Бырыш — карылыктын биринчи белгиси

https://kyrgyzcha.site/?p=43568&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бырыш — карылыктын биринчи белгиси. Беттеги бырыштар менен туура күрөшүп, андан кантип коргонуу керектиги тууралуу кеп кылабыз.

 

 

Давлетова Мээрим, врач-дерматолог, косметолог: “Мончого көп түшкөндөр бат карыйт”

 

– Мээрим айым, Батышта жашаган айымдарга салыштырмалуу кыргыз айымдарынын бетине бырыш бат түшөт экен, буга эмне себеп?

 

– Бырыш туура эмес кам көрүүдөн пайда болот. Өнүккөн өлкөлөрдө апалары кыздарын жаштайынан косметологго алып барып беттин түрүн аныктап, ошого жараша кам көрүшөт. Бизде, тескерисинче, бетке туура эмес каражаттарды колдонуп, самын менен жуушат. Мындан тышкары биз тоолуу аймакта жашагандыктан, күндөн коргоочу бет майларды сөзсүз колдонуубуз керектигин билишпейт.

 

– Сизге канча жаштан баштап кайрылышат?

 

– Көбүнчө бет маселелери менен 14-15 жаштан өйдө кыздар келишет. Ал эми бырыш боюнча отуз төрт жаштан алтымыш жашка чейинки айымдар кайрылышат. Негизи эле отуз жаштан баштап бырыштар жайылып, көбөйөт. Бизге качан бырыштар көбөйүп кеткенде кайрылышат.

 

– Кандай ыкма же каражаттар менен бырыштардан арылтып жатасыз?

 

– Мен атайын түзүлгөн протокол боюнча иштейм. Бардык ыкмаларымды адамдарга тест жүргүзүлүп, колдонууга мүмкүн экени далилденгенде гана пайдаланам. Учурда биз колдонгон ыкмалардын бири — химиялык пилинг. Ал бырыштарга каршы каражаттардын негизинде бетти тазалоо. Бул кызматтын баасы 1300 сом. Аппараттын жардамы менен бырыштарды кетирүүчү RF-лифтинг жана фотожашартуу ыкмасы бар. Булардын баасы 1500дөн 3000 сомго чейин турат.Бетке ийне саюунун негизинде мезотерапия жана ботокс дагы кылабыз. Алар 2000 сомдон 12000 сомго чейин болот. Мындан тышкары укалоо аркылуу бырыштардан арылуу жолдорун колдонуп келебиз. Бул кызмат 1200 сом турат. Ошондой эле 200-500 сомго чейинки маскалар да бар.

 

– Ботокс, мезотерапия канча убакытка жетет?

 

– Убакыттын өтүшү менен бет мурунку калыбына келип калат. Жашыраак айым болсо, мезотерапиянын үч процедурасы бир жарым жылга чейин жетет. Андан улуу куракта болсо беш процедура болот. Кээ бир айымдар үч-төрт жылда бир келишет. Өздөрүн жакшы караган, сулуу бойдон карыгысы келген эжелер анча көп каражат кетпеген ыкмаларды колдонуп турушат.

 

– Жогоруда атап өткөн ыкмаларды өзүңүзгө колдонуп көрдүңүз беле?

 

– Бул тармакта иштеп келе жатканыма алты жыл болду. Безетки, бетти агартуучу каражаттарды колдонуп көргөм. Азырынча бетимде бырыш жок болгондуктан, бырышка каршы ыкмаларды колдоно элекмин. Аларды эжелериме, апама колдоном. Биринчи жолу ботоксту апама эч коркпой туруп сайгам. Колдун жеңилдигинен да көп нерсе көз каранды экен. Кардарларым менин колум жеңил экенин айтышат.

 

– Косметологдун кызматын пайдалана албагандар бырыштан өз алдынча кантип сактанышы керек?

 

– Эгер беттин териси кургак болсо, эч качан самын менен жууганга болбойт. Мындай учурда назик териге арналган гель колдонуу зарыл. Көп айымдардын бети аралаш түрдө болот. Бул учурда майлуу жерлерге бет май сүйкөбөй, кургак жерине гана сүйкөө керек. Мындан тышкары мончого эки айда бир жолу гана баруу сунушталат. Бууга отурууга да болбойт. Булар бетти кургатып жиберет да, бетти бир гана бырыш кылып койбой, купероз деген ооруга алып келет. Бул болсо беттин кызыл болуп кетиши. Ошондой эле бетти бырыштан коргоодо туура тамактануунун мааниси чоң.

 

Кола, фанта, сыяктуу суусундуктар бардык организмге, анын ичинде бетке да зыян. Майлуу тамактарды жеп семирип, кийин арыктаганда дагы бетти бырыштар каптайт. Андыктан майлуу тамакты азайтуу керек. Көп айымдар төрөгөндөн кийин бетиме бырыш түштү деп кайрылышат. Бул болсо витаминдердин жетишсиздигинен кабар берет. Анткени кош бойлуу кезде витаминдердин баары балага өтүп, кийин эмизгенде дагы эмчектин сүтү менен витаминдер кетет. Андыктан витаминдерге бай азык-түлүктөрдү колдонгонго аракет кылып, шарт болсо уйку канганча уктоо керек.

 

 

Бырыштарга каршы косметика:

 

Өзгөчө бет май, маскаларды колдонууда сак болуу керек. Бет май тандоодо беттин түрүн жана мезгилди эске алып, чыккан күнүнө көңүл буруу зарыл. Бырыштар кургак бетте пайда болгондуктан, курамында гиалурон кислотасы бар бет май алуу керек. Ал өз кезегинде суу молекулаларын тартып жана сактоо касиетине ээ. Кышында азыктандыруучу, жайында нымдандыруучу бет майларды колдонуу менен бетке туура кам көрө алабыз. Өзгөчө баса белгилей турчу нерсе, безеткиге каршы бет майлардын баары бетти кургатат. Аны безетки бар аймакка гана колдонуп, көздүн тегерегине сүйкөгөнгө таптакыр болбойт. Көздүн тегерегиндеги тери эң эле жука болот, ошон үчүн ал жакка бырыш биринчи түшөт. Бет май алардан мурун косметологго кайрылуу сунушталат. Беттин түрүн билгенден кийин гана ошого жараша бет май алуу керек. Бет майдын кандай экенин билбей туруп колдонгондо, ал бетти өтө майлуу кылып, же тескерисинче, кургатып салат. Косметологтон консультация алуу 200-500 сомго чейин болот.

 

 

Бырыштан үй шартында арылуу:

 

Майдаланган 15 гр алманын пюресине, 15 мл бал жана бир жумуртканын сарысын аралаштырып, кечкисин жатар алдында бетке сүйкөп туруу керек.

 

Алоэ гүлүнүн бир сабын 10 күнгө муздаткычка салып, андан кийин 15 мл ширесин сыгып алуу керек. Ал суюктукка ошондой эле өлчөмдө зайтун майын кошуп, бир канча мүнөт аралаштырган соң, беттеги бырыштардын үстүнө сүйкөө керек.

 

15 гр майда эзилген бадыраңга 15 гр эзилген кара карагатты кошуп, ошол эле өлчөмдөгү каймак менен аралаштырып жука кылып бетке сүйкөңүз.

 

Бир чай кашык быштакка бир кашык туз кошуп аралаштырып бетке сүйкөп, 15-20 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен жууп, жатар алдында муздак суу менен дагы бир ирет жууп жатуу зарыл.

 

Эзилген бир кашык бананга ошол эле өлчөмдө бал, быштак, жана бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштыруу керек. Даяр масканы бетке сүйкөп, он беш мүнөт кармайсыз. Бул масканы бир нече күн кайталоо зарыл.

 

Газы жок таза суу бетке бырыштын эрте түшүүсүн алдын алат. Ал мимикалык бырыштарды жоготуп, беттин терисин жашартуу касиетине ээ. Сууну көп ичүү бир гана беттеги бырыштарга эмес, ден соолукка дагы пайдалуу экени сыр эмес.

 

 

Бырышка каршы көнүгүүлөр

 

Төмөнкү көнүгүүлөр беттеги булчуңдарды бекемдеп, терини жумшартып беттин ийкемдүү болушун шарттайт. Жакшы натыйжага жетүү үчүн күн сайын эртең менен жана кечинде жасоо керек. Көнүгүү жасоонун алдында бетти жууп, манжалар менен беттин ылдыйкы тарабынан өйдө жакты көздөй бат-баттан укалап басуу шарт. Муну менен беттеги кан жүгүрүү тездейт. Көнүгүүлөрдүн соңунда бетти дагы бир ирет жууп, терини жумшартуучу бет майдан сүйкөңүз.

 

Чекедеги бырыштарга каршы:

 

Эки колдун манжаларын чекеге коюп, катуу ылдый көздөй басабыз. Бул убакта кашты өйдө көтөрүп, колдун ылдый жылышына тоскоолдук кылуу керек. Ушундай абалда 5 секунд кармап, он жолу кайталоо зарыл.

 

Эки колдун манжаларын чекеге коюп, өйдө карай катуу басуу керек. Ошол эле учурда кашты ылдый кылып, 5 секунд кармап, он жолу кайталайсыз.

 

Эки каштын ортосундагы бырыштарга каршы:

 

Сөөмөй менен каштын башталыш жерин катуу басып, каштын үстүнөн беш жолу сүртөбүз. Бул ыкманы бир күндө үч-төрт жолу жасоо керек.

 

Каштын ортосундагы бырыштын үстүн сөөмөй менен катуу басып беш секунд кармаган соң, бир мүнөт эс алып он жолу кайталоо зарыл.

 

Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы:

 

Эки колдун сөөмөйү менен көздүн тышкы бурчтарын кармап өйдө тартуу керек. Бул учурда көздү жумуп, көздүн карегин он жолудан солго жана оңго айлантуу зарыл.

 

Эки колдун манжаларын көздүн алдына коюп, акырын ылдый тартуу керек. Ошол эле учурда көздү жумуп өйдө көтөргөн абалда беш секунд кармаган соң, коё берип он жолу кайталоо шарт.

 

Жаактагы бырыштарга каршы:

 

Оозго абаны толтуруп, жаак жана беттин тегерегин манжалар менен баскылаңыз. Ооздон абаны чыгарбаганга аракет кылуу керек. Бул көнүгүүнү беш секунд жасап, бир күндө он жолу кайталаңыз.

 

Кийинки көнүгүү күзгүнүн алдында туруп, алакандар менен жаакты өйдө карай чаап чыгуу керек. Бул көнүгүү жаак булчуңдарын бекемдейт.

 

Эрин жана ээк бырыштарына каршы:

 

Эриндерди алдыга түртүп беш секунд кармап, беш секунд эркин коюп, он жолу кайталайсыз.

 

Мурун менен терең дем алып, ооз аркылуу шашпай демди чыгарасыз. Бул көнүгүүнү бир күндө 10-15 жолу кайталоо зарыл.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️