БИЛЕГИҢИЗДЕ КАНЧА СЫЗЫК БАР? 3 ЖЕ 4?
Колду карап адам тууралуу айтуу, же хиромантия жүздөгөн жылдар мурун эле белгилүү. Аны индус астрологдору ойлоп табышкан. Бул тууралуу биринчи жолу Кытай китептеринде жазылган, кийин хиромантия Чыгыш Азияга тез тарап кеткен. Бүгүнкү күндө хиромантия – активдүү колдонулган искусство.
Колду окуунун эң жөнөкөй ыкмасы, алакан карап да кереги жок, билек гана жетиштүү. Билекте өзүнүн браслет-сызыктары болот. Канчалык сызык көп болсо, адам ошончолук көп жашайт деп айтылат. Көбүнчө 2-3 сызыктуулар кезигет, бирок 4 сызыктуулар да болот. Ар бир сызыктын өзүнүн мааниси бар жана адам тууралуу маанилүү нерселерди айтат. Биринчи сызыктын жардамы менен ден соолукка байланыштуу нерселер айтылат.
Демек, ар бир сызык кандай мааниге ээ:
Биринчи сызык: эң маанилүүсү, адамдын ден соолугу тууралуу айтат. Эгер ал үзүгү жок жана так көрүнсө, демек адамдын ден соолугу жакшы. Эгер үзүктөр болсо жана так көрүнбөсө, адамдын алсыздыгынан кабар берет.
Ошондой эле, гендердик дагы айырмалары бар. Эгер аялдыкы үзүк болсо, демек гинекологиялык жактан көйгөйү бар, мисалы бойго бүтүү менен көйгөйлөр. Эркектики болсо простата же репродуктивдик ситема менен көйгөйү бар.
Экинчи сызык: бул сызык байлыктын деңгээлин көрсөтөт. Эгер узун жана так көрүнгөн болсо, анда кең жана бакубат келечек күтүп турат.
Үчүнчү сызык: бул сызык адамдын колунда бар бийликти көрсөтөт. Дагы эле, канчалык так көрүнсө, жыйынтыгы ошончолук жакшы. Эгер үзүгү жок жана так көрүнгөн болсо, сиз аябай беделдүү адам болосуз.
Бул үч сызыгы бар адамдар 69 жаштан 84 жашка чейин жашайт деген кепилдик бар.
Төртүнчү сызык: эң сейрек кездешкени. Ал үчүнчү менен параллел болот, ошондуктан ага байланыштуу. Бул сызыктын бар болушу, сизде бийлик эле эмес, жашоодо сизден ажырабаган, накта туруктуу позицияңыз бар экенинен кабар берет. 4-сызыгы бар адамдар 84 жаштан узак жашашат.