«Быштак боорсок»

https://kyrgyzcha.site/?p=51851&preview=true Пайдалуу кеңештер.

«Быштак боорсок»

Кандай азыктар керек?

Быштак: 400 г

Ун: 4 чоң кашык

Крахмал: 4 чоң кашык

Шекер: 4 чоң кашык

Жумуртка: 4 даана

Сода, туз: татымына жараша

Өсүмдүк майы: 1 л

Кантип жасалат?

Азыктардын баарын кошуп,

жакшылап аралаштырасыз.

Пайда болгон камырдан аз- аздан үзүп алып, бирдей

өлчөмдөгү тоголокчолорду

жасайсыз.

Кызып турган майга

тоголокчолорду салып

боорсоктой кылып

бышырасыз.

«Сырниктер»

Кандай азыктар керек?

Быштак: 500 г

Ун: 4 чоң кашык

Жумуртка: 2 даана

Шекер, туз, ванилин

Кактар: мейиз, өрүк, кара өрүк

Каймакмай: 50 г

Кантип жасалат?

Быштакка татымына жараша

шекер, туз, ванилин кошуп

жакшылап аралаштырасыз.

Быштак эзилип, жылмакай

болуп калууга тийиш.

Андан кийин унду кошуп

аралаштырсаңыз, коюу камыр

пайда болот.

Кактарды майда туурап аласыз.

Быштак камырынан бир

үзүмдөн алып тууралган кактан

бир аз кошуп, колуңуз менен

жалпайтып тегерекче

жасайсыз. Камыр колуңузга

улам жармашып жүдөтсө,

колуңузду муздак сууга салып

туруңуз.

Тегерекчелердин баарын

жасап алган соң көмөч

казандагы кызыган

каймакмайга саласыз.

Эки тарабын болжол менен бир

мүнөттөн кууруйсуз

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️