БУЛ 6 АДАТТЫ ТОКТОТ – СЕНИН ЖАШООҢ 100% ИЙГИЛИККЕ КЕЛЕТ
1. Өзүңдү актаганды токтот
Ийгиликтүү адамдар үй-бүлөөсүн, жетекчилигин, чогуу иштешкендерин өзү жетпеген ийгилиги үчүн күнөөлөбөйт. Алар өзүнүн жашоосуна өзү жоопкерчиликте экенин сезишет. Муну туура деп табышат – ошондо гана бир нерсе өзгөртүп же оңдош колунан келээрин билишет.
Эгер актанып баштасың – сен өзүңду алдап, алдыга жылганга тоскоол болуп жатасың.
2. Перфекционизмди токтот
Кемтиксиздикке жетиш мүмкүн эмес, аны кубалоо – убакытты текке кетирүү. Катачылык менен физикалык жетишсиздиктерге кайгырып ойлонгуча, мейкиндикке түз карап кийинки кадамды жаса. Кичинекей болсо дагы, сени үчүн пайдалуу болот.
Эч ким кемтиксиз эмес, бирок ар ким өзүң өркүндөтүүгө жол ача алат.
3. Коркууну токтот
Көпчүлүк дайыны жок эле өз мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгара берет. Талкуу убагында, айта турган сөзү бар болсо дагы үн катпай отурат. Алар тобокелдикке баргандан качышат. Дайым жаман сценарийди күтүшөт.
Мындай жол адамдын потенциалын ачканга тоскоолдук кылат, ошондуктан аны таштап, эр жүрөк бол. Айт, өз оюңду корго жана максатка активдүү кадам ташта.
4. Баарын көзөмөлдөөнү токтот
Баарын көзөмөлдөп туруу мүмкүн эмес, жана ага аракет кылуунун кажети да жок. Сен антип ийгиликке жетишпей эле, стресске, көңул калууга жана кайгырууга кабыласың
Сага баш ийбөөчү нерселерге көңүл бурба, эмне колуңан келсе, ошого көбүрөөк көңүл кой.
5. Чектөөнү токтот
Көп адамда реалдуулукту кабыл алуу калыптанып жана чектелип калган, ал, андан бир нерсе үйрөнгөнгө жана ийкемдүү болууга жолтоо болот. Бул ага ийгиликтүү болгонго жол бербейт, себеби ал өткөн чакта камалап калган.
Билимди барктагыла, чектебегиле: акылдуу болуш эч качан кеч эмес, билимдин чеги жок.
6. Баарын бир убакта күткөндү токтот
Адамдар жол болуучулукка байланышкан, дароо келчү ийгиликке ишенишет. Кээде андай ийгилик болот, бирок жол болуучулукка ишенген туура эмес.
Чынында, ийгилик үчүн убакыт жана аракет керек, ошондуктан болочокту, эртеңки күндү пландагандай эле акылдуулук менен пландагыла.