Ашканада, сулуулукта лимондун көп эле пайдалуу касиеттерин билебиз. Ал эми үй тиричилигинде лимонду ар кандай максатта колдонууга болоорун көпчүлүк биле бербейт.Айрыкча химиялык тиричилик каражаттарынан аллергиясы барлар үчүн лимон эң мыкты жардамчы.
Лимонду такты кетирүү максатында колдонсо болот. Лимон ширеси менен бир аз тузду аралаштырып, бул аралашманы так болгон жерге сыйпайсыз. Бир аздан соң жууп саласыз.
Кийимдеги кандан, атүгүл даттан калган такты кетирүүдө да лимон пайдаланылат. Кийимдин ошол жерине бир аз лимон ширесин төгүп, анын үстүнө туздан себелейсиз да, кийимди күнгө жайып коёсуз. Бир нече сааттан кийин карасаңыз тактан дайын калбайт.
Ак түстөгү кийим, дасторкон же башка буюмдар убакыттын өтүшү менен саргара баштайт. Мындай учурда аларды лимон ширеси кошулган сууга кайнатсаңыз болот.
Конок тоскондун эртеси дасторкондо пайда болгон винонун, сыранын тактарын кетирүү үчүн да лимон жардамга келет. Ал үчүн ортосунан бөлүнгөн лимондун жарымы менен так болгон жерди сүргүлөп, күнгө бир аз жайып коёсуз. Андан соң дасторконду таза жууп, жакшылап чайкап саласыз.
Үйдү жыйнап-тазалоодо да лимондун пайдасы көп тиет. Ваннадагы жана ашканадагы крандарды лимондун кабыгы менен сүртүп, андан кийин самын суу менен жууйсуз да, анын артынан кургак чүпүрөк менен сүртүп чыксаңыз, алар жаркырап калат.
Ушул сыяктуу эле лимон металл мискейлерди да жалтыратат. Ал үчүн мискейлериңизди лимондун кабыгынын ич жагы менен сүртүп, андан соң жууп саласыз.
Эгер үйүңүздө майда кумурскалар пайда болсо, кумурсканын чыккан жерине лимон ширесин сүртүп коюңуз. Бир канча убакыттан кийин аракетиңиздин жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.
Лимондун дагы бир жакшы касиети — башка жемиштер салынган идишке лимонду кошуп салып койсоңуз, ал жемиштердин бузулуусунан сактайт. Ошондой эле быша элек бананды тезирээк бышырат.
Тамак жасоодо колуңуз балык, пияз, сарымсак жыттанып калса, колуңузду, сиз пайдаланган бычакты, тактайды лимон менен сүртүңүз. Андан соң жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан эч нерсе калбайт.
Кичи толкундуу мештин ичиндеги жагымсыз жыттан арылуу үчүн лимондун бир нече кесимин жана бир пиала сууну мештин ичине коюп, аны максималдуу кубаттуулукта 2 мүнөткө иштетип коюңуз.
Ушул сыяктуу эле лимон муздаткычтын ичиндеги жагымсыз жытты да өзүнө сиңирип алат. Ал үчүн лимонду экиге бөлүп, аны бир нече убакытка муздаткычка салып коюңуз.
Мээнин жакшы иштөөсү үчүн кайсы азыктарды жеш керек?
Мээ да башка органдар сыяктуу эле биздин кам көрүүбүзгө муктаж. Төмөнкү азыктар эске тутуунун жакшырышы, мээнин бир нерсени тез кабылдашы, кыскасы, анын жакшы иштеши үчүн зарыл болгон азыктар.
1.Жаңгак
Жаңгактын сырткы көрүнүшү бекеринен мээнин кыртыштарына окшош эмес. Бул азыкта мээнин ишин жакшыртуучу жана эске тутууну бекемдөөчү лецитин аттуу зат бар. Жаңгак — мээнин өз убагынан эрте картаюусунун алдын алат. Күнүнө 5 даанадан жаңгак — бул бир суткалык норма.
2.Какао
Какаодо флаванол деген антиоксидант бар. Ал мээдеги кан айланууну жакшыртат. Медиктер жашы өтүп бараткан адамдарга күнүнө бир стакандан какао ичип туруусун сунуштайт. Ал склероздун өнүгүүсүнүн алдын алат .
3. Оливка майы
Бул азык мээнин иштеши үчүн зарыл болгон майлуу кислотага бай.
4.Балык: лосось,
сардина, сельдь, форель
Йодго бай бул балыктар акылдын тунуктугун жакшыртат . Ошондой эле булардын курамында омега-3 майлуу кислотасы бар. Ал кандагы холестериндин деңгээлин туруктуу сактап, кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Натыйжада, жүрөк менен мээ эң жакшы иштейт. Эгерде адам күнүнө 100 граммдан балык жеп турса, мээнин кабыл алуусунун тездегени байкалат.
5.Помидор
Помидордо ликопен аттуу антиоксидант бар. Ошондой эле бул азык мелатонинге бай.
Ал мээнин клеткаларын картаюудан
сактайт .
6.Кара карагат
Кара карагат — С витаминин булагы. Бул витамин акылдын тунуктугун жакшыртат . Ошондой эле мындагы полифенолдор жаш курактын өтүшү менен пайда болгон мээ ооруларынан сактайт .
7.Брокколи капустасы
Брокколи — мээнин ишин жакшыртуучу К витамининин булагы. Ошондой эле капустада бор бар. Бул микроэлементтин организмде жетишсиздиги мээнин активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып барат.
8.Ашкабактын семичкеси
Ашкабактын семичкесинде цинк көп. Ал эске тутууну жакшыртат жана мээни бат кабылдоого мажбурлайт . Жарым стакан семичке — бул микроэлементтин бир суткалык дозасы.
9.Алма
Алма ширеси эске тутуунун начарлашынан жана акыл-эстин төмөндөшүнөн сактайт . Ошондой эле алма ойдун бир жерге топтолушуна жардам берет.
10.Кызыл шарап
Кызыл шараптын мээнин нерв клеткаларынын иммунитетин көтөрөөрүн окумуштуулар изилдешкен. Ошондой эле ал мээнин кан тамырларындагы жаш курактык өзгөрүүнүн ылдамдыгын жайлатат жана инсульттун алдын алат. Бирок шарапты чеги менен колдонуу зарыл, болбосо, баары тескерисинче болуп калышы мүмкүн.