Көптөгөн кыздарыбыз чачтын түшүүсүн дарылоо үчүн эмне кылыш керек деп сурап жатышат. Ошол себептен сиздерге 3 пайдалуу кеңеш сунуштамакчыбыз:
Пияз, бал, чалкан майы (репейное масло) шампунь
Аталган ар бир ингредиенттен 1 аш кашык алып, аралаштырасыз. Аны башка сүйкөп, чачтын узундугуна карай жакшылап сүртүңүз. Жылуулап сүлгү менен ороңуз да, 1-2 сааттан кийин жууп таштаңыз.
Чалкан майы, какао, жумуртканын сарысы
3 аш кашык чалкан майын 1 чай кашык какао менен аралаштырып, 2 жумуртканын сарысын кошуңуз. Башка сүйкөп, массаж жасап, укалаңыз. Жылуулап ороп, бир сааттан кийин шампунь менен жууп салуу керек.
Бал, лимон ширеси, чалкан майы.
Баардык ингредиенттерден 2 аш кашыктан алып, аралаштырыңыз. Аралашманы стаканда кармап, меште кайнап жаткан идишке салып, ысытыңыз. Бал толугу менен эрип кетиши керек. Маска муздагандан кийин 2 жумуртканын сарысын кошуп, башка сүйкөйсүз. Жылуу сүлгү менен ороп, 1-2 сааттан кийин шампунь менен жууп салыңыз.
Маскаларды жумасына бир жолу, аз дегенде эки ай жасоо кажет. Натыйжасында чачтын түсү жакшырып, өсүүсүнө да таасир берет.