Бетиңиз кургап жатабы?

https://kyrgyzcha.site/?p=46522&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бетиңиз кургап жатабы?

Теринин кургашы, колдун жарылып кетүүсү көпчүлүк учурда витаминдин жетишпестигинен келип чыгат. Сиздер үчүн бул көйгөйдөн арылуу үчүн жөнөкөй жана арзан рецепт сунуштамакчымын.

 

Кастор майына глицеринди тең өлчөмдө куюп, ага аевит капсулаларынын 1 пачкасын тешип сыгып кошуп коюңуз. Даяр болгон майды күн сайын колуңузга, бетиңизге сүйкөп жатыңыз.

 

10-15 күндө кашыңыз, кирпигиңиз калың болуп, териңиз жуп-жумшак болуп кетет.

 

Бетиңиз майлуу болсо кашыңыз менен кирпигиңизге жана колуңузга сүйкөңүз. Согончокту да ушул май менен жумшартса болот. Бутка сүйкөп целофан менен ороп, байпак кийип жатып алыңыз.

 

Жыйынтыгы сизди көп күттүрбөй байкалат. Баардыгы дарыканаларда сатылат жана кымбат эмес.

 

Эскерте кетүүчү нерсе колго чыккан ар кандай кара тактарды кастор майын ар дайым сүйкөп туруу аркылуу кетирсе болот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️