Бешенеге жазылуу жана эркин тандоо

https://kyrgyzcha.site/?p=44438&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бешенеге жазылуу жана эркин тандоо

Тагдыр маселесин философтор дагы, кудайчылдар дагы илгертен бери талкуулаган абдан татаал маселе. Дээрлик ар бир дин тагдырдын табияты тууралуу бир аз эскерип өтөт. Тагдырга ишенгендерди эки негизги топко бөлсөк болот. Тагдырга болгон жалпы сокур сезимге жетеленгендер тагдырды ар бир чоӊ нерсе дагы, кичине нерсе дагы Алла таала тарабынан алдын ала аныкталып жазылат деп сүрөттөшөт. Бул пикир жалпы элден сырткары жашашкан суфийлердин кандайдыр бир табышмактуу секталарында кеӊири таралган. Алар адамзат эч нерсени контролдой албайт дешет. Бардыгы алдын ала белгиленген. Андай болгондон кийин, болуп жаткандын баары – Алла таала гана билген, тагдырдын чоӊ планынын ишке ашканы. Бул иш жагдайлардын планынын абдан татаал концепциясы жана ал сөзсүз кылмыш менен жазанын, жазалоо менен сыйлоонун суроосуна такайт. Эгер адам оюндагысын кыла албаса, анда анын кылгандары үчүн жаза да, сыйлоо да болбош керек. Эркин тандоонун дагы бир башка көз карашы – адам кандай гана чечим чыгарбасын, кандай гана иш-аракет кылбасын, иш жүзүндө тагдыр эч кандай роль ойнобойт. Тагдырды талкуулоонун учурунда дагы бир маанилүү философиялык маселе андан ары татаалдыктарды киргизип, талашка алып келет. Ал – Алла тааланын алдын ала билүү маселеси. Алла тааланын алдын ала билүүсүнүн болочокто боло турган нерселерге кандай тиешеси бар? Аталган суроого берилүүчү жоопту бул талаштагы эки тарап теӊ начар чечмелеген. Биздин максатыбыз сөзсүз эле тагдырга ишенгендердин же ишенбегендердин тыянактарынын салыштырмалуу жагдайлары тууралуу узун талкууга кирип кетүүнү сунуш кылбай, Исламдын көз карашынан сүрөттөөгө гана аракет кылабыз.

 

Тагдырдын көптөгөн категориялары бар, ар бири бир эле убакта иштеп, өзүнө тиешелүү болгон операциянын тармактарында белгилүү ролду ойнойт. Табияттын мыйзамы эӊ жогорку ролду ойнойт жана эч ким алардын таасиринен сырткары эмес. Бул нерселердин жалпы башкы планы болуп, тагдырдын кеӊири концепциясы катары сунуштоо болот. Кимде-ким табияттын мыйзамдарына тереӊ түшүнүү менен баш ийсе, ал баш ийбегендерге караганда, көбүрөөк үстөмдүккө ээ болот. Андай адамдар тагдырды дайыма туура пайдаланышат жана өздөрү үчүн жакшыраак жашоо шарттарын түзүшөт. Бирок, табият мыйзамдары тарабынан алардын жакшы же жаман болуусуна карата эч кимисинин кандайдыр бир өзгөчө тайпага ээ болуусу алдын ала белгиленип коюлган жок. Европадагы Ренессанстан мурда келген мусулман дүйнөсү табият мыйзамдарын түшүнүүдө биротоло өөрчүгөн ориентацияга жеткен убактысы болгон. Андыктан, мусулмандар ушул билимдин аркасынан пайда алып турушкан. Кийинчерээк бул калыс, таза жана жарык ойдон чыккан табият окуусу Батышка көчкөндө, ал окуу Батышка билимдин жаӊы жарыгын алып келди. Ал эми Чыгыш үмүттүү ой жүгүртүүнүн, ырым-жырымдарга ишенүүнүн жана кыялдануунун узак жана караӊгы түнүнө сүӊгүп бата баштады. Албетте, бул өзү – тагдыр, бирок башка түрдөгүсү. Бул тагдырга байланыштуу алдын ала тагдырлашкан жалгыз гана мыйзам: Ал – «кимде-ким калыстыктан качпай табиятты изилдесе жана өзүн табияттын мыйзамдарына баш ийдирип, алар аны кандай жетелесе да, ошондой жетеленсе, ал түбөлүк прогресстин жолуна түшөт» деген өзгөргүс мыйзам. Бул бардык нерселердин үстүнөн жеӊүүчү тагдырдын жалпы жана бүтүндөй таралып кетүүчү категориясы, ал эми динге байланышкан тагдыр мыйзамы болсо, башка кеп.

 

Динге байланыштуу тагдырды – талкууга алуудан мурда, биз табият мыйзамдарынын универсалдуу тагдырдын кээ бир аймактарын, андан нары изилдешибиз керек. Глобалдык колдонууда, алар жалпы түшүнүктөн башкача алдын ала аныктоонун кээ бир мүнөздөмөлөрүн чагылдырат. Бул мааниде, жада калса, алыстагы күндүн бетиндеги тактардай окуялар роль ойногон, абдан татаалдашкан экосистеманы көрсөткөн атмосфералык баланстарда сезондук же мезгилдик өзгөрүүлөр жөнүндө сөз козгоп жатабыз. Ошол сыяктуу эле планеталар жер жүзүндөгү аба-ырайынын, климаттын жана ушул сыяктууларга тиешелүү айырмачылыктарына байланышкан белгилүү өзгөрүүлөргө таасирин тийгизет. Бул олуттуу таасирлер (көбү аныктала элек, түркүн факторлор тарабынан чыккан) климаттагы агымдын өзгөрүүлөрү менен бирге, кээде жердеги өсүмдүк жана жаныбарлардын жашоосунун өсүү өзгөчөлүктөрүнө байкалбас өзгөрүүлөрдү алып келет. Мындан тышкары жердин бир бөлүгүнөн башкасында, кургакчылык жана сезондук өзгөрүштөрүнө байланышкан түрдүү факторлор бар. Муз доору менен глобалдык жылуулануунун алмашуусу эч нерсе болбостон, ар түркүн космикалык таасирлердин натыйжалары. Ошондой болгон менен, бул күчтүү таасирлер жер жүзүндөгү жеке инсандын жашоосуна өзгөчө таасир бербейт, бирок акыр аягында жеке инсандар Homo Sapience үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгондуктан, алар кайсы бир деӊгээлде таасирге дуушар болушат.

 

Ар бир адамдын өмүрү алдын ала сызылган жана анын жакшы менен жаман, туура менен туура эместин ортосунда тандай турган эрки, же тандаганга укугу жок экендигин күбөлөндүргөн эч нерсе жок. Ыйык Куран чечкиндүү түрдө мажбурлоо түшүнүгүн четке кагат жана ар бир адам жакшы менен жамандын ортосунда анын бирөөсүн тандаганга эркин деп ачык айтат:

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️