачындар плюс туура эмес тамактануу – бул фактордун баары чачка гана таасирин тийгизбестен, бардык организмге таасир берет.

 

Кеңеш:

 

Эң жакшы чечим – бул экологиясы таза районго көчүп кетүү. Эгер ал мүмкүн болбосо, анда организмди таза тамак-аш менен камсыз кылуу керек жана стресстик абалга, өнөкөт ооруларга кабылбаганга аракет кылуу зарыл. Алар айлана-чөйрөнүн сизге кылган терс таасирин оңой кечирүүгө жардам берет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE